Нарын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
61-сап: 61-сап:
|сайтынын тили =
|сайтынын тили =
}}
}}
'''Нарын''' — [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] шаар, ошондой эле [[Нарын облусу|Нарын облусунун]] жана [[Нарын району|Нарын районунун]] акимий борбору
'''Нарын''' — [[Кыргызстан|Кыргызстандагы]] шаар. [[Нарын облусу|Нарын облусунун]] жана [[Нарын району|Нарын районунун]] административдик борбору.


Калкы — 38 800 адам ([http://www.stat.kg/kg/statistics/download/operational/718/ 2017]). Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².
Калкы — 38 800 адам (2017-жылы)<ref>http://www.stat.kg/kg/statistics/download/operational/718/</ref>. Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².


== Кыскача таржымакалы ==
== Кыскача таржымакалы ==

22 октябрь 2021, саат 13:01 учурдагы нуска

Отурукташкан жай
Нарын
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Кыргызстан
Облус Нарын облусу
Район Нарын району
Координаттар 41°26′ с. ш. 76°00′ в. д.HGЯO
Мэр Нурбек Молдокадыров [1]
Тарыхы жана Географиясы
Аянты 40,51 км²
Борборунун бийиктиги 2020 м
Убакыт аралыгы UTC+6
Калкы
Калкы 40 049 адам (2017)
Улуттук курамы кыргыздар — 98,5%
өзбектер — 0,4%
дунгандар — 0,4%
уйгурлар — 0,3%
Этнохороним Нарындык, Нарындыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +996, 3522 (мурдагысы 3145)
Почта индекси 722600
Автоунаа коду 05, N
Нарын (Кыргызстан)

НарынКыргызстандагы шаар. Нарын облусунун жана Нарын районунун административдик борбору.

Калкы — 38 800 адам (2017-жылы)[2]. Шаардын жалпы аянты — 40,5 км².

Кыскача таржымакалы

Нарын шаарынын аймагы - тээ байыркы таш доорунан бери эле адамзат жашаган жер. Мында Ала-Тоо археологиялык эстелик жайларында байыркы кишилердин калтырган таш куралдары табылган.

19-кылымда бул аймакта Kокондук чеп курулган.

1868-жылы орусиялык аскерлер Түндүк Кыргызстанды басып алганда, Нарында да атайын аскердик бекемделген жайды негиздешкен. Акырындап ал жай ири кыштакка жана шаарчага айлана берген.

Климаты. Географиялык абалы

Шаар Сыр-Дарыя дарыясына башат болгон Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Климаты - континенталдык.

Чарбасы. Өнөр жай ишканалары

Шаарда айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштеп чыгуу менен байланышкан бир катар чакан ишканалар (эт комбинаты, сүт комбинаты), электр тармагын тейлөө мекемелери бар.

Нарын шаарындагы «Жамал» торт кондитердик ишканасы 2003-жылы ачылып, иш үч киши менен башталган. Учурда бул ишканада 15 адам иштеп жатат. Жабдыктар Корея жана Орусиядан алынып келинип, таттуу азыктардын 35 түрү европалык жана мурдагы кеңештик технология менен жасалат.

Унаа

Нарын шаарынын негизги унаа каражаты - автомобиль транспорту. Шаарда автобус, троллейбус жана таксилер жүрүп турат.

Шаардын чыгышында 5 чакырымдай алыстыкта Нарын аба майданы жайгашкан.

Маданият

Шаарда Нарын мамлекеттик университети, Кыргыз Мамлекеттик Юридикалык академиясынын колледжи, Борбордук Азия Университети жана башка да бир катар окуу жайлар, мектептер жайгашкан.

Нарын областтык музыкалык драма театры өлкөдөгү даңазалуу театр чордондорунун бири.

Нарын шаарында таалим алган атактуу кишилер

Нарын шаарында мурдагы өлкө башчылары Аскар Акаев, Роза Отунбаева, эл акыны Эсенгул Ибраев, академик Үсөн Асанов, ж.б. таалим алышкан. Жумамүдүн Шералиев, Муратбек Рыскулбековдор Нарын шаарында жашап, эмгектенишкен

Боордош (шерик) шаарлар жана аймактар

Кыскача адабият тизмеси

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. - ISBN 9967-14-046-1.
  • Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. – (Мында: 357-бетте). - ISBN 9967-14-016-X.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 388-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – Б. 139. – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Кыргыз обондору / Жыйнакты түзгөндөр Б.Алагушов, К.Мадваров. – Фрунзе: «Кыргызстан» басмасы, 1970. – 474 бет. – [Кыргыз ССР Маданият министрлиги. Республикалык эл чыгармачылык үйү].
  • Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1990. – 288 бет. – Рецензент: тарых илиминин доктору Өмүркул Караев. - ISBN 5-89750-028-2.
  • Асанов У.А., Джуманазарова А.З., Чоротегин Т.К. Кыргызская наука в лицах: Краткий био-библиографический свод / Отв. ред. академик У.А.Асанов. – Бишкек: Центр государственного языка и энциклопедии, 2002. – 544 стр., илл., карта. - ISBN 5-89750-142-4.

Салкын-тор

Шилтемелер

  1. Нарын шаарына жаңы мэр шайланды. (super.kg). Текшерилген күнү 1 -октябрь (тогуздун айы) 2019.
  2. http://www.stat.kg/kg/statistics/download/operational/718/