Кыпчак кыргыны: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Кыпчак кыргыны''' – 1850–жылдардын башында Кокон хандыгында болуп өткөн кандуу окуя. Кыпчак бий..."
 
мNo edit summary
13-сап: 13-сап:
[[category:Көркөм өнөр]]<br>
[[category:Көркөм өнөр]]<br>
[[category:Илим]]<br.
[[category:Илим]]<br.
[[Category:Кыпчактар]]

4 февраль 2019, саат 13:04 учурдагы нуска

Кыпчак кыргыны – 1850–жылдардын башында Кокон хандыгында болуп өткөн кандуу окуя. Кыпчак бийи Мусулманкул 1844 –жылы 14 жаштагы Кудаяр хандын регенти (аталык) болуусу менен ордодо бийликке келгенден баштап, хандыктагы саясий бийлик иш жүзүндө кыпчактардын колунда болгон. Жер жерлердеги бийлик орундарына кыпчактар дайындалып, мунун өзү отурукташкан калктын, көчмөн кыргыз төбөлдөрүнүн нааразылыгын туудурган. Кокон хандыгында ошол эле учурда кыпчактардын эки тобунун ортосунда да саясий атаандашуу күчөп, ич ара кагылышуулар башталган. Мусулманкулдун бийлигине каршы алайлык Алымбек датка баштаган кыргыздар гана эмес, ошол кездеги Ташкендин кушбеги Нармамбет кыпчак да оппозицияда болгон.
1850-51 – жылдары Нармамбет ташкендик казак, таластык, чүйлүк кыргыздардын бий манаптарын колго алуу менен абалын бекемдеп, Мусулманкулга ачык каршы чыккан. Аны ордодо да бир топ өзбек, кыргыз, атүгүл кыпчак феодалдары колдошкон. Кудаяр хандан колдоо алышкан кыпчактарга каршы топ 1851–жылы кыпчактарды кыргынга алуу демилгеси менен чыгышып, Кокон шаарындагы кыпчактарды кырып салышкан. Кыпчак кыргынынын эң күчтүү учуру Экисуу арасындагы Былкыллама деген жерде Кудаяр хан менен Мусулманкулдун аскерлеринин беттешүүсүндө болуп өткөн. Кармашта 1500 гө жакын кыпчактын өлүгү Карадарыяга ыргытылган. Мусулманкул туткундалган. Кыпчактардын калаасына ордого чейин ар бир 100–200 кадам сайын Мусулманкулдун көз алдында 5–10 кыпчактын башы алынып турган. 1862-жылы күзүндө Мусулманкул дарга асылган. Жалпысынан 1851–52-жылдары Кокон хандыгында 20 миң чамалуу кыпчак кырылгандыгын жазма булактар ырастайт.

Колдонулган адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Бишкек, 2003
"Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. И. Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университети"
"Башкы ред. Ү.А. Асанов, Жооптуу ред. А. А. Асанканов"
"Ред. кеңеш: Ө.Ж. Осмонов (төрага), Т.Н. Өмүрбеков (жооптуу катчысы), А.Ж. Жуманалиев"





<br.