Чүй облусу: нускалардын айырмасы
мNo edit summary |
|||
248-сап: | 248-сап: | ||
|- |
|- |
||
|Беловодск айыл аймагы |
|Беловодск айыл аймагы |
||
|[[ |
|[[Беловодское|Беловодское а.]], [[Кош-Дөбө, Москва району|Кош-Дөбө а.]] |
||
|- |
|- |
||
|Биринчи-Май айыл аймагы |
|Биринчи-Май айыл аймагы |
5 август 2021, саат 20:20 учурдагы нуска
Чүй облусу | |||
| |||
Өлкө: |
Кыргызстан | ||
---|---|---|---|
Абалы: |
Облус | ||
Курамында: |
4 шаар, 9 район | ||
Акимий борбору: | |||
Ири шаарлары: | |||
Түзүлгөн убакыты: | |||
Губернатору: |
Бактыбек Жапарович Кудайбергенов | ||
Расмий тили: |
Кыргыз тили | ||
Калкы (2019): |
941 100[1] | ||
Жыштыгы: |
40,5 адам/км² | ||
Жер аянты: |
20,2 миң км² | ||
Деңиз деңгээлинен бийиктиги: • Эң бийик чекити • Эң төмөн чекити | |||
Саат алкагы: | |||
ISO 3166-2 коду: |
KG-C | ||
Унаа коду: |
C, S, 08 | ||
Расмий сайты | |||
Чүй облусу Викиказынада |
Чүй облусу — Кыргызстандын түндүк жагында Чүй өрөөнүндө жайгашкан. 21 ноябрь 1939 жылында уюштурулган.
Облуста 4 шаар, 5 шаар түрүндөгү айыл, 105 айыл өкмөтү, 327 айыл бар.ЧҮЙ ОБЛУСУ Респ-нын түн. бөлүгүн ээлейт. Түн. ж-а батышынан Казакстан, түш.-батышынан Талас, түштүгүнөн Жалалабат, Нарын, чыгышынан Ысыккөл облустары м-н чектешет. Облуста 8 адм. район (Аламүдүн, Жайыл, Кемин, Москва, Панфилов, Сокулук, Чүй, Ысыката), 4 шаар (Токмок, Кант, Карабалта, Шопоков), 5 шаарча (Актүз, Борду, Кайыңды, Кемин, Орловка), 105 айыл өкмөтү, 327 кыштак бар. Облустун чегинде респ- нын борбору - Бишкек ш. жайгашкан. Аянты 20,2 миң км2. Калкы 758,1 миң (2002). Борбору - Токмок ш. (2003). 1939-ж. чейин облустун азыркы чегинде түрдүү адм.-айм. системалар (округ, кантон, болуштук ж. б.) болгон. 1939-59-ж. Фрунзе облусу; 1959-90-ж. респ-га тике баш ийген райондор, 1990-жылдын 14-декабрынан Чүй облусу. Табияты. Облустун аймагын Чүй, тоо аралык Чоң Кемин ж-а Суусамыр өрөөндөрү, о. эле аларды чектеп жаткан Иле, Кыргыз, Күнгөй, Талас Алатоолорунун, Суусамыр, Жумгал кырка тоолорунун капталдары түзөт. Абсолюттук бийиктиги 550 мден (Чүй өрөөнүнүн Камышановка кыш. туштагы түн. чет-жакасы) 4895 мге чейин (Кыргыз Ала- тоосундагы Аламүдүн чокусу). Облустун аймагынын басымдуу бөлүгүн Чүй өрөөнү ээлейт. Өрөөн негизинен түн.-батышты карай эңкейиш келип, батыш ж-а ортоңку бөлүктөрү Чүй д-на жакындаганда дээрлик жайык түздүккө айланат. Андан жогору адырлар ж-а дөңсөөлөр (айрыкча Бишкек ш. тушта), этек тоолор көтөрүлүп турат. Алар- дын 1-тилкеси Аларча, Аламүдүн ж-а Норус сууларынын өрөөндөрү м-н тилмеленет, айрым дөңсөөлөрдү – Бешкүнгөй (бийикт. 1150 мге чейин), Басбөлтөк (1400 м), Шороба- шат (1750 м) ж. б. пайда кылат. Андан түштүгүрөөк, этек тоолордон бийигирээк этек тоо-дөбө-дөңсөөлөрдүн 2-тилкеси созулуп жатат. Аларды 1-тилкеден кеңдик багытта жаткан Байтик өрөөнү бөлүп турат. Кыргыз Алатоосунун капталдары асимметриялык түзүлүштө: түш. капталдары кыска ж-а тик, түндүгү жазы, айрым айрыктары 20 кмге жетип, өрөөн капчыгайлуу; ирилери: Ашмара, Карабалта, Аксуу, Сокулук, Аларча, Аламүдүн, Ысыката, Кегети, Шамшы, Коңорчок, Байдамтал, Түн. ж-а Чыгыш Каракол ж. б. 3500 м бийиктиктен жогору аска-таштуу, кар-мөңгүлүү алкак башталат. Чүй өрөөнү чыгышта Кичи Кемин өрөөнүнө өтөт. Чыгышта Иле ж-а Күнгөй Алатоолорунун аралы- гында Чоң Кемин өрөөнү жайгашкан. Аталган тоолор чыгышта бири-бирине жакында- шып, Кемин-Челек тоо тоомун пайда кылат. Чоң Кемин өрөөнүнүн чыгышында Көгой- рок жайлоосу бар. Ал эми облустун түш. бөлүгүн Кырг-ндагы ири жайлоолордун бири Суусамыр өрөөнү ээлейт. Ал деңиз деңг. 2000–3200 м бийиктикте жайгашкан. Өрөөн батышты карай кууштап, таманы бийиктейт. Батышы Дубанкечүү өрөөнү, борб. бөлү- гү – Суусамыр, чыгышы Батыш Каракол өрөөнү деп аталат. Кен байлыктарынан алтын (Талдыбулак, Далпраң, Камоотөр), темир, титан, хром, никель, коргошун, цинк, сейрек кездешүүчү элементтер (Актүз) бар. Металл эмес кендер да арбын: кум, чопо, мергель, туз, тальк, гранит-сиенит, акиташ теги, мрамор, гранит, кварцит. Тектон. жаракаларга тутумдаш жерлерден минералдуу, ысык суулар жер бетине агып чыгат (Ысыката, Аламүдүн, Аксуу капчыгайларында).Климаты ар түрдүүлүгү м-н өзгөчөлөнөт. Түндүгүндөгү түзөң бөлүгүнүн климаты континенттик, кургак, жайы ысык, кышы мелүүн, суук. Июлдун орт. темп-расы 17–25°С, январдыкы –7°С. Жылдык орт. жаан-чачыны 270-400 мм. Бийик жайгашкан Суусамыр өрөөнүндө июлдун орт. темп-расы 13–14°С, январдыкы –20…–21°С, жылдык жаан-чачы- ны 350–370 мм. Тоо капталдары бийиктеген сайын абанын темп-расы төмөндөп, жаан- чачындын (айрым тоолордун түндүккө ж-а батышка караган капталдарында) өлчөмү арбыйт. Кыргыз Алатоосунда жалпы аянты 520 км2 жеткен 582 мөңгү бар, көбү борбордук бөлүгүндө. Чоң Кемин суусунун башы мөңгү чордону болуп саналат.
Улуттук курамы
- Кыргыздар – 575,359 (64.8 %) (2016)
- Орустар – 142,715 (16.0 %)
- Дуңгандар – 57,828 (6.5 %)
- Уйгурлар – 16,999 (1.9 %)
- Өзбектер – 16,459 (1.8 %)
- Казактар – 13,140 (1.4 %)
- Түрктөр – 11,533 (1.2 %)
- Азербайжандар – 11,519 (1.2 %)
- Украиндер – 6,002 (0.6 %)
- Татарлар – 5,866 (0.66 %)
- Немистер – 5,132 (0.57 %)
- Корейлер – 4,023 (0.45 %)
- Тажиктер - 3,240 (0.36 %)
- Чечендер - 1,167 (0.13 %)
- Белорустар - 418 (0.04 %)
- Армяндар - 215 (0.02 %)
- Молдовандар - 185 (0.02 %)
- Түркмөндөр - 136 (0.015 %)
- Грузиндер - 102 (0.011 %)
- Литтер - 62 (0.006 %)
- Латыштар - 49 (0.005 %)
- Эстондор - 42 (0.004 %)
- Жөөттөр - 36 (0.004 %)
- Башка улуттар - 15,253 (1.71 %)
Административдик-аймактык түзүлүшү
Булактарга шилтемелер
Кыргызстандын административдик-аймактык түзүлүшү | ||
---|---|---|
Облустар | Баткен облусу · Жалал-Абад облусу · Нарын облусу · Ош облусу · Талас облусу · Чүй облусу · Ысык-Көл облусу | |
Шаарлар | Бишкек · Ош |