Лев Выготский: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
(Айырма жок)

19 январь 2019, саат 12:20 учурдагы нуска

Туулган жылы:

5 (17) -ноябрь 1896(1896-11-17)

Туулган жери:

Орша, Орусия империясы

Каза болгон жылы:

11 -июнь 1934(1934-06-11) (37 жаш)

Каза болгон жери:

Москва, СССР

Илимий чөйрөсү:

Психология, Дефектология, Педология, Адабият таануу

Иштеген жери:

Москвадагы мамлекеттик эксперименталдык психология институту, Эксперименталдык дефектологиялык институт

Илимий даражасы:

Москвалык мамлекеттик университет

Белгилүү окуучулары:

А. Н. Леонтьев, А. Р. Лурия, А. В. Запорожец, Л. И. Божович

Лев Семенович Выготский (Баштапкы ысымы — Лев Симхович Выгодский; 5 (17) ноябрь 1896, Орша, Орусия империясы — 11 июнь 1934, Москва) – орус психологу. «Жогорку психологиялык функцияларынын өнүгүү тарыхы» (1831) деген эмгегинде адамзаттын цивилизациясынын баалуулуктарын индивиддин өздөш-түрүү процессинде, психиканын өнүгүүсүнүн маданий, тарыхый теориясын иштеп чыккан.

Жаратылыш берген («натуралдык») психикалык функциялар, өнүгүүнүн жогорку деңгээлинин («маданий») функциясына кубулуп өтүп кетет. Мисалы: механикалык эске тутуу логикалыкка, импульстуу аракет – каалагандай кыймылга, ассоциативдик элестер – максаттуу ой жүгүртүүгө, чыгармачыл элестүүгө өтүшү. Бул процесс – интерриоризациянын натыйжасы.

Выготскийдин теориясы боюнча балдардын дүйнөнү кабылдоосу, түшүнүүсү айланасындагы адамдар менен кызматташуунун натыйжасында калыптанат. Ал «Өнүгүүнүн жакынкы зонасы» идеясын сунуш кылган. Балдар үчүн кабылдоого оор болгон тигил же бул проблема чоңдордун же тажрыйбалуу кишилердин жардамы менен чечүүгө мүмкүн болгондой абалга келет. Жардамчылар менен дайыма кызматташып туруу жеткинчектин тигил же бул проблеманы оңой чечип, өзүнүн жеке турмуштук тажрыйбасы катары кароого мүмкүнчүлүк түзөт. Бала акырындап айрым маселелерди өз алдынча чечүүгө үйрөнөт.

Выготский 10 жыл бою дефектология тармагында эмгектенген. Москвада аномалдуу балдар психологиясы лабороториясын негиздеген (1925-1926). Аномалдык балдардын өнүгүүсүнүн жаңы теориясын иштеп чыккан. Чыгармачылыгынын акыркы жылдарында ойдун жана сөздүн катышы проблемалары, түшүнүктөрдүн онтогенездеги өнүгүшү, эгоцентристтик сөздүн көйгөйлөрүнүн жана башка темалардын үстүндө иштеген.

Ата мекендик жана дүйнөлүк психология, педагогика, дефектология, искусствого киришүү, философия сыяктуу илимдеринин өнүгүшүнө өз салымын кошкон.

Колдонулган адабияттар

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,