Кыргызстан: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
м робот добавил: zh-yue:吉爾吉斯
293-сап: 293-сап:
[[zh:吉尔吉斯斯坦]]
[[zh:吉尔吉斯斯坦]]
[[zh-min-nan:Kyrgyzstan]]
[[zh-min-nan:Kyrgyzstan]]
[[zh-yue:吉爾吉斯]]

5 сентябрь 2010, саат 11:42 учурдагы нуска

Кыргыз Республикасы (Кыргызстан)
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Герби
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Гимни
Дүйнөдөгү орду

Кыргызстан
Эгемендүүлүгү
 - Жарыяланган
СССР-дeн,
31-чи август 1991
Мамлекеттик тили Кыргыз тили
(Орус тили расмий түрдө колдонулат )
Борбор калаасы Бишкек
Эң ири шаарлары Бишкек, Ош, Каракол
Убактылуу Окмот Кыргыз Республикасынын Убактылуу Окмотунун башчысы Роза Отунбаева
Аянты
  Бардыгы
85-чи орунда
198.500 км²
Суу аянты
3.6%
Калкы:
  Саны
 
  Жыштыгы
 

60-чы орунда
5 264 000(2005)
147-чи орунда
25/км²
ИДП
 
135-чи орунда
$10 626 000 000 (2005)
Улуттук акча бирдиги Кыргыз Сому KGS (1993)
Жергиликтүү убакыт UTC+6
Интернет домени .kg
Эларалык телефон коду +996

Кыргызстан, Кыргыз РеспубликасыОрто Азиянын түндүк-чыгышында жайгашкан. Өлкө түндүктөн Казакстан, батыштан Өзбекстан, түштүк-батыштан Тажикстан, ал эми түштүк –чыгыштан Кытай Эл Республикасы менен чектешет. Кыргызстандын калкы 5 миллиондон ашуун адам. Анын 66,9% кыргыздар, 14,14% өзбектер, 10,65% орустар жана 8,31% калган улуттар түзөт. Жалпысынан өлкөдө 80ден ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт. Жалпы калктын 32,8% 14 жашка чейинки балдар түзөт. Эмгекке жарамдуулар калктын 56,1%, ал эми ишке жарамдуулардан улуулар – 8,7% түзөт. Кыргызстан – Чыгыш менен Батышты бириктире турган тогуз жолдун тоомунда – борбордук азия цивилизациясынын кан жолунда жайгашкан. Сулайман тоо, Өзгөндөгү тарыхый комплекс, Саймалуу таштагы сүрөттөр, Манастын күмбөзү, Таш-Рабат тарыхый кербен сарайы, Бурана мунарасы кыргыз жеринин байыркы тарыхтан калган кереметтери катары бааланат.

Кыскача тарыхый маалымат

Алгачкы кыргыз улуту жөнүндө эскертме

Кыргыздар өзүнө берген аталышты билдирген “кыргыз” сөзү түрк тилдери аркылуу гана чечмеленет. “Кыргыз” аталышын чечмелеген ар кыл варианттар бар. Алардын бири болуп “кыргыз” сөзү “кызыл” түстү туюундурат. Байыркы каракалпак эпосунда “кырк-кыз” сөзүнөн келип чыккан деп дагы божомолдошот. “Кыргыз”этнониминин маанисин так жана туура чечмелөө алда кыйын жанаа татаал. Советтер Союзу таркагандан кийин эгемендүү Кыргызстанда тарыхка болгон чоң кызыкчылыктар жана жаңыча көз караштар пайда боло баштады.

Байыркы кыргыз улутунун келип чыгышына мурунку убакта мынчалык көп маани берилген эмес, алгачкы кыргыз жөнүндө маалымат б. з. ч 569 жылы византия императору Юстианин II Земарх белекке кыргыз кулун алганы тууралу эскерилип жазылат. [1]

Азыркы официалдык версияга таянсак биздин заманга чейинки 201-жылы гегун (мангол тилинде жеке кыркун түрүн билдирет) аты менен кыргыздар жөнүндө көптөгөн кылымдыр мурун эле кытай жазмаларында жазылып келген. “Илимий” байыркы кыргыздырды аныктоо , тапшырмасы менен иштеп жаткан тарыхчылардын ою боюнча кыргыз журту жөнүндө биздин заманга чейинки III кылымда тактап айтканда 22 кылым мурун эскерип келген. Андан бери кыргыз калкы Ала-Тоо областына карай көптөгөн баскычтардан өтүп “Енесай”аркылуу ыйык империя доорунан өткөн.

Кыргыздар жөнүндө алгачкы тарых күбөлүгү болуп биздин заманга чейинки 201 жылы Сыма Цяндын “Тарыхтык жазмалар” (Щи-цзи) эмгегинде мындай кабар бар: “Хундардын падышасы кийинчереек түндүктө хуньүй, күйше, динлин, кыргыз, синьли сыяктуу мамлекеттерди каратты”.

Жеңилген өлкөлөрдүн небактан берки бийлик жүргүзгөн өкүмдарлары менен ак сөөктөрү ошондо Моде Шанүйдүн хандык бийлигин таанышат. Кызыгы, кытайча “хань”сөзү – акылман, өтө жөндөмдүү, жакшылык кылуудан аянбаган өкүмдар дегенди билдирген.

Б.з.ч. III кылымдын соңунда кыргыздардын ээлиги “го” (мамлекет) термини менен коштолгонун кытайлык окумуштуу Мухаммед Ху Чженхуа, ж.б. илимпоздор тактап аныкташты. Натыйжада тарыхчылар мындан 2200 жыл илгери кыргыз мамлекеттүүлүгү болгон деген тыянак жарыялашат.

2003 жылы Кыргыз Республикасынын президентинин №184 11.07.2002 указы менен кыргыз мамлекетүүлүгүнүн жана дүнүйө коомчулугу кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200-жылдык мааракесин белгиледи. Бул иш-чара Бириккен Улуттар Уюумунун жана Юнесконун колдоосунун астында өткөн. [2]

Борбору

Областтары

Кыргыз Республикасынын администрациялык бөлүнүшү

Жер, суулары

Кыргыз Республикасынын аймагы батыштан чыгышка карай 900 чакырымга, ал эми түндүктөн түштүккө карай 410 чакырымга созулат. Кыргызстандын аянты 199,9 миң квадрат чакырым.

Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 2750 метр, эң бийик жери - 7439 метр (Жеңиш чокусу), эң жапыс жери - 394 метр (республиканын түштүк-чыгыш аймагында). Кыргызстан - тоолуу өлкө. Республикада түстүү жана сейрек учурай турган металлдар, көмүр жана башка кен-байлыктар бар. Климаты континенталдуу. Дарыялары негизинен Сырдарыяга куят, анын башкы булагы - Нарын). Ысыккөл, Соңкөл, Чатыркөл, Сарычелек сыяктуу кооз көлдөр бар.

Мамлекеттик түзүлүш

Кыргыз Республикасы - эгемендүү, унитардык, укуктук, динден тышкары, демократиялык республика. Азыр колдонулуп жаткан Конституциясы 1993 -жылы 5-майда кабыл алынган.
Кыргыз Республикасында мамлекеттик бийликке Кыргыз Республикасынын Президенти, Жогорку Кеңеши, Өкмөтү жана ага баш ийген аткаруу бийлик органдары, Конституциялык Соту, Жогорку Соту, жергиликтүү соттору жана судьялары өкүлчүлүк кылат жана жүзөгө ашырышат.
Мамлекет башчысы - бүткүл эл тарабынан беш жылга шайланган Президент.
Жогорку мыйзам чыгаруучу органы — Жогорку Кеңеш (парламент). 2003 жылдагы референдумдун жыйынтыгы менен 2005 жылдан тартып бир палаталуу парламент (беш жылга шайланган 75 депутат) иштей баштаган.
Өкмөт премьер-министрден (президенттин көрсөтмөсү боюнча парламент дайындаган), вице-премьер-министрлерден жана министрлерден турат.
Шайлоо укугу 18ге толгон бардык атуулдарга берилген.

Майрамдары

Кыргыз Республикасынын майрамдары

Жалпы жыйынтык

  1. Istorija Kirgizstana [онлайн]. Institut strategičeskogo analiza i prognoza, 2005 [цит. 17. 11. 2006]. <http://www.easttime.ru/countries/topics/1/4/31.html>. Also Enciklopedicheskij slovar' Brokgauza i Efrona. Peterburg, 1890–1907. In: KOKAISL Petr, KOKAISLOVÁ Pavla. The Kyrgyz – Children of Manas. Кыргыздар – Манастын балдары. Prague / Прага: Аlterra and Za hranice: Společnost pro rozvojovou spolupráci při Provozně ekonomické fakultě ČZU v Praze. Fellowship for development cooperation, 2009. 290 p.
  2. KOKAISL Petr, KOKAISLOVÁ Pavla. The Kyrgyz – Children of Manas. Кыргыздар – Манастын балдары. Prague / Прага: Аlterra and Za hranice: Společnost pro rozvojovou spolupráci při Provozně ekonomické fakultě ČZU v Praze. Fellowship for development cooperation, 2009. 290 p.

Шилтемелер

жаңы шилтемелер төмөнкү сапка койулушу керек - хронологияны сактайлы