Стресс: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
'''Стресс - организмдин сырткы таасирлерге каршы коргонуусу.'''

'''Стресс - организмдин сырткы таасирлерге каршы коргонуусу.'''

[[File:stress.jpg]]

[[Англис тили]]нен которгондо, басым чыңалуу деген мааниге келген стресс организмдин тең салмактуулугун бузган ар түрдүү терс таасирлерге каршы, организмдин коргонуусу жана реакциясы, адамдын нерв системасынын чыңалган абалы катары сүрөттөлөт. [[Медицина]]да, физиологияда жана [[психология]]да стресстин жеңил жана оор стадиясы болгон сыяктуу эле, оң (эустресс) жана терс (дистресс) формалары бар. Тагыраак айтканда стрессти жагымсыз окуялар жараткандай эле аябай кубанычтуу окуялар дагы пайда кылышы мүмкүн.

[[Англис тили]]нен которгондо, басым чыңалуу деген мааниге келген стресс организмдин тең салмактуулугун бузган ар түрдүү терс таасирлерге каршы, организмдин коргонуусу жана реакциясы, адамдын нерв системасынын чыңалган абалы катары сүрөттөлөт. [[Медицина]]да, физиологияда жана [[психология]]да стресстин жеңил жана оор стадиясы болгон сыяктуу эле, оң (эустресс) жана терс (дистресс) формалары бар. Тагыраак айтканда стрессти жагымсыз окуялар жараткандай эле аябай кубанычтуу окуялар дагы пайда кылышы мүмкүн.

Стресс терминин алгач болуп Вальтер Канон медицина тармагына киргизген. Ал эми белгилүү канадалык окумуштуу жана изилдөөчү Ганс Селье бул оорунун белгилерин аныктап андан ары өрчүткөн.

Стресс терминин алгач болуп Вальтер Канон медицина тармагына киргизген. Ал эми белгилүү канадалык окумуштуу жана изилдөөчү Ганс Селье бул оорунун белгилерин аныктап андан ары өрчүткөн.

29 март 2011, саат 17:24 учурдагы нуска

Стресс - организмдин сырткы таасирлерге каршы коргонуусу.

Англис тилинен которгондо, басым чыңалуу деген мааниге келген стресс организмдин тең салмактуулугун бузган ар түрдүү терс таасирлерге каршы, организмдин коргонуусу жана реакциясы, адамдын нерв системасынын чыңалган абалы катары сүрөттөлөт. Медицинада, физиологияда жана психологияда стресстин жеңил жана оор стадиясы болгон сыяктуу эле, оң (эустресс) жана терс (дистресс) формалары бар. Тагыраак айтканда стрессти жагымсыз окуялар жараткандай эле аябай кубанычтуу окуялар дагы пайда кылышы мүмкүн.
Стресс терминин алгач болуп Вальтер Канон медицина тармагына киргизген. Ал эми белгилүү канадалык окумуштуу жана изилдөөчү Ганс Селье бул оорунун белгилерин аныктап андан ары өрчүткөн.

Стресс кантип пайда болот?
«Жоо айтып келбейт» деген сыяктуу стресс дагы ар түрдүү жашоодогу жагдайлардан улам кокусунан пайда болушу мүмкүн. Көпчүлүк врач жана психологдордун айтымында стресстин пайда болушун шарттаган себептердин негизгилери катары үй-бүлөдөгү чыр-чатак, акчанын жетишпестиги, жумушсуздук, жакын адамдардан айрылуу ж.б саналат. Адам кандайдыр бир жагымсыз окуяларга же маселелерге кабылганда нерв системасы чыңалууга дуушар болот. Натыйжада белгилүү бир маселенин алкагында ойлонуп, капаланган адам коомдогу башка адамдардан алыстап, өзү менен өзү болуп кетет.
Ошондой эле баштын оорусу, алдын кетиши, белгилүү бир нерсе кылууга каалоонун жок болгондугу, келечекке болгон ишенимдин жоголушу, маанайдын бат-баттан өзгөрүп туруусу, тобокелге көбүрөөк баруу стресстин негизги белгилеринин катарына кирет.

Стресс көптөгөн ооруларга себепчи болот
Дүйнөдөгү ар кыл доктурлардын билдиргенине караганда адам кабылган оорулардын 80%ы стресстин натыйжасында пайда болушу мүмкүн. Бишкектик врач Эсенгелдиева Анара айым айткандай стресстин таасири анын стадияларына карата ар кандай кейипке ээ. «Нерв системасында пайда болгон стресс өрчүп кете турган болсо адамды жүрөк оорулуу кылат, дайыма стресстик абалда жүргөндөрдө уйкусуздук да пайда болот. Ошондой эле стресске кабылган адамдар эч кандай даарыгерге, же психологго кайрылбай жүрө бере турган болсо, сахар диабети, инсульт өңдүү коркунучтуу оорулардан жапа чегип калышы ыктымал», дейт, Анара айым
Мындан сырткары психологиялык жактан алганда стресс өрчүп олтуруп депрессияга чейин жете турган болсо, адамды ичкиликке, андан ары өзүнүн жанын кыйууга алып келет. Бүткүл Дүйнөлүк Ден-соолукту Сактоо уюмунун билдиргенине караганда, дүйнөдө өзүн-өзү өлтүрүүлөрдүн дээрлик баардыгы стрессти башкара албай калгандыктан болуп жатат.

Стресстен жапа чеккендердин саны артууда.
Бир карасаң анча көңүл арзытаарлык болуп деле көрүнбөгөн стресс жыл өткөн сайын дүйнөнү анын ичинде Кыргызстанды кучагына алып келет. Айрыкча соңку жылдардагы каржы кризисинин таасири менен стресске кабылып жардам сурагандардын саны арткандыгын дүйнөдөгү көптөгөн психологдор айгинелеп келишет. Статистикага караганда көпчүлүк Батыш өлкөлөрүнүн калкынын жарымынан көбү стресстен жапа чегип келишет.
Lossofsoul.com билдиргендей АКШ калкынын 60%ы бир жумада бир-эки жолу стресске кабылышат. Ал эми Орусия элинин 1/3 туруктуу стресс абалында болушат. Ошондой эле Европа Союзуна кирген өлкөлөрдөгү 40 миллион 147 миң жумушчу стресстен жапа чегишет. Жумушчулардын ишке келбей калышы, стресстен арылуу үчүн ар кандай каражаттарга сарптаган каражаттары бир жылда 19 миллиард АКШ долларын түзөт. Мындан сырткары америкалык окумуштуулар, ооруп калып доктурларга кайрылгандардын 2/3нин оорусу стресстин негизинде пайда болгондугун далилдешкен. Демек, телегейи тегиз болгон өнүккөн өлкөлөрдө стресстен жапа чеккендер басымдуу көпчүлүктү түзсө кедей өлкөлөрдө абалдын мындан дагы оор боло тургандыгы айдан ачык.

Кыргызстанда стресстен жапа чеккендердин көпчүлүк бөлүгүн жаштар түзүшөт.
Бишкек шаарында эмгектенген врач Мамасадыкова Айжамалдын айтымына караганда стресске кабылып өздөрүнчө бул маселени чече албай калышкан адамдардын кээ бирлери гана даарыгерлерге, психологдорго келишет жана аларга колдон келген жардамдарды көрсөтүшөт. «Стресстен жапа чеккен адамдар кайрылганда аларга ар кандай жооткото турган даарыларды беребиз. Мисалы, нерв системасы чыңалып турган адамга персен, новапасид өңдүү даарылар жардам берет. Тилекке каршы стресске кабылып, бизге кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн жаштар түзөт. Кээ бир учурларда жигитим таштап кетти деп капаланып нерв болгон кыздар да келишет», дейт, Айжамал айым
Борбор шаарыбыздын тургуну Айпери да, стресске көбүнчө жаштар кабылышат деп эсептейт. Анткени жаштардын ойлору толук калыптана элек болгондуктан, алар көп нерсеге эмоцияга берилүү менен мамиле кылышат, деген оюу бар. «Мен деле мындан беш-алты жыл мурун майда-барат маселелерге капаланып, ойлоно берчүмүн. Натыйжада кээде жашоодон да аша кечип стресске кабылган күндөрүм көп болчу. Бирок азыр ойлосом бул маселелер чечип койсо боло турган иштер экен.»,-дейт, Айпери.

Кыргыз жергесинде стресстин негизги булагы үй-бүлөлүк чыр-чатак, ичкилик жана акча.
Жогоруда айтылгандай стресс, ар кандай себептерден улам адам жашоосун татаалданта баштайт. Бирок, макала даярдалып жатканда сурамжыланган замандаштардын пикири боюнча Кыргызстандыктар үй-бүлөлүк чыр-чатак жана акчанын айынан стресстен жапа чегишет. Эң кызыгы айымдар «үй-бүлөдөгү өңгө-солго басуудан жана ичкиликтен» нерв системасы чыңалууга дуушар болот дешсе, мырзаларды ойлонтуп, стресске кабылткан көрсөткүч бул акча экен.
Борбор шаарда дизайнер болуп эмгектенген Аселдин айтымында үй-бүлөдө ар кандай пикир келишпестиктер болбосо акча же, башка маселелер колдон келе турган иш болуп саналат. «Атамдын ичкиликке берилип, үйдө көп уруш чыгарат. Мунун айынан айлап күндөп ыйлап, капаланып, стресс болгон учурлар көп кездешет»,-дейт, Асел.

Жылма оруудан кантип кутулууга болот?
Психологдор айткандай, стресстен кутулуу үчүн биринчи кезекте аны оору деп билүү керек жана стресстен эрте кутулуу адамдын өзүнүн колунда. Бирок оору терең стадияларына кирип кетсе адистердин жардамысыз жакшы натыйжа алуу мүмкүн эмес. Доктур, Анаранын айымдын айтымында стресске кабылган адам алгач психологго кайрылышы керек; эгер андай мүмкүнчүлүгү жок болсо адам өзүн-өзү айыктырганга жана алаксытканга аракет кылуусу зарыл. Ошондой эле стресске кабылган адамдарга алардын жакындары эң чөн жардам көрсөтө алышат. Эгер жакын адамы оорулууга көңүл буруп, сурамжыласа, стресске кабылган адам арыз-муңун айтып, кайгы-капасы менен бөлүшүшү толук мүмкүн.
Ал эми Байыркы Кытайлык акылмандар адамдын нерв системасы чыңалууга дуушар болсо, нервди калыбына келтирүү үчүн 27 нерсенин ордун алмаштыруу керек, дешкен. Бул ыкмага ылайык дүйнөлүк психолгондор стресстик абалдан чыгуу үчүн жумуш жасоону, спорт менен машыгууну сунуш кылышат. Ал эми белгилүү психолог Дейл Карнеги убагында китебинде жазгандай, сары-санаадан, кооптонудан арылуу үчүн эң биринчи кезекте позитивдүү ойлонуу дагы стрессти четтетүүнүн бирден-бир булагы экен.