Мурзабеков, Таавалды Мукайыл уулу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
м Жыпар Мурзабекованын диссертациясы
19-сап: 19-сап:
Таавалды менен Жаңылдан бир кыз, үч уул бар: тун кызы Жыпар Таавалдиевна Мурзабекова (1973-жылы туулган), уулдары – Аскар (1975-жылы туулган), Элдияр (1977-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Мирлан (1982-жылы туулган). <br>
Таавалды менен Жаңылдан бир кыз, үч уул бар: тун кызы Жыпар Таавалдиевна Мурзабекова (1973-жылы туулган), уулдары – Аскар (1975-жылы туулган), Элдияр (1977-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Мирлан (1982-жылы туулган). <br>


Таавалды каза болгондо 18ге гана караган Жыпар кийинчерээк атасынын жолу менен илим тармагына кетти. Ал 2012-жылы март айында “Жер тилкелери жаатындагы келишимдерди укуктук жөндөө” («Правовое регулирование сделок с земельными участками») деген заманбап темада юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын, ал эми 2019-жылы юридика илимдери боюнча докторлук диссертациясын ийгиликтүү коргогон. <br>
Таавалды каза болгондо 18ге гана караган Жыпар кийинчерээк атасынын жолу менен илим тармагына кетти. Ал 2012-жылы март айында “Жер тилкелери жаатындагы келишимдерди укуктук жөндөө” («Правовое регулирование сделок с земельными участками») деген заманбап темада юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын, ал эми 2019-жылы 30-сентябрда "Кыргыз Республикасынын экологиялык укук жаатындагы теориялык-укуктук көйгөйлөрү" ("Теоретико-правовые проблемы экологического права Кыргызской Республики") деген темада юридика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн изденип жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргогон. (Илимий кеңешчиси - профессор Чолпонкул Исаевич Арабаев). <br>


== Окутуучулары. Достору. Үзөңгүлөштөрү ==
== Окутуучулары. Достору. Үзөңгүлөштөрү ==

30 октябрь 2019, саат 04:08 учурдагы нуска

Таавалды Мукайыл уулу Мурзабеков. 1980-жж.


Таавалды Мукайыл уулу Мурзабеков (кесиптештери “Табылды”, "Таабалды" деп да кайрылышчу, бирок паспортунда "Таавалды" деп жазылган; орусча адабиятта анын ысымы "Таабалды Михайлович Мурзабеков" деген түрдө кезигет; 04.6.1948, Кичи-Жаргылчак кыштагы, Ысык-Көл облусу, Кыргызстан — 09.10.1991, Бишкек, Кыргызстан) — кыргыздын белгилүү тарыхчысы, педагогу, тарых илимдеринин кандидаты, КУУнун доценти. Ал советтик Кыргызстандын эл аралык байланыштарынын тарыхын изилдеген алгачкы тарыхчы адистерден болгон. 1987-жылы саясий жалаанын айынан КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинин деканы кызматынан түшүрүлгөн.

Кыскача өмүр таржымакалы

Таавалды Мурзабеков 1948-жылы 4-июнда Кыргызстандагы азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак кыштагында туулган. 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун) тарых факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.
Ал 1969–1972-жылдары КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинде күндүзгү аспирантурада таалим алган.
Ал 1980-жылы Кыргызстандын тарых илими үчүн жаңы багытта тарых илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын жактады. Анын темасы «Кыргыз ССРинин Европанын социалисттик өлкөлөрү менен экономикалык, илимий, техникалык, маданий жактан кызматташтыгы» жаатын изилдөөгө арналган[1]. КМУнун тарых факультетинде аны таптап өстүргөн кишилердин бири – тарых илимдеринин кандидаты, профессор Мидил Бегималиевич Жамгырчинов жана тарых илимдеринин доктору, профессор Анварбек Хасанов болгон.
Т.М.Мурзабеков 1972-жылдан өмүрүнүн соңуна чейин КМУнун тарых факультетинде окутуучу, ага окутуучу, доцент, декандын жардамчысы, декан болуп иштеген.
1987-жылы Т.М.Мурзабеков саясий жалаанын айынан КМУнун (азыркы КУУнун) тарых факультетинин деканы кызматынан түшүрүлгөн.
1991-жылы Т.М.Мурзабеков КМУнун проректорунун милдетин аткаруучу сыяктуу кызматтарды аркалаган. Демек, анын адистик өмүрү толугу менен мурдагы КМУга, азыркы Кыргыз улуттук университетине арналган.
1991-жылы 9-октябрда Таавалды Мукайыл уулу Мурзабеков педагог-окумуштуу жана уюштуруучу катары толукшуп турган кезинде, болгону 43 жашында жүрөгүнөн кармап дүйнөдөн кайткан.

Үй-бүлөсү

Таавалды Мурзабеков өзүнүн өмүрлүк жубайы Жаңыл Ибрай кызы Мурзабекова менен 1967-жылы баш кошкон (Жаңыл да Кичи-Жаргылчак айылынан, бугунун желдең уругунан болот).

Таавалды менен Жаңылдан бир кыз, үч уул бар: тун кызы Жыпар Таавалдиевна Мурзабекова (1973-жылы туулган), уулдары – Аскар (1975-жылы туулган), Элдияр (1977-жылы туулган) жана көкүрөк күчүгү – Мирлан (1982-жылы туулган).

Таавалды каза болгондо 18ге гана караган Жыпар кийинчерээк атасынын жолу менен илим тармагына кетти. Ал 2012-жылы март айында “Жер тилкелери жаатындагы келишимдерди укуктук жөндөө” («Правовое регулирование сделок с земельными участками») деген заманбап темада юридика илимдери боюнча кандидаттык диссертациясын, ал эми 2019-жылы 30-сентябрда "Кыргыз Республикасынын экологиялык укук жаатындагы теориялык-укуктук көйгөйлөрү" ("Теоретико-правовые проблемы экологического права Кыргызской Республики") деген темада юридика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын алуу үчүн изденип жазылган диссертациясын ийгиликтүү коргогон. (Илимий кеңешчиси - профессор Чолпонкул Исаевич Арабаев).

Окутуучулары. Достору. Үзөңгүлөштөрү

Т.М.Мурзабековго таалим берген окумуштуулардын арасында анын кандидаттык ишинин жетекчиси, профессор Анварбек Хасанов болгон.
Ага дарс окугандардын сабында профессорлор Борис Зима, Абдулхай Чукубаев, Бейманалы Чөкүшев, Сабыр Аттокуров (ал кездеги факультеттин деканы), доценттер Атыгай Арзыматов, Абдылхай Сраждинов, Сейне (Ксения) Сырдыбаева, Какен Мамбеталиева, ж.б. болгон. Кыргызстандын Илимдер академиясында иштеген чыгыш таануучу Өмүркул Караев (1930––2002) араб жазмасынан сабак берген.

Ал кезде КМУнун ректору – тарыхчы, профессор Салмоорбек Табышалиев (1928––1993) эле.
Анын кесиптештеринин арасында доцент Шакен Төлөевна Эсенгараева (казакча тегаты Есенгараева), этнограф, доцент Какен Мамбеталиева, археологиядан дарс окуган Бейше Урстанбеков, КПСС тарыхынан дарс окуган Айып Идинов, философ Роза Отунбаева, доцент Сейне Сырдыбаевна Искенова, доцент Мукан Өмүркулов, доцент Давлет Эгемназаров, доцент (кийин профессор) Закир Эралиев, ал кездеги жаш окутуучулар Жумадил Адилбаев, Ишенгүл Болжурова, Мархамат Исабекова, Жыргал Момбекова, Жаныбек Жакыпбеков, Ташманбет Кененсариев, Токторбек Өмүрбеков, Абылабек Асанканов, Атыркүл Алишева, Анара Табышалиева ж.б. болгон.
Ал эми профессор Чынара Жакыпова реформачы пикирдештерден болгон.

Шакирттери

Т.М.Мурзабеков ыктыярдуу нускоочу катары бир катар окумуштууларга багыт берген.
Алардын арасында чыгыш булактарын иликтеген илимпоздор Таласбек Машрапов, Тынчтыкбек Чоротегин, Акылбек Кылычев, XIX кылымдын тарыхын изилдеген тарыхчы, маркум Бектемир Жумабаев, ж.б. бар.

Эстутум

1992-жылы Т.М.Мурзабековдун айылдаштары Ысык-Көлдөгү Кичи-Жаргылчак кыштагындагы орто мектепке анын ысымын ыйгарышты.

Чыгармаларынын кыскача тизмеси

  • Мурзабеков, Таабалды Михайлович. Киргизская ССР в экономическом, научном и культурном сотрудничестве СССР с социалистическими странами Европы: (Вторая половина 1950-х - 1970 гг.): Автореферат диссертации на соискание уч. ст. канд. ист. наук. - Алма-Ата, 1979. - Казахский гос. ун-т имени С.М.Кирова; Спец. совет по истории СССР (К. 058.01.11). - 22 стр. [Кыргыз ССРинин Европанын социалисттик өлкөлөрү менен экономикалык, илимий жана маданий жактан кызматташтыгы (1950-жж. экинчи жарымы - 1970-жж.): Тарых илимдеринин кандидаты окумуштуулук даражасы үчүн изденген дисс. авторефераты (орусча)].
  • Мурзабеков Т.М. Вклад промышленности Киргизии во внешнюю торговлю СССР // Труды Киргиз. гос. ун-та: Серия историческая. - Вып. 12. - Фрунзе, 1972.
  • Мурзабеков Т.М. Экономикалык өз ара көмөк көрсөтүү кеңеши // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Т. 6.
  • Мурзабеков Т.М. Производственно-технические связи Киргизской ССР с европейскими социалистическими странами // Тезисы докладов Республиканской научно-теоретической конференции. - Фрунзе, 1972.
  • Мурзабеков Т.М. Из истории интернациональных и экономических связей Киргизской ССР с европейскими социалистическими странами // Матеориалы XII студенческой научной конференции республик Средней Азии и Казахстана, посмвященной 99-1 годовщине со дня рождения В.И.Ленина. - Фрунзе, 1970.

(Т.М.Мурзабековдун совет доорунда жарыяланган эмгектеринде анын ысымы жана атасынын ысымы "Таабалды Михайлович" деген түрдө жазылган).

Ал жана анын доору тууралуу колдонулган адабият

  • Мурзабекова Бурулуш. Менин атам (Тагдыр). –– Б.: ИЦ “Текник”, 2013. -–– 130 б. – ISBN 978-9967-02-617-9.
  • Кыргыздын туңгуч совет тарыхчысы, академик Бегимаалы Жамгырчиновго 100 жыл: (Макалалар топтому) / Жооптуу редактор Т. К. Чоротегин. – Бишкек: “Maxprint” басмаканасы, 2014. - 76 б. - “Мурас” фонду. – [“Тарых жана мурас” түрмөгү]. - ISBN 978-9967-12-443-1.
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. 1990. – 288 бет. – (История Киргизии: Краткий энциклопедический словарь). – (В со-авторстве с кандидатом исторических наук, доцентом Бейше Урстанбековым). – (ISBN 5-89750-028-2)
  • Омурбеков Т.Н. Факультет истории и регионоведения. -- Б., 2007.
  • – ISBN .

Интернеттеги шилтемелер

Ички шилтемелер

  1. Мурзабеков, Таабалды Михайлович. Киргизская ССР в экономическом, научном и культурном сотрудничестве СССР с социалистическими странами Европы: (Вторая половина 1950-х - 1970 гг.): Автореферат диссертации на соискание уч. ст. канд. ист. наук. - Алма-Ата, 1979.