Тони Блэр: нускалардын айырмасы
м ImeNtrav moved page Блэр Энтони to Тони Блэр |
No edit summary |
||
1-сап: | 1-сап: | ||
''' |
'''Энтони Чарлз Линтон Блэр''' (6.5.1953ж. туулган, Шотландия, Эдинбург) - мамлекеттик ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997жылдан). 1975-ж. Оксфорд университетин бүтүрүп, ошол эле жерде укуктан сабак берген. 1976-жылдан адвокаттык кесипте эмгектенген. 1983-ж. англис парламентинин общиналар палатасына депутат болуп шайланып, палатадагы лейбористтердин финансы жана шаар курулуш маселелери боюнча өкүлү болгон. 1988-жылдан лейбористтик партиянын Улуттук аткаруу комитетинин мүчөсү, 1994-ж. партиянын лидери болуп шайланган. 1997-ж. парламенттик шайлоодо лейбористтер женишке жетишип, Блэр премьер-министр болуп дайындалган. 2005-ж. парламенттик шайлоо кайрадан лейбористтердин жениши менен аяктап, Блэр премьер-министрлик кызматында калтырылган. Ольстер маселесин жөнгө салуудагы салымы үчүн Блэрге эл аралык Улуу Карл сыйлыгы ыйгарылган (1999). |
||
[[Категория:Дүйнө элдери]] |
[[Категория:Дүйнө элдери]] |
||
==Колдонулган адабияттар== |
==Колдонулган адабияттар== |
5 февраль 2019, саат 16:42 учурдагы нуска
Энтони Чарлз Линтон Блэр (6.5.1953ж. туулган, Шотландия, Эдинбург) - мамлекеттик ишмер. Улуу Британиянын премьер-министри (1997жылдан). 1975-ж. Оксфорд университетин бүтүрүп, ошол эле жерде укуктан сабак берген. 1976-жылдан адвокаттык кесипте эмгектенген. 1983-ж. англис парламентинин общиналар палатасына депутат болуп шайланып, палатадагы лейбористтердин финансы жана шаар курулуш маселелери боюнча өкүлү болгон. 1988-жылдан лейбористтик партиянын Улуттук аткаруу комитетинин мүчөсү, 1994-ж. партиянын лидери болуп шайланган. 1997-ж. парламенттик шайлоодо лейбористтер женишке жетишип, Блэр премьер-министр болуп дайындалган. 2005-ж. парламенттик шайлоо кайрадан лейбористтердин жениши менен аяктап, Блэр премьер-министрлик кызматында калтырылган. Ольстер маселесин жөнгө салуудагы салымы үчүн Блэрге эл аралык Улуу Карл сыйлыгы ыйгарылган (1999).
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4