Акылбек Абдыкалыков: нускалардын айырмасы

Википедия дан
(Айырма жок)

30 январь 2019, саат 06:59 учурдагы нуска

Абдыкалыков Акылбек (1948-ж. т., Сокулук району, Шалта айылы) — артист, режиссёр.

Өмүр таржымалы

1972-ж. А. В. Луначарский атындагы Москва мамлекеттик театр өнөрү институтун бүтүргөн. 1972—79-ж. Ош Кыргыз драма театрында актёр, 1979—81-ж. Кыргызстан радио уктуруу жана телекөрсөтүү комитетинде режиссёр болуп иштеген. 1981—83-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык театрында актёр, 1983—87-ж. К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драма театрында актёр, 1987—90-ж. ошол эле театрда режиссёр жана актёр, 1990—92-ж. ал театрдын директору жана режиссёру, ал эми 1992-жылдан театрдын директору болуу менен катар көркөм жетекчи да болуп иштейт. Абдыкалыковдун чыгармачылыгы граждандык темпераменттуулугу, ролду ача билгендиги менен айырмаланат.

Аткарган көрүнүктүү ролдору

Шамшы (А. Дыйканбаев, «Мүрөктүн суусу»), Адылбек Жайнаков (Т. Абдумомунов, «Эч кимге айтпа»), Сараң рыцар (А.С.Пушкин, «Сараң рыцар»), Момун (Ч.Айтматов, «Ак кеме»), Профессор (М. Гапаров, «Кадыр түн»). Лука (Максим Горький «Түпкүрдө»), Сэр Тоби (Уильям Шекспир, «Он экинчи түн»), Шаар башчысы (Н. Гоголь, «Текшерүүчү»), Искендер (М. Гапаров, «Күнөстүү арал»), Матех (А. Несин, «Жүрү бери»), Пах-Пах-Дев (Г. Нахуцришвили, «Чинчрака»), Профессор (Ж. Садыков, «Өлүп тирилгендер»).

Кинофильмдерде аткарган ролдору

Алибек («Мен - Тянь-Шань), Осмон («Кайчылаш жолдор», О. Айтымбетов).

Kойгон спектаклдер

«Жан биргем Электра» (Л. Дюрка), «Мен сүйгөн обон» (Б. Калчабаева), «Темир корук» (М. Гапаров), «Элеттик анекдоттор» (А. Вампилов), «Сынган мазар» (3. Сооронбаева), «Түнкү шоола» (Л. Разумовская). Бүткүл союздук жаштар чыгармачылыгынын лауреаты.
Кыргыз Республикасынын эл артисти. Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, 1978.

Колдонулган адабияттар

  • Чүй облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.

Айрым шилтемелер