Виктор Виноградов: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
 
(Айырма жок)

26 апрель 2019, саат 18:10 учурдагы соңку нуска

Виноградов, Виктор Сергеевич (1889-ж. Калуга губерниясы, Истик айылы - 1992-ж. Мөскөө[1]) - музыка изилдөөчү, музыка таануучу. Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмери (1957). 1938-ж. тартып кыргыздын элдик, профессионал мызыкасынын тарыхына жана манасчылардын, көрүнүктүү элдик обончулардын, комузчулардын чыгармачылыктарына байланыштуу бир катар эмгектерди жарыкка чыгарган. Манасчылардын айтуучулук өнөрүнө изилдөө жүргүзгөн, талдаган. «Манастан» 19 үзүндү жазып алган. «Советтик Кыргызстан музыкасы», «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары», «Кыргыз эл музыкасы» ж.б. чыгармаларды жараткан.

Кыргыз музыкасынын башаты, тарыхы, башка элдердин музыкасы менен этногенетикалык байланыштарына да назар салган.

Өмүрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

В. С. Виноградов 1899-жылы 21-февралда Калуга областынын Козельский районунда туулган.

Эмгектери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1929-жылы Москва конссерваториясын бүтүргөндөн кийин музыка таануу илиммне белсемдүү киришет. Айрыкча аны чыгыш элдеринин музыкасын изилдөө, жыйноо музыкасынын өсүш жолуна, айрым музыканттардын чыгармаларына арналган «Советтик чыгыштын музыкасы» (1968), Канаттуу ырлар» (1968},. «Узеир Гаджибеков жана азербайжан музыкасы» деген эмгектерин жазган.1938-жылы В. Виноградов чыгармачылык командировка боюнча Кыргызстанга келип, элдик жана жаңыдан өнүгүп келе жаткан профессионалдык музыканын түрлөрү, жанрлары, аткаруучулары, композиторлору менен кеңири таанышып, кыргыз музыкасы жөнүндө жаза баштаган. Элибиздин "улуу, элдик ырларын жана классикалык күүлөрүн ыргактуулугу, «Манас» эпосунун обондуулугу, улуу музыканттардын аткаруучулугу музыка изилдөөчү учүн түгөнгүс кенч болгон.Булардын негизинде жазылган «Советтик Кыргызстандын музыкасы», «Токтогул Сатылганов жана кыргыз акындары», «Кыргыз ССРинин музыкалык маданияты», «Кыргыз элинин речитативи»,"Кыргыздын жүз обону жана күүсү», «Кыргыздын элдик музыкасы», «Атай Огомбаев» деген китептери музыкалык искусствонун алтын фондусунан орун алган. 1939-жылы Москвадан басылып чыккан «Музыка Советской Киргизии» деген көлөмдүү эмгегинде комуз, чоор, кыл кыяк, комуз, керней, сурнай өңдүү элдик аспаптардын бири-биринен болгон өзгөчөлүктөрүн музыкалык негизде тандап, аларды нотага түшүргөн.

Сыйлыктары жана наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал улуу музыкант М.Күрөңкеевдин өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө жазылган «Мураталы Күрөңкеев" аттуу китеби үчүн 1967-жылы Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси болгон.Кыргыз өкмөтү В.С. Виноградовдун эмгегин жогору баалап, 1957-жылы «Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген ишмери» деген ардактуу наам берген. «Эмгек Кызыл Туу» ордени жана медалдар менен "сыйланган.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таланттуу музыковед кыргыз музыкасын дүйнө элдерине таанытууда көп иштерди иштеди.«Румынияда, Иранда, Чехословакияда өткөн эл аралык конгресстерде кыргыздын элдик музыкалык аспаптары: комуз,кыяк, чоор, темир комуздар жөнүндө докладдарды жасаган.Лондондон чыгуучу -бюлле тендерде басылган бир топ эмгектери немец, араб, француз, англис, болгар жана башка тилдерге которулган.

Эмгектери:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Акыны поют о Ленине. — М., 1970.
  2. Виноградов В. С. Атай Огонбаев. [1904 - 1949]. [Текст]. — М.: Сов. композитор, 1960. — 61 с.
  3. В. Власов, А. Малдыбаев и В. Фере. — М., 1958.
  4. Виноградов В. С. Индийская рага. — М.: Сов. композитор, 1976. — 62 с. — 3000 экз.
  5. Виноградов В. С. Киргизская народная музыка [Текст]. — Фрунзе: Киргизгосиздат, 1958. — 334 с.
  6. Виноградов В. С. Киргизская ССР [Текст]. — М.: Музгиз, 1957. — 91 с. — (Музыкальная культура союзных республик).
  7. Виноградов В. С. Киргизские народные музыканты и певцы [Текст]. — М.: Сов. композитор, 1972. — 96 с.
  8. Виноградов В. С. Классические традиции иранской музыки. — М.: Сов. композитор, 1982. — 184 с. — 3000 экз.
  9. Виноградов В. С. Крылатые песни [Текст]. — М.: Музыка, 1968. — 67 с.
  10. Виноградов В. С. Мир музыки Фикрета: [О композиторе Ф. Амирове].. — Баку: Язычы, 1983. — 130 с. — 5000 экз.
  11. Виноградов В. С. Музыка в Китайской Народной Республике [Текст]. — М.: Сов. композитор, 1959. — 86 с.
  12. Виноградов В. С. Музыка Гвинеи [Текст]. — М.: Сов. композитор, 1969. — 80 с.
  13. Виноградов В. С. Музыка Советского Востока. От унисона к полифонии. Очерки. [Текст]. — М.: Сов. композитор, 1968. — 234 с.
  14. Музыка Советской Киргизии. — М., 1939.
  15. Музыкальное наследие Токтогула. — М., 1961.
  16. Мураталы Куренкеев. — Фрунзе, 1962.
  17. Справочник-путеводитель по симфониям Н. Я. Мясковского. — М., 1954.
  18. Проблемы онтогенеза киргизов в свете некоторых данных их музыкального фольклора. — М., 1960.
  19. Токтогул Сатылганов и киргизские акыны. — М., 1952.
  20. Виноградов В. С. Узеир Гаджибеков и азербайджанская музыка [Текст].. — М.: Музгиз. Образцовая тип., 1938. — 79 с.

Эскертүүлөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Новости (6 -октябрь (тогуздун айы) 1992). Текшерилген күнү 1 Апрель 2018.  (орус.)

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • ВИНОГРАДОВ В. С. Кыргыздын элдик музыканттары жана ырчылары. Ф,; Кыргызстан, 1974. - 87 б.; КЫРГЫЗДЫН элдик речитативи // Кыргыздын музыкалык маданияты. - Ф., 1975. - Б, 36-59. АЛАГУШЕВ Б. Кадырлуу карыя музыковед // Кыргызстан маданияты. - 1979. - 8 - март. - № 10. - Б. 6; 10; ОМОРОВ М. * Кыргыз музыкасын изилдөөчү // Ленинчил жаш. - 1979. - 10-март.
  • О.Каратаев, С.Эралиев. Кыргыз этнографиясы боюнча сөздүк. Бишкек. "Бийиктик" - 2005-ж. ISBN 9967-13-159-4
  • О. Каратаев​ Орто Азия чөлкөмүн жана түрк дүйнөсүн изилдеген окумуштуулар. –Бишкек, 2015
  • Манас энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4