COVID-19 пандемиясы: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
макаланы ондоп, толуктадым
мNo edit summary
3-сап: 3-сап:
]]
]]


== COVID-19 ==
[[Файл:SARS-CoV-2 illustration.png|thumb]]
'''COVID-19''' – бул катуу кармап, дем алуу тутумун жана ичеги-карын көңдөйүн катуу жабыркатуучу вирустук оору. Коронавирус келип чыгышы боюнча адам эле эмес, башка жандыктардан да жуга турган инфекциялык илдет болуп саналат. <ref>https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/ </ref>

== Түргө бөлүнүшү ==
'''Адам организминде илдет пайда кылуучу коронавирустун бир нече түрлөрү бар. Генетикалык козгогучунун өзгөчөлүгүнө жараша бул вирустар үч түргө бөлүнөт:'''

* адамдын вирустары HCoV-226Е;
* адамдын вирустары HCoV-OC43, ичеги козгогучтары HECoV;
* коронавирустар SARS-CoV и MERS-CoV;
* адамдын ротавирустары <ref>https://medikom.ua/ru/rotavirus-simptomy-lechenie/</ref>  HNoV.

'''Адамга жуккан биринчи жана экинчи топтогу коронавирус оор эмес вирустук инфекцияларды козгоочулар болуп саналышат. Төмөндөгү козгогучтар жукканда оор илдеттерди чакырарын байкоого болот:'''

* вирус SARS-Cov адамда типсиз пневмониянын<ref>https://medikom.ua/ru/atipichnaya-pnevmoniya-lechenie/</ref>  өнүгүүсүн чакырат же курч кармап, оор өтүүчү дем алуу синдромуна тушуктурат;
* вирус MERS-CoV курч пневмония жана бөйрөк жетишсиздиги мүнөздүү орто чыгыштык дем алуу синдромуна чакырат;
* вирус 2019-nCov дем алуудагы дистресс-синдромдун өнүгүшүн чакырат.

== COVID-19дун симптомдору ==
'''Эң көп жайылган COVID-19дун белгилерине төмөндөгүлөр кирет:'''

* калтыратма (лихорадка);
* кургак жөтөл;
* чарчоо.

'''Кээ бир бейтаптарда кезигип, азыраак жайылган белгилерге төмөндөгүлөр кирет:'''

* жытты жана даамды сезбей калуу;
* мурун бүтүү;
* конүюнктивит (же көздүн кызаруусу);
* тамак ооруу;
* баш оору;
* булчуңдар менен муундардын оорутуусу;
* денеге ар түрдүү бүдүрлөрдүн чыгуусу;
* жүрөк айлануу же кусуу;
* ич өтүү;
* чыйрыгуу же баш айлануу<ref>https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/question-and-answers-hub/q-a-</ref> .

== Ооруга байымы жок категориялар ==
Иммундук тутуму алсызданган, өнөкөт оорусу бар жашы 60тан жогорку адамдардын коронавируска же сасык тумоого кабылуу тобокелчилиги жогору. Коронавирусту коштогон кандай оору болбосун, бул илдетке чалдыгуу тобокелчилигин жогорулатат.

Коронавирус жуктурган балдар адатта анын билинбеген белгилерин алып жүрүшөт же болбосо, андай белгилер аларда таптакыр билинбейт<ref>https://www.terviseamet.ee/ru/chto-takoe-covid-19</ref> .

== Дарылоо ==
Жеңил же орто оордуктагы коронавирусту айыктыруу максаты өзүнө симптоматикалык дарылоону камтыйт. Бул үчүн дене табын түшүрүүчү, жөтөлгө жана мурун бүтүүгө каршы дарылар жана башка каражаттар колдонулат.

'''Коронавирустун фармакотерапиясы:'''

* вирустарга каршы дарылар;
* атайын иммуноглобулиндер;
* кортикостероиддер.

Кортикостероиддер бейтаптын абалы тездик менен начарлап, оору даана ырбап кеткенде, узак лимфопенияда, кандын кислород менен жабдылышы төмөндөгөндө колдонулат. Оор кабылдап кетүүлөр өөрчүгөндө антибиотиктерди колдонуу жана өпкөнү жасалма дем алдыруу сунушталат. Абалы оор бейтаптарга типсиз пневмония менен ооруп айыккандардын кан плазмасын колдонуу жакшы натыйжаларды берди <ref>https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-</ref>.


'''<big>COVID-19 пандемиясы</big>''' — COVID-19 коронавирус таралгандагы глобалдык [[пандемия]].
'''<big>COVID-19 пандемиясы</big>''' — COVID-19 коронавирус таралгандагы глобалдык [[пандемия]].
116-сап: 63-сап:


COVID-19 адамдан адамга, негизинен, аба аркылуу жугат. Коронавирустук жугуштуу оорусу вирустун бөлүкчөлөрү оозго, мурунга же көзгө киргенде пайда болот.
COVID-19 адамдан адамга, негизинен, аба аркылуу жугат. Коронавирустук жугуштуу оорусу вирустун бөлүкчөлөрү оозго, мурунга же көзгө киргенде пайда болот.

= Ооруну алдын алуу =
Оорунун билинер-билинбес белгилери байкалганда үйдөн чыкпоо сунушталат. Айланадагылар көбүрөөк ооруй баштаганда адамдар менен байланышты болушунча чектеп, бир жерге чогулуудан жана адамдар көп топтоло турган жайларга баруудан

качуу керек.

'''Коронавирусту алдын алуу чаралары''':

* коргонуучу жеке каражаттарды тагып жүрүү (беткап); <ref>https://medikom.ua/ru/dezinfekciya-ot-virusov-sovety-dlya-vas-i-vashego-doma/</ref>
* колду тез-тезден жууп туруу;
* башкалар менен жакын аралыктан байланышууну чектөө;
* айланадагы иммунитетти бекемдөө (турак-жайдагы температуралык режимди 18-20 градуста сактоо жана андагы зарыл болгон нымдуулукту 40тан 60%га чейин кармоо);
* жашаган жайды тез-тезден желдетип туруу;
* жогорку дем алуу жолдорунун былжыр челдерин туздуу суу менен тез-тезден чайкап туруу. <ref>https://medikom.ua/ru/koronavirus-simptomy-i-profilaktika/</ref>

'''Вакциналоо'''

Азыр вакцина IMM-101 клиникалык сыналуунун III баскычында турат, ал 1 500 ыктыярдууларда тестирленүүдө. Анын коронавирустан сактай аларын биз 2021-жылы 31-мартта билебиз. BACMUNE вакцинасы да сыноонун III баскычында турат, ал 3 312

адамда тестирленүүдө. Бул вакцинанын вирустан сактай алары 2021-жылы декабрда билинет.<ref>https://www.znak.com/2020-09-</ref>

Оорунун жугуусун алдын алуу стратегияларына төмөндөгүлөр камтылат:

* Социалдык аралыкты сактоо
* Коомдук жайларда беткап тагынуу
* Колду тез-тез, кеминде 20 секунд жууп туруу
* [[Файл:Pfizer-BioNTech COVID-19 vaccine (2020) C.jpg|thumb]]Колду ар дайым спирт менен тазалап туруу
* Жуулбаган кол менен көздү, мурунду, оозду кармабоо
* Адамдар көп кармаган жерлерди тазалоо жана дезинфекциялоо
* Инфекцияны жуктуруп алуу ыктымалдыгын азайтуучу алдын алуу чараларга: үйдө отуруу, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу жана бөлмөнүн ичин желдетүү дагы кирет.
* Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 диагнозу тастыкталган адамдарга үйдө жок дегенде бир ай болууну сунуштайт. Эгер ден-соолугуңуз жакшырбаса, тезинен медициналык жардам алуу зарыл.


= Вакцина =
= Вакцина =

17 январь 2021, саат 12:49 учурдагы нуска

Медайымдар пандемия мезгилинде – сүрөт нөөмөттүн соңунда тартылган. Оору: COVID-19 Вирустун штаммы: Оор, курч түрдө өтүүчү респиратордук синдром, коронавирус 2 Алгачкы катталышы: Кытай Эл Республикасы, Хубэй провинциясы , Ухань ш. Оорнун алгачкы жуккан учуру : 2019-ж, 1-декабрь Тастыкталган учурлар: 63 миллионго жакын Адам өлүмү: 1,5 миллионго чукул


COVID-19 пандемиясы — COVID-19 коронавирус таралгандагы глобалдык пандемия.

2019-жылы 31-декабрда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДСУ) Кытайдын Ухань шаарында келип чыгышы белгисиз болгон пневмония учурлары аныкталгандыгы тууралуу маалымат алган. 2020-жылы 7-январда өлкөнүн бийлиги оорунун козгогучу жаңы коронавирус экендигин аныктап, ал "2019-nCoV" деген убактылуу аталышка ээ болгон.

2020-жылы 30-январда Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул абалды коомдук саламаттыкты сактоо жаатындагы өзгөчө кырдаал катары, ал эми 11-мартта пандемия катары жарыялаган. 2020-жылдын 3-декабрына карата пандемиянын жүрүшүндө дүйнө жүзү боюнча 64,4 миллиондон ашык учур катталды; 1.489 миллиондон ашуун адам каза болуп, 43.8 миллиондон ашык адам айыгып чыккан.

2020-жылы 18-мартта Кыргызстандын саламаттык сактоо министри COVID-19 инфекциясынын үч учуру катталгандыгын билдирген. Жалал-Абад облусунун Сузак райондук администрациясы аймактын чегинде өзгөчө кырдаал режимин киргизип, ал эми 21-марттан баштап мындай абал республиканын бардык аймагында жарыяланган. 2020-жыл, 3-декабрга карата республикада инфекция жуктургандардын саны 73 513тү, айыгып чыккандардын саны 65 189ду түзүп, 1277 киши өлгөнү аныкталды.

COVID-19 инфекциясынын чыгышы жана себептери

2019-жылы декабрь айынын ортосунда Ухань шаарынын саламаттыкты сактоо органдары "түшүнүксүз себептерден улам келип чыккан пневмония" жышаандары байкалган бейтаптардын алгачкы учурларын аныкташкан. Расмий маалыматтарга караганда, бул биринчи инфекциялар Түштүк Кытайдын Ухань шаарындагы деңиз азыктарынын дүң базарында болгон. Бул маалыматтан соң белгисиз коронавирус инфекциясынын булактары базарда сатылган жарганаттар болушу мүмкүн деген божомолдор айтылган. Кытайдагы бир нече медициналык мекеменин изилдөөчүлөр тобу Цзиньинтань ооруканасында диагнозу аныкталган жана вирус жуккандыгы тастыкталган алгачкы 41 бейтап тууралуу кеңири маалыматтарды беришет. SARS-CoV-2 инфекциясы 41 адамда тастыкталган, анын 30 (73%) эркектер, орточо курагы 49 жашты түзгөн. Дээрлик үчтөн биринде (32%) өнөкөт оорулар, анын ичинде кант диабети, гипертония, жүрөк оорулары болгон. Алардын ичинен төмөнкү жышаандар байкалган: 40 (98%) чыйрыкма, 31 (76%) жөтөл, 18 (44%) булчуң оору жана чарчоо. Аз кездешкен жышаандардын катарына какырык же кан аралаш какырык коштогон жөтөл, баш оору жана диарея кирди. Топтун жарымы энтигүүдөн кыйналып, ал эми 13 бейтап жандандыруу бөлүмүнө жатууга муктаж болгон. Оору жуккан 41 адамдын бардыгына компьютердик томографиялык текшерүү жүргүзүлүп, алардыын баарында пневмония бар экендиги аныкталды.

2019-жылдын соңунда бул эпидемияны пайда кылган козгогуч азыркыга чейин белгисиз. Алгачкы ирет оору жуктурган бейтаптар деңиз азыктары, ошондой эле канаттуулар, жыландар жана жарганаттар сатылуучу Ухань базарына тиешеси бар болгондуктан, коронавирус геномун чечмелөө учурунда, андан жарганаттардын жана панголиндердердин короновирусуна жакын компоненттер табылган. Ошондуктан демек Ухань базарындагы жарганаттар менен панголиндердин биригиши, ушул жаныбарлардын коронавирустарынын рекомбинацияланышына шарт түзгөн деп божомолдонууда. Ухань шаарынын муниципалдык отчётторуна ылайык, жарганаттар жергиликтүү базарда эч качан сатылган эмес, ал эми панголиндер Кызыл китепке киргизилген. Шаар бийлиги коронавирусту базарга кандайдыр бир ооруган адам, нөлүнчү пациент алып келип, андан соң эпидемия күч алды деп ырастоодо.

Короновирустун дүйнө жүзүнө жайылышы

2020-жылдын 30-январында дүйнөнүн 19 өлкөсүндө 7818 учур катталган соң, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коомдук саламаттыкты сактоодо эл аралык мааниге ээ бул абалды өзгөчө кырдаал деп, ал эми 2020-жылдын 11-мартынан баштап пандемия деп жарыялады. Ушул эле айдын соңунда башка өлкөлөрдө ооруган бейтаптардын саны Кытайдагы оорулардын санынан тез эле ашып кетти.

2020-жылдын 13-мартына карата Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Европаны коронавирус инфекциясынын жайылышынын активдүү борбору деп билдирген. 2020-жылы 19-мартта Италия эң көп өлүмгө учураган өлкө катары Кытайды басып өттү. 26-мартка карата Америка Кошмо Штаттары дүйнөдө оорунун эң көп тастыкталган учурлары менен Кытай менен Италияны артта калтырды. Коронавирус геномдорун изилдөө Америкада COVID-19 менен ооругандардын көпчүлүгү түздөн-түз Кытайдан же Азиянын башка өлкөлөрүнөн эмес, европалык саякатчылардан келгенин көрсөттү.

2020-жылдын 29-июнунда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму көптөгөн адамдар коронавирус инфекциясынын жайылышын жайлата алгандыгына карабастан, өлкөлөр чек араларын кайрадан ачып жаткандыгынан улам, вирустун жайылышы дагы деле күчөп баратканын эскертти.

2020-жылы октябрь айында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ДСУнун жетекчилеринин атайын жолугушуусунда дүйнөдөгү ар бир онунчу адам COVID-19 оорусун жуктурушу мүмкүн деп билдирген. Ошол эле мезгилде, бул 780 миллион адамга оору жуккан дегенди билдирет, бирок анын 35 миллиону гана тастыкталды.

2020-жылдын 3-декабрына карата пандемиянын жүрүшүндө дүйнө жүзү боюнча 64,4 миллиондон ашык учур катталды; 1.489 миллиондон ашуун адам каза болуп, 43.8 миллиондон ашык адам айыгып чыккан. Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору жарыялаган макалада вирустук инфекциялардын учурдагы саны тастыкталган лабораториялык изилдөөлөр менен гана аныкталат деп айтылат. Бирок чыныгы сан расмий сандардан бир нече эсе көп болушу мүмкүн.

Эпидемиология жана карантиндик чаралар

11-мартта Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 эпидемиясынын пандемия мүнөзүнө ээ болгонун билдирген, буга байланыштуу Шенген зонасы менен Европа Биримдигинин тышкы чек аралары 17-марттан тартып кирүү үчүн жабык боло тургандыгы жарыяланган (чектөөлөрдүн алдын ала мөөнөтү - 30 күн).

Көптөгөн өлкөлөр байланышты жана саякаттоону чектөө, коменданттык саат киргизүү, мектептерди жабуу сыяктуу карантиндик катаал чараларды кабыл алышты. Март айында бүткүл дүйнө жүзүндө COVID-19 вирусунун жайылышын ооздуктоо үчүн зарыл болгон катуу чаралар, атап айтканда: өзүнчө аргасыз обочолонуу, карантин, чек араларды жана өндүрүштөрдү жабуу, өлкөлөр ортосундагы аба каттамын чектөө болду. Андан кийин, май жана июнь айларында, көптөгөн өлкөлөрдө кайрадан карантиндик чаралар жумшартылды.

Көптөгөн спорттук мелдештер, анын ичинде спорттун бардык түрлөрү: футбол боюнча Европанын улуттук чемпионаттары; 2020-жылы футбол боюнча өтүүчү Европа чемпионаты бир жылга жылдырылып, ошондой эле Токиодо 24-июлда баштала турган 2020-жылкы Жайкы Олимпиада оюндары кийинкиге калтырылды. Көптөгөн фестивалдар, көргөзмөлөр жана сынактар ​​болбой калды же мөөнөтү өзгөртүлдү.

Оорунун жышаандары жана жугуу жолдору

COVID-19 оорусунун жышаандары ар кандай, кээде сасык тумоонун жышаандарына да окшош. Коронавирустук инфекция менен ооруган адамдарда ар кандай жышаандар кездешет, алар убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү дагы ыктымал.

COVID-19 көп тараган жышаандары:

  • Кургак жөтөл
  • Жыт сезбөө
  • Булчуң же муундагы оорулар
  • Тамактын оорушу
  • Баш оору
  • Мурундун бүтүшү

Жугуштуу оорулардын көбүндө кездешүүчү инкубациялык мезгил болот - бул адамга оору жуккан учур менен анын алгачкы жышаандарынын пайда болушунун ортосундагы мезгил. COVID-19 оорусунун орточо инкубациялык мезгили төрт-беш күнгө созулат.

COVID-19 адамдан адамга, негизинен, аба аркылуу жугат. Коронавирустук жугуштуу оорусу вирустун бөлүкчөлөрү оозго, мурунга же көзгө киргенде пайда болот.

Вакцина

Вакциналар иммундук системаны вирустарды жана бактерияларды таанууга жана аларга каршы күрөшүүгө даярдайт. Эгерде кийинчерээк организм бул оору жаратуучу микробдорго дуушар болсо, анда аларды дароо жок кылууга даяр болуп, оорунун алдын алат.

Азыркы мезгилде өмүргө коркунуч туудурган 20дан ашык оорунун алдын алуучу вакциналар бар, анын ичинде COVID-19ту вакциналардын жардамы менен алдын алуучу иштер дагы жүргүзүлүп келе жатат.

Учурда 100дөн ашык COVID-19 вакциналары иштелип чыгууда, алардын айрымдары адамдарга сыналып жатат.

Божомол

Европадагы ар кайсы вирусологдордун айтымында, пандемия бир жылдан эки жылга чейин созулушу мүмкүн. Америкалык окумуштуу жана эпидемиолог Джастин Лесслер бир жагынан алып караганда, COVID-19 жоголуп кетпейт, ал эми экинчи жагынан, вакциналардын жардамы менен же калктын табигый түрдө иммунитетке ээ болушунун аркасында адамдардын кадимки жашоосуна тоскоол болбойт деп эсептейт.

Morgan Stanley компаниясынын талдоочулары түзүлгөн кырдаалды талдап, АКШ боюнча отчётун жарыялашты. Ага ылайык, эксперименталдык вакцинанын пайда болушу жана аны медициналык персоналды эмдөө үчүн колдонуу 2020-жылдын ноябрь айында, ал эми массалык эмдөө 2021-жылдын жазында болот деп божомолдонот.

Дагы караңыз

КР/Саламаттык сактоо министрлиги

  • Иммунизация

Шилтемелер

  1. https://en.wikipedia.org/wiki/COVID-19_pandemic#Prevention
  2. https://www.un.org/sites/un2.un.org/files/un_comprehensive_response_to_covid-19_june_2020.pdf
  3. https://es.wikipedia.org/wiki/Pandemia_de_COVID-19#Mascarillas
  4. https://it.wikipedia.org/wiki/Pandemia_di_COVID-19_del_2019-2020#Epidemiologia_e_cenni_storici
  5. https://www.who.int/ru/emergencies/diseases/novel-coronavirus-2019/covid-19-vaccines
  6. https://www.euro.who.int/ru/health-topics/health-emergencies/coronavirus-covid-19/novel-coronavirus-2019-ncov