Кыргыз мамлекеттик техникалык университети: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 1954 жылы тузулгон.( мурдагы аталыштары Фрунзе Политехникалык Институту, Бишкек Политехникалык Институту, Кыргыз Техникалык Университети )
'''Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети''' - [[Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети]] - [[Кыргызстан]]дагы туңгуч техникалык жогорку окуу жайы.

1954-жылы Фрунзе (азыркы [[Бишкек]]) шаарында Фрунзедеги Политехникалык Институт катары түзүлгөн.

2004-жылы Кыргыз Техникалык Университетинин 50 жылдык мааракесинде , Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенттинин жарлыгы менен, Кыргыз Улуттук Техникалык Университет макамын алган. 2005-жылы кайрадан Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университет деп атын озгорткон.


1992-жылдын августуна чейин [[Фрунзе Политехникалык Институт, Бишкек Политехникалык Институт]] деп аталып келген.

Учурда профессор, физика-математика илиминин доктору [[Дуйшеналиев, Туратбек]] аталган университеттин 2010 жылдан ректору.


[[Category:Кыргызстан окуу жайлары]]
[[Category:1954-жыл]]
[[Category:1992-жыл]]
[[Category:Кыргызстан]]

**
Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 1954 жылы тузулгон.
( мурдагы аталыштары Фрунзе Политехникалык Институту, Бишкек Политехникалык Институту, Кыргыз Техникалык Университети )
Университеттин уюштурулушуна, анын үзүрлүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар кыргыздын улуу муундагы таланттуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаков жана атактуу, мыкты окумуштуу-уюштуруучулар, өз ишинин патриоттору алгачкы ректорлор: Георгий Сухомлинов, Владимир Михайлович Журавлев жана анын кесиптештери профессор Акматбек Жаманбаев, Леонид Дворников, Усенгазы Асаналиев, Ташмырза Айтмурзаев, Ракым Усубакунов, У.А.Асаналиев,А.Акаев, Г.Джаманкулова жана башкалар болушкан. Бул залкар инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектери окуу жайыбыздын сыймыктанган аброю экендиги талашсыз.
Университеттин уюштурулушуна, анын үзүрлүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар кыргыздын улуу муундагы таланттуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаков жана атактуу, мыкты окумуштуу-уюштуруучулар, өз ишинин патриоттору алгачкы ректорлор: Георгий Сухомлинов, Владимир Михайлович Журавлев жана анын кесиптештери профессор Акматбек Жаманбаев, Леонид Дворников, Усенгазы Асаналиев, Ташмырза Айтмурзаев, Ракым Усубакунов, У.А.Асаналиев,А.Акаев, Г.Джаманкулова жана башкалар болушкан. Бул залкар инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектери окуу жайыбыздын сыймыктанган аброю экендиги талашсыз.
Анткени университет түзүлгөндөн баштап эле мамлекет тарабынан анын ректоруна, мугалимдерине, инженер-лаборанттарына, коменданттарына, чарба жумушчуларына чейин институттун өркүндөшү үчүн, өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университетибиздин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Мындай талап жамааттын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин, тартибин, биримдигин күчөтүп, "Политех" үчүн "корпоративдик тилектештик күчтүү сезимди" пайда кылды. Мамлекетибиздин колдоосу менен университетибизде чоң-чоң окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган. Мына ушундай жол политехти союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөрдү жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүү-чүлөрүнүн катарына кошту.
Анткени университет түзүлгөндөн баштап эле мамлекет тарабынан анын ректоруна, мугалимдерине, инженер-лаборанттарына, коменданттарына, чарба жумушчуларына чейин институттун өркүндөшү үчүн, өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университетибиздин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Мындай талап жамааттын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин, тартибин, биримдигин күчөтүп, "Политех" үчүн "корпоративдик тилектештик күчтүү сезимди" пайда кылды. Мамлекетибиздин колдоосу менен университетибизде чоң-чоң окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган. Мына ушундай жол политехти союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөрдү жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүү-чүлөрүнүн катарына кошту.

31 март 2011, саат 05:54 учурдагы нуска

Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети - Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети - Кыргызстандагы туңгуч техникалык жогорку окуу жайы.

1954-жылы Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында Фрунзедеги Политехникалык Институт катары түзүлгөн.

2004-жылы Кыргыз Техникалык Университетинин 50 жылдык мааракесинде , Кыргыз Республикасынын тунгуч Президенттинин жарлыгы менен, Кыргыз Улуттук Техникалык Университет макамын алган. 2005-жылы кайрадан Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университет деп атын озгорткон.


1992-жылдын августуна чейин Фрунзе Политехникалык Институт, Бишкек Политехникалык Институт деп аталып келген.

Учурда профессор, физика-математика илиминин доктору Дуйшеналиев, Туратбек аталган университеттин 2010 жылдан ректору.

Исхак Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университети 1954 жылы тузулгон. ( мурдагы аталыштары Фрунзе Политехникалык Институту, Бишкек Политехникалык Институту, Кыргыз Техникалык Университети ) Университеттин уюштурулушуна, анын үзүрлүү өсүп-өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар кыргыздын улуу муундагы таланттуу мамлекеттик саясий ишмер Исхак Раззаков жана атактуу, мыкты окумуштуу-уюштуруучулар, өз ишинин патриоттору алгачкы ректорлор: Георгий Сухомлинов, Владимир Михайлович Журавлев жана анын кесиптештери профессор Акматбек Жаманбаев, Леонид Дворников, Усенгазы Асаналиев, Ташмырза Айтмурзаев, Ракым Усубакунов, У.А.Асаналиев,А.Акаев, Г.Джаманкулова жана башкалар болушкан. Бул залкар инсандардын калтырып кеткен көөнөрбөс эмгектери окуу жайыбыздын сыймыктанган аброю экендиги талашсыз. Анткени университет түзүлгөндөн баштап эле мамлекет тарабынан анын ректоруна, мугалимдерине, инженер-лаборанттарына, коменданттарына, чарба жумушчуларына чейин институттун өркүндөшү үчүн, өзгөчө кадрлар маселесине, окуу процессинин сапатына, илимий жана социалдык иштердин ийгилигине эң жогорку жана чоң талаптар коюлган. Мына ушундай объективдүү талаптар убакыт өткөн сайын университетибиздин салтына, маданиятына айланган жана ушу күнгө чейин сакталып келе жатат. Мындай талап жамааттын ар бир мүчөсүнүн жоопкерчилигин, тартибин, биримдигин күчөтүп, "Политех" үчүн "корпоративдик тилектештик күчтүү сезимди" пайда кылды. Мамлекетибиздин колдоосу менен университетибизде чоң-чоң окуу, лаборатория имараттары салынып, эң алдыңкы материалдык-техникалык база түзүлүп, мыкты профессионал адистер менен камсыз кылынган. Мына ушундай жол политехти союз убагында эң алдыңкы ЖОЖдун деңгээлине көтөрдү жана бүткүл союз боюнча ар кандай конкурстардын жеңүү-чүлөрүнүн катарына кошту. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети (Политехникалык институт) 55 жылдын ичинде республикабыздын өндүрүшүнүн, курулушунун, экономикасынын үзүрлүү өнүгүшүнө түздөн-түз тиешеси бар жана салымы зор. Себеби 55 жылдын ичинде нечен миңдеген бүтүрүүчүлөрүбүз азыркы кезде биз сыймыктана турган илимге эмгек сиңирген мыкты окумуштуулар, академиктер, ойлоп табуучулар, инженерлер жана белгилүү мамлекеттик кызматкерлер, чоң-чоң өндүрүштөрдүн жетекчилери. Мындай бүтүрүүчүлөрдү даярдоодо биздин профессионал тажрыйбалуу, атактуу илимпоз ардагер окутуучуларыбыздын түздөн-түз тиешеси бар. Өзгөчө билим берүү, илим изилдөө иштеринде эң мыкты үлгүсүн түзүп, кийинки муундарга жаңы жетишкендиктер үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып кетишкендигин турмуш өзү далилдеп келе жатат. Азыркы мезгилде мамлекеттик университеттердин, өзгөчө техникалык университеттердин абалы объективдүү шарттарга байланыштуу оор. Анткени баарыбызга белгилүү, алардын негизгилери болуп, биринчиден, кадрлар маселеси б.а. университеттеги айлык маанайына, эмгек шартына байланыштуу инженердик кесиптин профессионалдуу адистери жана жаш жөндөмдүү адистер университетте калып иштебей жатышкандыгы эсептелет. Ошондой жаш адистер бизге өтө аз санда келип жаткандыгына байланыштуу вакансиялык орундарга келген эле кадрларды кабыл алуудабыз. Экинчиден, оор абалга байланыштуу акыркы он беш жылда мугалимдерибиздин квалификациясын жакшы деңгээлде өркүндөтө алган жокпуз. Өзгөчө жаш мугалимдерибиз өзүнүн жөндөмдүүлүгүнө карата сабактарын берип келе атат. Чынында сабактар сапаттуу өтүш үчүн мугалимдерибиз инновациялык методикалардын, илимдин жетишкендиктеринин негизинде өтүш керек. Үчүнчүдөн, финансынын жетишсиздигине байланыштуу материалдык-техникалык базаны жаңыртуу кыйын. Мындай абал окуунун сапатына таасирин тийгизбей койбойт, анткени техникалык университеттерде окуунун 70% жакыны лабораториялык базаларда өтөт. Буга мындан башка дагы көптөгөн себептерди көрсөтүүгө болот. Бизде канткенде техникалык университетибиз окуу деңгээлин төмөндөтпөй, өсүп-өркүндөй алат жана анын кандай жолдору бар же жокпу деген стратегиялык суроо туулат. Албетте, өсүп-өркүндөөнүн ар кандай жолдору бар. Ал - ар бир университеттин негизги иши. Кыргыз мамлекеттик техникалык университети өсүү жолун 2011-жылга чейинки өнүгүү стратегиясынын планынын негизинде ишке ашырылат. Бул документте өнүгүү жолу негизинен коллективдин биримдүүлүгү аркылуу, Евросоюздун, Россиянын, Көз каранды эмес мамлекеттердин шериктештигинин (КМШ) мыкты университеттери менен эки тараптык келишимдердин, эл аралык гранттардын, проектилердин негизинде тандап алынган. Бул жол азыр үзүрлүү жыйынтыктарын берип жатат б.а. эл аралык жогорку деңгээлде жаш кадрларды даярдоо маселеси, мугалимдердин квалификацияларын жогорулатуу, илимий кадрларды даярдоо маселелери чечилип жана биргелешкен эл аралык окуу структураларын ачуу менен билим берүү стандарттарын, окуу китептерин, методикалык көрсөтмөлөрүн, инновациялык ыкмаларын колдонууда. Эл аралык гранттардын, келишимдердин негизинде материалдык-техникалык базаларыбыз жаңыланып жатат. Мисалы, Берлин колдонмо илимдеринин техникалык университети (TFH) менен биргелешкен Кыргыз-Герман техникалык факультетинин базасында Кыргызстанда биринчилерден болуп кредиттер технологиясын колдонуп, инженерлер кесиби боюнча Германиянын стандарттарынын негизинде бакалаврларды чыгардык. Азыр окутуу биргелешкен магистрдык программанын негизинде жана немис тилинде жүрөт. Берлин техникалык университетинде биздин студенттер практикалык, дипломдук иштерин аткарышат. Окутуучуларыбыз стажировкадан өтүп келишет жана немис профессорлору бизге келип толук лекциялардын циклын окуп кетишет. Азыр бул университет менен биргелешкен магистрдик программа боюнча окуу жүрүп жатат. Магистратураны бүткөндөргө эки диплом берилет. Эки тараптык келишим болгондуктан, Германиядагы Клаусталь техникалык университетине жылына бюджеттик негизде беш студент жиберебиз. Азыр ал жакта 10 студентибиз окуп жатат. Германиядагы Касселдеги техникалык университет менен күн, шамал энергиясын колдонуу багытында магистрдик программаны биргелешип өтүп, жыйынтыгында эки тараптын диплому берилет. Москва энергетикалык университети (МЭИ) менен биргелешип ачылган факультетибизде окуу программасы МЭИнин стандарттары, окуу китептери, методикалык көрсөтмөлөрү аркылуу өтүшөт. Москвадан келген профессорлор лекция окушат жана экзамен алышат. Бул факультеттин студенттери эки университетке кабыл алынат, бүткөндө эки тараптын дипломдору берилет. Жылына мугалимдерибиз стажировкадан бюджеттик негизде МЭИден өтүп турушат. Азыр алты мугалим сертификат алып келди, окуу жылы бүткөнчө дагы алты мугалимибиз квалификациясын жогорулатып келишет. Жылына жакшы окуган эки студентибизди бюджеттик негизде бул университетке жиберип турабыз. Азыр эки студентибиз 3 курста окуп жатышат. Юбилейге арналган эл аралык конференцияны биргелешип өткөргөн жатабыз. Москвадагы Бауман атындагы мамлекеттик техникалык университети менен келишимибиздин негизинде биздин эки аспирант, эки студентибиз окуп жатат. Ошондой эле бул университет бизге үзгүлтүксүз түрдө жардам көрсөтүп, жаңы чыккан окуу китептерин көп санда бекер берип турушат. Юбилейлик эл аралык конференцияны көмөктөш болуп биргелешип өткөзгөн жатабыз. Азыр Москвадагы байланыш жана информатика университети, Радиоэлектроника жана автоматика университети менен биргелешкен структура ачуу жыйынтыгында эки диплом берүү жөнүндө келишим түзүлдү. Рязандагы радиотехникалык университетинде бюджеттик негизде үч студентибиз окуп жатат. Томскидеги политехникалык университетине келишимдин негизинде жылына бюджеттик негизде 5 магистрант жиберилет. Ал жакта азыр 11 магистрант жана 1 аспирантыбыз билим алууда. Магнитогорскидеги техникалык университетине жылына бюджеттик негизде 5 студент жиберебиз. Азыр 10 студентибиз окуп жатат. Казандагы техникалык университетте 7 студентибиз окуйт. Казакстандагы Чыгыш-Казак мамлекеттик техникалык университети менен биргелешкен дистанттык окуу структурасы ачылып, окуу процесси инновациялык технологиянын, телеконференциянын негизинде өтүп жатат. Көпчүлүк сабактар окуу материалдарынын, көрсөтмө куралдарынын комплексиси электрондук түрдө камсыз кылынган. Мындай ыкмалар сабактын сапатын көтөрүүдө. Бул структурада окуган студенттер кредиттер технологиясы менен окуп бүткөндө эки тараптын дипломдорун алышат. Азыркы учурда алдынкы аспиранттарыбыз, магистранттарыбыз илимий иштерин жактап келе баштады. Ошентип эл аралык деңгээлде кадрлар даярдоо маселеси жакшы жолго коюлган. Эл аралык гранттар, проектилер аркылуу материалдык-техникалык базаны жаңыртуу маселесин чечип жатабыз. Мисалы, "Темпус" проектиси менен Франциядагы алдыңкы университети менен биргелешип, эң мыкты эл аралык деңгээлде электрондук библиотеканы ачтык. Азыр бул моделди өлкөбүздүн 9 жогорку окуу жайына таратабыз, азырынча алар Жалал-Абад, Ысык-Көл университеттеринде ачылды. Ошондой эле Италиядагы дагы бир алдыңкы университет менен биргелешип окуу процессинин сапатын көтөрүү моделин киргиздик. Проектинин негизинде окуу процессинин сапатын көтөрүү жана башкаруу департаментин (ДУК) ачып, аны кымбат оргтехникалар менен камсыздадык. Азыр ДУКтун кызматкерлери үзүрлүү иштеп, окуу сапатын жогорулатуу үчүн ар кандай жаңы уюштуруу иштерин киргизип, кредиттер технологиясын жогорку деңгээлде ишке ашырып жатышат. Быйыл биринчилерден болуп биринчи курстун бүт сынактарын (экзамендерин), зачетторун компьютердик тестирлөө менен өткөрдүк. Мындан мугалимдерибиздин ишин, студенттерибиздин билим деңгээлин ачык-айкын билдик. Долбоорлордун негизинде Бауман атындагы Москва техникалык университети 10 орундуу радиотехникалык лаборатория берди; ДААДдын стипендиаты Кыргыз - Герман факультетинин деканынын орун басары Мыктарбек уулу Кубат аркылуу 25 орундуу литей жабдыктуу лаборатория, эң алдыңкы электрондук микроскоп компьютердик программасы менен берилди. Биргелешкен илимий иштин негизинде Кельн техникалык университети эң алдыңкы моделдеги компьютердик программанын негизинде аралыкта башкаруучу, окуу процессине керектүү болгон 3 компьютердик аппарат комплексин берди. Клаусталь техникалык университети 3 түрдөгү жаңы ширетүүчү аппарат иштөөчү материалдары менен берди. TFH Берлин техникалык университети мурун 40, азыр 20 компьютер, 5 электротехника приборлорун бекер жеткизип берүүдө. Мына ушундай жол менен материалдык-техникалык базаны чыңдап жатабыз. Ошентип биздин университеттин студенттеринин чет өлкөлүк окуу жайларда билим алышы, окутуучулардын стажировкадан өтүшү көнүмүш адатка айланды. Демек жакын арада Кыргызстанда Европалык сапаттагы инженердик жогорку мектептен өткөн адистер пайда болорунда шек жок. Эл аралык билим берүү чөйрөсүнө кошулууну (интеграциялоо) көп жылдар бою эңсеген ойлорубуз чындыкка айланып, үзүрлүү жыйынтыктарын берүүдө. Илимий иштердин натыйжалуулугу, мындайча айтканда докторлук, кандидаттык диссертациялардын үзгүлтүксүз жакталып турушу, студенттердин, жаш окумуштуулардын жыл сайын жогорку деңгээлде өткөрүлүүчү илимий конференциясы окуу жайдагы жетишилген ийгиликтердин эң маанилүүсү десе болот. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча окуу жайдын окутуучулар жана профессордук курамы алдыга ат салдырбай келатат. Бүгүнкү күндө университетибизде төрт диссертациялык советибиз иштеп жатат. 2008-жылдын жыйынтыгы боюнча эле бизде 2 доктордук, 16 кандидаттык диссертация жакталды, ойлоп табуу иштери боюнча 23 патент алынды жана 13 патент алууга арыз берилди, 12 монография жарык көрдү, 493дөн ашык статьялар жарык көрдү, алардын 126 чет өлкөлөрдө басылып чыкты, 2 окуу китептери жарык көрдү. Жылына университет өз каражатынан конкурс иретинде окумуштууларыбыздын ойлоп тапкан жаңы техникаларды, технологияларды, программдык продукцияларды каржылап көрсөтмөбүзгө (выставка) коюлуп турат. Мындай көрсөткүчтөр, албетте, аз да болсо бизди кубандырбай койбойт. Окуу жайда спорт жана социалдык маселелерге да чоң көнүл бурулат. Эң мыкты спортсмендерибизге, социалдык абалы начар студентерибизге, мугалимдерибиздин студент балдарына, эң мыкты мугалимдерибизге өз жардамыбызды берип турабыз. Мындай иштер үзүрлүү жыйынтыктарын берип келе атат. Эл аралык, республикалык деңгээлдеги ири спорттук мелдештерде ат салышкан биздин мыкты студенттерибиздин ийгиликтери бизди ыраазы кылат. Алар университеттин бүгүнкү сыймыгы экендиги талашсыз. Анткени 42 жылдан бери универсияларда университетибиз биринчи орунга жете алган эмес эле. Эки жылдан бери биздин спортсмендер спорттун 21 түрү боюнча өткөрүлүүчү "Универсиаданын" чемпиону болуп келе атат. Мындай ийгиликтер окуу жайыбыздын имиджин көтөрүүдө жана сыймык алып келүүдө. Ошондой эле университеттин социалдык чөйрөсүнө айрыкча маани берилет. Себеби биздин окуу жайдын билим, илим иштерин жөнгө салуучу профессордук-окутуучулар курамы, окуу жайдын кызматкерлеринин чоң ресурсу - биздин байлыгыбыз десек да болот. Мындан эки жыл мурун уюштурулган "Жылдын эң мыкты окутуучусу" деген салттуу сынак өзгөчө жакшы натыйжаларды берип келе жатат. Сынактын жеңүүчүлөрүнө 2000 сом көлөмүндөгү сыйлык ай сайын берилип, сүрөттөрү ардак тактага илинет. Ошондой эле конкурстун негизинде окуу жайдын "Эң мыкты студенти", "Эң мыкты тобуна", андан башка университеттин атын чыгарган активисттерге, спортсмен студенттерине жана машыктыруучуларга акчалай сыйлыктар берилип турат. Жылдын аягында, мугалимдер күнүнө карата коллективдин бардык мүчөлөрүнө бир айлык маянасы толук бойдон сыйлык катары таратылат. Муну менен катар 9-майда согуштун ардагерлерине, 8-мартта аял кесиптештерибизге чакан акчалай сыйлыктарды ыроолойбуз. Бул да болсо жамаатыбыздын арасында стабилдүүлүктү, биримдүүлүктү бекемдөөдө. Окуу жайдагы окутуучулар жана студенттер үчүн ашканада дайыма ысык тамак-аш уюштурулган. Тамак-аштын сапаты жана анын ассортиментине такай көңүл бурулуп турат. Анан калса ашканага кирген ар бир адам тамак даярдоо процессин өз көзү менен көрө алат. Бул дагы ичкен тамагыбызга болгон өзгөчө мамиле деп ойлойм. Университетибиздин ушундай жол менен өсүп өнүгүшү билим берүү чөйрөсүндө инженердик билим сапатын эл аралык деңгээлге жеткизерибизге ишенебиз. Анткени азыр бүтүрүүчүлөрүбүздүн 87-90% жакшы жумушка орношуп жатканы Техникалык университеттеги билим берүүнүн сапатын көрсөтүп турат. Мындай көрсөткүчтөр ар бир университеттин сыймыгы жана ийгилиги деп эсептеймин. Мындай жетишкендиктердин бирден бир себеби коллективдин биримдүүлүгү, ар бир мүчөсүнүн өз ишине болгон жоопкерчилик мамилеси жана 55 жылдан бери түптөлүп келе жаткан маданияты, традициясы. Буга далил болуп жакындагы өткөн эл аралык аттестациялоо комиссиясынын биздин университетке берген баасы.

Фрунзе Политехникалык Институттун жана Кыргыз Мамлекеттик Техникалык Университетинин ректорлору : 1954-1975 ж. - Сухомлинов Георгий Акимович, к. ф-м.н., проф. 1975-1989 ж. - Журавлев Владимир Михайлович, к.т.н., проф. 1989-1992 ж. - Мамбетов Шергазы Асанбаевич, д.т.н., проф. 1992-1997 ж. - Усубаматов Рыспек Нуркалиевич, д.т.н., проф. 1997-2003 ж. - Бримкулов Улан Нургазиевич, д.т.н., профессор, КР УИА мучо-корр. 2003-2005 ж. - Шаршеналиев Жаныбек Шаршеналиевич, д.т.н., профессор, КР УИА академиги 2005-2010 ж. - Джаманбаев Мураталы Джузумалиевич д.ф.м.н, профессор. 2010 жылдан тартып д.ф.м.н, профессор,КР ИА мучо-корр. Дуйшеналиев Туратбек Болотбекович жетектейт.