Красноярск: нускалардын айырмасы
Emil Döölös (талкуу | салымы) Emil Döölös moved page Красноярск to Кызылжар Белги: Жаңы багыттама |
"Красноярск" шаардын расмий аталышы. Кыргыз тилдүү чөйрөсүндө таанымал аталыш болгондуктан бул аталыш колдонулат. Шаардын этимологиясы боюнча өзүнчө бөлүгүн түзүү туура келет Белгилер: Removed redirect Көрсөтмөлүү оңдоо |
||
1-сап: | 1-сап: | ||
[[Файл:Aerial view of Krasnoyarsk (city centre).jpg|thumb|Красноярск]] |
|||
#REDIRECT [[Кызылжар]] |
|||
[[Файл:Coat of Arms of Krasnoyarsk (Krasnoyarsk krai).svg|thumb|upright]] |
|||
'''Красноярск''' ― [[Орусия|Орусиядагы]] [[шаар]] (1822-жылдан). Красноярск крайынын административдик борбору. [[Енисей|Энесай дарыясынын]] өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 1 052 218 (2015-жылы). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Кызылжар аркылуу Транссибирь магистралы, «Байкөл» (Новосибирск – Кемерово – Кызылжар – Иркутск – Листвянка) жана «Энесай» (Кызылжар – Абакан – Кызыл – Моңголиянын чек арасына чейин) федерация автотрассасы өтөт. Чыгыш Сибирдин илим, билим, маданий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (токой жана целлюлоза-кагаз, кеме өнөр-жай үчүн жабдуу, экскаватор, комбайндардын тетиктерин даярдайт), түстүү металлургия, химиялык (химиялык була, жасалма каучук, шина), жеңил өнөр-жай ишканалары, алюминий (дүйнөдүгү эң ири; 2007-ж. 1 млн тга жакын өндүрүлгөн), муздаткыч чыгаруучу «Бирюса» (Россиядагы эң ири) ж. б. заводдор иштейт. 1628-ж. негизделген. 19-кылымдын 2-жарымынан сүргүнгө айдалчу жер болгон. Россия банкынын билетине түшүрүлгөн 7 шаардын бири. Көпөстөрдүн үйлөрү (1854), коноктор ак сарайы, бийик аркалуу соода катарлары (1860), эклектика стилиндеги турак-жайлар (20-кылымдын башы, алтын өндүрүүчүлөрдүн), чиркөөлөр, кечилканалар, соборлор ж. б. сакталган. Он үч Жогорку окуу жайлары (анын ичинде 2 университет), Орусиянын Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Красноярск илимий борбору, музейлер (анын ичинде край таануу, В. И. Суриков атындагы сүрөт), В. И. Суриковдун үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде опера жана балет, музыкалык комедия, драма, куурчак) бар. Красноярскка жакын ГЭС курулган. Красноярсктан 3 км түштүк-батышта Мамылар коругу уюштурулган. Эл аралык фестивалдар (опера) жана конкурстар өткөрүлүп турат<ref>[https://timescanner.pro/ru/Krasnoyarsk Красноярск шаары тууралуу маалымат]</ref>. |
|||
==Колдонулган адабияттар== |
|||
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9 |
|||
[[Категория:Россия шаарлары]] |
|||
[[Категория:Сибирь]] |
20 сентябрь 2021, саат 15:40 учурдагы нуска
Красноярск ― Орусиядагы шаар (1822-жылдан). Красноярск крайынын административдик борбору. Энесай дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 1 052 218 (2015-жылы). Темир жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Дарыя порту. Кызылжар аркылуу Транссибирь магистралы, «Байкөл» (Новосибирск – Кемерово – Кызылжар – Иркутск – Листвянка) жана «Энесай» (Кызылжар – Абакан – Кызыл – Моңголиянын чек арасына чейин) федерация автотрассасы өтөт. Чыгыш Сибирдин илим, билим, маданий борбору. Машина куруу жана металл иштетүү (токой жана целлюлоза-кагаз, кеме өнөр-жай үчүн жабдуу, экскаватор, комбайндардын тетиктерин даярдайт), түстүү металлургия, химиялык (химиялык була, жасалма каучук, шина), жеңил өнөр-жай ишканалары, алюминий (дүйнөдүгү эң ири; 2007-ж. 1 млн тга жакын өндүрүлгөн), муздаткыч чыгаруучу «Бирюса» (Россиядагы эң ири) ж. б. заводдор иштейт. 1628-ж. негизделген. 19-кылымдын 2-жарымынан сүргүнгө айдалчу жер болгон. Россия банкынын билетине түшүрүлгөн 7 шаардын бири. Көпөстөрдүн үйлөрү (1854), коноктор ак сарайы, бийик аркалуу соода катарлары (1860), эклектика стилиндеги турак-жайлар (20-кылымдын башы, алтын өндүрүүчүлөрдүн), чиркөөлөр, кечилканалар, соборлор ж. б. сакталган. Он үч Жогорку окуу жайлары (анын ичинде 2 университет), Орусиянын Илимдер Академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Красноярск илимий борбору, музейлер (анын ичинде край таануу, В. И. Суриков атындагы сүрөт), В. И. Суриковдун үй-музейи, сүрөт галереясы, театрлар (анын ичинде опера жана балет, музыкалык комедия, драма, куурчак) бар. Красноярскка жакын ГЭС курулган. Красноярсктан 3 км түштүк-батышта Мамылар коругу уюштурулган. Эл аралык фестивалдар (опера) жана конкурстар өткөрүлүп турат[1].
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9