Атырау облусу: нускалардын айырмасы
+ Atyrau_in_Kazakhstan.svg |
|||
6-сап: | 6-сап: | ||
[[Категория:Казакстан]] |
[[Категория:Казакстан]] |
||
[[Категория: |
[[Категория:Казакстан облусттары]] |
7 декабрь 2021, саат 16:15 учурдагы нуска
Атырау облусу (мурдагы Гурьев облусу) - Казакстан Республикасынын түндүк-батышында. 1938-жылы 15-январда түзүлгөн. Аянты 112,0 миң км2. Калкы 453,2 миң (1997). Атырау облусунун курамында 7 административдик район, 1 шаар, 15 шаарча бар. Борбору Атырау шаары. Каспий бою ойдуңунда жайгашкан; түндүгүнөн Каспий деңизи менен чулганат. Климаты кескин континенттик. Январдын орточо температурасы -3,5°...-5°Сге чейин, июлдуку 24°25°С. Шамал дээрлик тынымсыз согуп турат (орточо ылдамдыгы 6-7 м/сек). Жылдык жаан-чачыны 150-200 мм. Башкы дарыялары: Урал жана Эмба. Ири көлдөрү: Индер, Жамансор, Айгыр-Көл жана башка Туздуу көлдөр да кездешет. Күрөң, шортоң жана шор топурактуу. Дан өсүмдүк-шыбактуу жарым чөл жана шыбак-баялыштуу чөл ландшафты мүнөздүү. Негизги өнөр жай тармактары: нефть, химия, балык. Облустун аймагынан нефть жана газдын ири кени табылган. Индер көлүндө калий тузунун мол запасы бар. Айыл чарбасынын негизги тармагы - кой чарбасы; ошондой эле уй, жылкы, төө асыралат. Тоют жана жашылча-бакча өсүмдүктөрү өстүрүлөт. Атырау - Орск, Атырау - Уральск, Атырау - Шевченко нефть куурлары бар. Каспий деңизинде мезгил-мезгили менен кеме жүрөт.
Колдонулган адабияттар
- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1