Мурзабеков, Таавалды Мукайыл уулу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Created page with "'''Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков''' (кесиптештери “Табылды” деп да кайрылышчу; 1948—1991) — кырг..."
 
м Dnes1302 moved page Мурзабеков, Таабалды Мукайыл уулу to Мурзабеков, Таавалды Мукайыл уулу: Өз паспортунда Таавалды деп жазылган.
(Айырма жок)

30 октябрь 2019, саат 02:52 учурдагы нуска

Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков (кесиптештери “Табылды” деп да кайрылышчу; 1948—1991) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти.

Кыскача өмүр таржымакалы

Таабалды Мурзабеков 1948-жылы 4-июнда Кыргызстандагы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак кыштагында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Ал 1969–1972-жылдары КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинде күндүзгү аспирантурада таалим алган.
Ал 1980-жылы Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңы багытта тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактады. Анын темасы «Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык, илимий, техникалык, маданий жактан кызматташтыгы» деп аталган. КМУнун тарых факультетинде аны таптап өстүргөн кишилердин бири – тарых илимдеринин кандидаты, профессор Мидил Бегималиевич Жамгырчинов болчу.
Т.М.Мурзабеков 1972-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин КМУнун тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын жардамчысы, декан, 1991-жылы – КМУнун проректорунун милдетин аткаруучу сыяктуу кызматтарды аркалаган. Демек, анын адистик өмүрү толугу менен Кыргыз улуттук университетине (мурдагы КМУга) арналды.
1991-жылы 9-октябрда Таабалды Мукайыл уулу Мурзабеков педагог-окумуштуу жана уюштуруучу катары толукшуп турган кезинде, болгону 43 жашында жүрөгүнөн кармап дүйнөдөн кайткан.

Үй-бүлөсү

Таабалды Мурзабеков өмүрлүк жубайы Жаңыл Ибрай кызы Мурзабекова менен 1967-жылы баш кошкон (Жаңыл да Кичи-Жаргылчак айылынан, бугунун желдең уругунан болот).

Таабалды менен Жаңылдан бир кыз, үч уул бар: тун кызы Жыпар (1973-жылы туулган), уулдары – Аскар (1975-жылы туулган), Элдияр (1977-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Мирлан (1982-жылы туулган).

Таабалды каза болгондо 18ге гана караган Жыпар кийинчерээк атасынын жолу менен илим тармагына кетти. Ал 2012-жылы март айында “Жер тилкелери жаатындагы келишимдерди укуктук жөндөө” («Правовое регулирование сделок с земельными участками») деген заманбап темада юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон.


Окутуучулары. Достору. Үзөңгүлөштөрү

Т.М.Мурзабековго таалим берген окумуштуулардын арасында профессор Анварбек Хасанов болгон.
Ага дарс окугандардын сабында профессорлор Борис Зима, Абдулхай Чукубаев, Бейманалы Чөкүшев, Сабыр Аттокуров (ал кездеги факультеттин деканы), доценттер Атыгай Арзыматов, Абдылхай Сраждинов, Сейне (Ксения) Сырдыбаева, Какен Мамбеталиева, ж.б. болгон. Кыргызстандын Илимдер академиясында иштеген чыгыш таануучу Өмүркул Караев (1930––2002) араб жазмасынан сабак берген.

Ал кезде КМУнун ректору – тарыхчы, профессор Салмоорбек Табышалиев (1928––1993) эле.
Анын кесиптештеринин арасында доцент Шакен Төлөевна Эсенгараева (казакча тегаты Есенгараева), этнограф, доцент Какен Мамбеталиева, археологиядан дарс окуган Бейше Урстанбеков, КПСС тарыхынан дарс окуган Айып Идинов, философ Роза Отунбаева, доцент Сейне Сырдыбаевна Искенова, доцент Мукан Өмүркулов, доцент Давлет Эгемназаров, доцент (кийин профессор) Закир Эралиев, ал кездеги жаш окутуучулар Жумадил Адилбаев, Ишенгүл Болжурова, Мархамат Исабекова, Жыргал Момбекова, Жаныбек Жакыпбеков, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Атыркүл Алишева, Анара Табышалиева ж.б. болгон.
Ал эми профессор Чынара Жакыпова пикирдештерден болгон.

Шакирттери

Т.М.Мурзабеков ыктыярдуу нускоочу катары бир катар окумуштууларга багыт берген.
Алардын арасында чыгыш булактарын иликтеген илимпоздор Таласбек Машрапов, Тынчтыкбек Чоротегин, Акылбек Кылычев, XIX кылымдын тарыхын изилдеген тарыхчы, маркум Бектемир Жумабаев, ж.б. бар.

Эстутум

1992-жылы Т.М.Мурзабековдун айылдаштары Ысык-Көлдөгү Кичи-Жаргылчак кыштагындагы орто мектепке анын ысымын ыйгарышты.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси

  • Европа өлкөлөрү менен Кыргызстандын экономикалык, илимий, техникалык, маданий жактан кызматташтыгы: Канд. Дисс. Авторефераты (орусча). – Фрунзе, 1980.



Ал жана анын доору тууралуу колдонулган адабият

  • Мурзабекова Бурулуш. Менин атам (Тагдыр). –– Б.: ИЦ “Текник”, 2013. -–– 130 б. – ISBN 978-9967-02-617-9.
  • Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-443-1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Омурбеков Т.Н. Факультет истории и регионоведения. -- Б., 2007.
  • – ISBN .

Интернеттеги шилтемелер