Калмурат Садиев: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Created page with "'''Садиев Калмурат''' (1948-ж. т., Көдүл айылы) - генерал-лейтенант (2003). Юридика илимдеринин кандидаты...."
 
 
(Айырма жок)

29 январь 2019, саат 17:58 учурдагы соңку нуска

Садиев Калмурат (1948-ж. т., Көдүл айылы) - генерал-лейтенант (2003). Юридика илимдеринин кандидаты.

  • Ташкен жогорку жалпы аскер-командалык окуу жайын (1971), Фрунзе атындагы аскер академиясын (1984), Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин (1998) бүтүргөн.
  • 1964-67-ж. “Нарынгидроэнергиякурулуш” ишканасында иштеген.
  • 1971-78-ж. взводдун, ротанын командири,
  • 1978-81-ж. Венгрия Эл Республикасындагы Түштүк аскер тобунун батальондук штабынын начальниги, батальондун командиринин орун басары, командири,
  • 1984-85-ж. Орто Азия аскердик округунда оперативдик штабдын офидери, начальниктин улук жардамчысы, оперативдик бөлүмдүн начальниги, Кыргыз Республикасынын коргоо министрлигинин башкы штабында начальниктин орун басары,
  • 1989-93-ж. Сирия Араб Республикасында Президенттик гвардиянын аскердик кенешчиси болуп иштеген.
  • 1995-2002-ж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары. 2002-жылдан Кыргыз Республикасынын чегара кызматынын төрагасы. Качкындар жана миграция маселелери боюнча бир нече илимий эмгектердин автору. Союз мезгилинде СССР менен АКШнын ортосундагы РМД (жакынкы аралыкка атылуучу ракеталар) ракеталарын кыскартууга өз салымын кошкон. “Манас-1000”, “0ш-3000”, “Курманбек-500” маарекелеринде уюштуруучулук иштерди жүргүзгөн, Баткен, Чаткал окуяларында, Барскоон, Сузак кырсыктарынын кесепеттерин жоюуда, Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосунда келишим түзүүдө, о. эле техникалык жардамдарды алууда да зор салым кошкон.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Токтогул району: Энциклопедия/ Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. колл.: О. Ибраимов (төрага) ж. б. - Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2005. 292 б., ил. ISBN 9967-14-030-5