Жусупов Кеңеш: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
100-сап: 100-сап:
Кеңеш Жусупов эне тилинде (кыргызча) жазат.
Кеңеш Жусупов эне тилинде (кыргызча) жазат.


Анын бир катар чыгармалары дүйнөнүн ар кыл тилдерине (орусча, украинче, казакча, түркчө ж.б.) которулган.
Анын бир катар чыгармалары дүйнөнүн ар кыл (орус, украин, казак, түрк, француз, чех, арап, татар ж.б.) тилдерине которулган.


Андан тышкары, Жусупов түзүп, жарыялаган кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына жана жалпы эле ой мурасына арналган кыргыз жана орус тилдериндеги баалуу жыйнактар пост-советтик Кыргызстандын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында хрестоматия милдетин аткарып келет.
Андан тышкары, Жусупов түзүп, жарыялаган кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына жана жалпы эле ой мурасына арналган кыргыз жана орус тилдериндеги баалуу жыйнактар пост-советтик Кыргызстандын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында хрестоматия милдетин аткарып келет.



==Kыргыз тилинде жарыяланган эмгектери==
==Kыргыз тилинде жарыяланган эмгектери==

29 август 2011, саат 18:38 учурдагы нуска

Кеңеш Жусупов (1937-жылы туулган) - кыргыз жазуучусу жана публицисти, Кыргыз эл жазуучусу.

Кыскача өмүр жолу

Жазуучу Кеңеш Жусупов 1937-жылы 14-апрелде Кыргызстандын Нарын облусундагы Нарын районуна (мурдагы Тянь-Шань районун) караштуу Он-Арча айыл ңкмңтүнө кирген Эчки-Башы айылында туулган. Атасы Жусуп Иманалиев айылдагы көрүнүктүү агартуучулардан жана жетекчи кызматкерлерден болгон.

Баштапкы класстарды өз айылында окуган.

1954-жылы Оттук орто мектебин бүткөн. Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.

1958-жылдан тартып чыгармалары мезгилдүү басма сөздө жарыялана баштаган.

1961-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тил жана адабият факультетин бүткөн.

1961–1963-жж. Тянь-Шань облустук гезитинде, 1964-жылы Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы «Басма сөздө мамлекеттик жашыруун сырларды сактоочу башкы башкармалыкта» (Главлитте) иштеген.

1966–1968-жж. «Кыргызстан» басмасында редактор, 1968–1973-жж. «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө редакторлук кызматты аткарды.

1973-жылдан «Ала-Тоо» журналында, 1978-жылдан Нарын облусу боюнча Жазуучулар союзунда адабий консультант, 1984-жылдан «Манас» эпосун көркөм чыгаруу секторунда жана 1987-жылдан «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.

1958-жылы биринчи «Түш» деген аңгемеси «Ленинчил жаш» гезитине басылган.

К.Жусуповдун 1965-жылы «Жашоо кумары» деген китеби чыккан.

1975-жылы «Ыр сабындагы өмүр» аттуу китеби Кыргызстан Ленин комсомолу сыйлыгына татыктуу болгон. Ошондой эле Эл аралык «Түгөлбай Ата» коомунун, А.Табалдиев атындагы адабий сыйлыктардын ээси.

Жазуучунун айрым аңгеме, повесттери түрк, украин, өзбек, чех, орус, казак, татар, араб, француз тилдерине которулган.

К.Жусуповдун «Лесорубы» («Карагайчылар») деген аңгеме, повесттер жыйнагы 1975-жылы Москвадан жарык көргөн.

Жазуучу А.Жакыпбеков менен бирдикте «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.

Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.

1991–2002-жж. «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк 10 томго жеткирген.

Чыгармачылыгы

Ошентип, ал Теңир-Тоо койнундагы Он-Арча кыштагында (аны "Эчки-Башы" айылы деп да аташат) туулган. Алатоодогу согуш доорундагы жана андан кийинки кыйчалыш турмушту, пост-сталиндик айылдыктардын тагдырын жаңыча баяндаган кыргыз карасөз өнөрүнүн өкүлү.

Ал жазган согуш ардагери, көзү көрбөй калган Аянкул, өмүрүн жаңы төрөлүп жаткан бала үчүн багыштаган Акылбек жана анын аты менен аталып калган кыя, тагдыр ириминен туура нук табууга умтулган карапайым карагайчылар тууралуу чыгармалар 1960-80-жылдардагы Теңир-Тоо турмушун чагылдырат.

Кеңеш Жусуповдун совет доорундагы публицисттик чыгармалары, асыресе, тээ Италиядан Жапонияга чейин кыдырган сапарын чагылдырган китептери кыргызстандыктарды алардын көзү жеткен теребелдин ары жагындагы турмушка, бейтааныш маданиятка үңүлүүгө чакырып турду.

Жазуучунун 1975-жылы жарык көргөн “Ыр сабындагы өмүр” китеби залкар акын Алыкулдун улуу сүйүүсүн, инсандык терең кайгысын, калемгердик эрдигин чагылдырган тарыхый-биографиялык жана ой-таанымдык чыгарма болуп калды. Бул китеп Кыргызстан Ленин Комсомолу сыйлыгына татыды.

1980-жылдары Кыргызстандын расмий бийлиги улуттун карт тарыхынын Энесай доорун жерип турган чакта, Кеңеш Жусупов жетектеген “Алатоо” ("Ала Тоо") журналы көөнө тарыхты көшөрө иликтеген басылмага айланды.

Академик В.Бартольд, этнограф С.Абрамзон, археолог Юлий Худяков, хакас окумуштуусу Астай (Виктор) Бутанаев жазган эмгектердин орчун бөлүктөрүнүн кыргызча котормосу, чыгыш таануучу Өмүркул Караев, манас таануучу Имел Молдобаев, ошондой эле Мурат Кожобеков, Кыяс Молдокасымов, Арслан Койчиев сыяктуу жаш тарыхчылар жазган нечендеген макалалар “Алатоого” ырааттуу жарыяланды.

Кеңеш Жусупов өзү 1980-жылдардын этегинде тарыхчы Белек Солтонкелди уулу Солтоноевдин мурасын кайра көтөрүп чыкты. 1955-жылы тарыхчы өзү акталганына карабастан, Солтоноевдин чыгармасы советтик адабияттагы “кара тизмеде” кала берген болчу.

“Байыркынын издери” (2001) аттуу көп тарамдуу, бир чети публицистикалык, экинчи чети илимий иликтөөчүлүк усул колдонулган, үчүнчү жагынан улуу тарыхтын чоң жомокчусу катары фольклордук мурастын ширендисин жуурулткан чыгармасында Кеңеш Жусупов Кыргыз баласынын эзелтеден ХХ кылымдын башына чейинки тарыхынын урунттуу учурларын саймедирлеп жазып берет.

Жусуповдун китебинин ар сабынан жаңы муундун кыргызы өзү үчүн чоң милдетти табышы мүмкүн. Маселен, Белек Солтоноевдин чыгармалары тууралуу эскерген жеринде, Армениядагы Матенадаран кол жазма эстеликтер институту – китептер ажайыпканасы тууралуу сөз козгойт. (Караңыз: “Байыркынын издери”, 294-бет).

“Манас таануу” жаатына Кеңеш Жусупов кошкон жекече салым – “Манас” дастанынын ал өзү жазган кара сөз түрүндөгү варианты болду. Ал чыгарма түрк, казак тилдерине да жарыяланды.

Кеңеш Жусупов көп жылдык мээнет терин төгүп, кашыктап чогултуп жарыялаган, эки-үч томдуктан он томдук басылмага чейин жеткирилген “Кыргыздар” жыйнагы (1990-2004) эгемен Кыргызстандын маданий турмушундагы өзгөчө бурулуш учурлардан болуп калды.

Сыйлыктары жана наамдары

К.Жусупов 1966-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.

1975-жылы Алыкул Осмонов тууралуу "Ыр сабындагы өмүр" китеби үчүн Кыргызстан Ленин комсомолунун сыйлыгын алган.

«Эмгектеги каармандыгы үчүн» медалы, Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган.

1991-жылы «Көркөм өнөргө (искусствого) эмгек сиңирген ишмер» деген наам алган.

1999-жылы «Кыргыз Эл жазуучусу» деген наам алган.

2004-жылы Кыргыз Республикасынын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.


20-кылымдын башындагы ата уулдары тууралуу ою

"ХХ кылымдын башынан санай келсек, кыргыз рухий маданиятына зор салым кошкон инсандар Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахмановду биринчи ата уулдары дээр элем. Азыр бул ысымдар улуттук тарыхта белгилүү болуп калды. Алар отуз жаштын ичинде, кыркка жетпей атылып кетишти. Белек Солтоноев кыргыздын алгачкы тарыхчысы, маданият изилдөөчү (культуролог) инсаны. Өзүн өзү тарбиялап, орусча мыкты үйрөнүп, дүйнөлүк адабият, маданият, тарых китептерин окуп, билимин өстүрүп, кыргыздын атамзамандан берки тарыхын алгач жазды. Кыргыздын маданиятын, салтын, тилин ооз эки чыгармаларын изилдеп ыр, санжыра жазды. Анын миң беттен ашуун жазган этнографиялык эмгеги илимдер академиясынын архивинен уурдалып жоголду. Өзү жалган жерден элди сүйгөндүгү үчүн эл душманы болуп атылып кетти. Алма- Атыдагы илимдер Академиясынын архивине аманат калтырган кол жазмасы акыры жазуучу Мухтар Ауэзовдун жардамы менен кызынын колуна тийип, сакталып калды. Сексенинчи жылы Белек Солтоноевдин кол жазмасын таап, “Ала-Тоо” журналына биринчи жолу жарыяладык. Ошого дейре кыргыз окумуштуулары, изилдөөчүлөрү, тарыхчылары илипоздун кол жазмасынан коркушуп, изилдешкен эмес. Мына советтик идеологиянын каргашасы.

Ушундай эле жалган жалаага К. Тыныстанов, Ж. Абдырахмановдор кабылган. Экөөнүн аракетинен “Манас” эпосу басмадан жарыяланган, илимий изилдөөгө жол ачылган, дүйнө элдеринин тилдерине которула баштаган. Кыргыз тарыхын, рухий маданиятын жазууга, изилдөөгө В. Бартольд сыяктуу дүйнөлүк окумуштуулар, музыка изилдөөчүлөрү, сүрөтчүлөр Кыргызстанга чакырылган. 1916 – жыл жөнүндө изилдөөлөр, чындыктар жазылган.Булар эч убакта өзүлөрү жөнүндө, дүр -дүйнө, мансап туурасында ойлонгон эмес. Улуттун келечегин гана ойлонушкан, элибиздин маданияты, рухий дүйнөсү өссө экен деп Жараткандан зар тилешкен, өмүрүнө, жыргалына кайыл болушкан. Коомду алдыга жылдырып, турмушун оңдоп, элдин көзүн ачышкан, эмгегин калтырышкан. Мына ушулар ата уулдары (патриоттор)".

"Кет Бука" күүсү тууралуу К.Жусуповдун жазганы:

"Мобу комуздун күүсү XIII кылымда чыккан. Күүнү кыргыздар "Кет, Бука" деп атаган. Бука деген кыргыздарды эзген монголдордун ханы болуптур. Кыргыздар ага оор салык төлөгөн. Монголдор шаарларды кара жерге теңеген, эркек аттууну аскан, аялдарына кара кийгизген. Эл азаптуу, кордукта күн кечирди. Монголдорго акарат кылган кыргыздардын башы кеткен. Күч колдо жокто эл кантип баскынчылар менен күрөшүш керек эле. Ок менен, күч менен кыргыздар душманга теңеше албайт эле. Ошондо эл комуз менен күрөшкө чыкты. Монголдорго каршы күү чыгарды. Чыгарылган күү монголдордун аскериндеги мыкаачы жол башчысын арбаган күү, элибиздин жат душманга болгон каргышы, жек көрүүсү, күрөшү эле. Элдик күү момундай окуяны айтат. Бука хандын баласы аңчылыкка чыгат. Ал ойдогу-тоодогу көзгө илинген жерден кийикти калтырбай кырып салат. Акыры ачкөз, таш боор неме кайберенден мерт болгон. Эми каардуу ханга суук кабарды батынып, жандан кечкен кандай пенде угуза алмак?! Угузган адамдын башы кетери маалым эле. Акыры ким болсо да салт боюнча угузуу керек да. Эми бул ажалга ким барат деп элдин шамы өчүп турганда айылдын аксакалы, азиз комузчусу чыгыптыр. Карыя суук кабарды кантип угузду дебейсизби? Ошондо карыя комузун алып эл жыйынында, хан алдында отуруп күү чертет. Сиз дагы комуз күүсүн бирпаска угуп туруңузчу, мейманым. …Бейпил жашоого магдыраган талаага бүлүк түштү. Кара ниет киши сулуулукту, тирүүлүктү башкаларга ыраа көргүсү жок. Ал өзүнүн күчүнө дөөгүрсүйт. Көзү эч нерсеге тойбойт, баарын сором, тыптыйпыл кылам деп оолугат. Акыры кара ниет ойлогондой болбоду. Тирүүлүк менен сулуулук кара ниет адамдын өзүн мерт кылды… Элдин муң-зарын капар албаган мерез, зулум хан ушу саам комуз күүсүнө түшүнгөн экен. Күү менен элдин кайгысын, муң-зарын айткан. Комуз аркылуу баласынын өлүмүн угузган, элдин каргышын айткан комузчуну хан кечирбеди. Ал ого бетер жинденди. Хан эң оболу комузга, андан соң комузчунун кулагына эритип туруп коргошун куйдурган. Ошону менен комуздун сайраганы жоголмок беле?! Комуздун күүсүн кандай хан акими токтото алат дейсиз! Запкы чегип, дүлөй болгон азиз комузчу жетелетип айылдан-айыл кыдырып, белден-бел ашып, жер безип, күү тагдырын улам неберелерине чертип берип жүргөн. Комузчунун армандуу күүлөрү чагылган үнүндөй ой-тоого тараган эле. Ошондо дүлөй комузчу комуз черткенде асмандан учкан куш комузга келип кончу дешет. Соолуган гүл тирилген дешет. Дүлөйдүн коргошун куюлган комузу ого бетер күүгө келип, дагы эле эл ичинде колдон колго өтүп жүрөт дешет".

Жарык көргөн чыгармалары

Кеңеш Жусупов эне тилинде (кыргызча) жазат.

Анын бир катар чыгармалары дүйнөнүн ар кыл (орус, украин, казак, түрк, француз, чех, арап, татар ж.б.) тилдерине которулган.

Андан тышкары, Жусупов түзүп, жарыялаган кыргыз тарыхына, этнографиясына, маданиятына жана жалпы эле ой мурасына арналган кыргыз жана орус тилдериндеги баалуу жыйнактар пост-советтик Кыргызстандын орто мектептеринде жана жогорку окуу жайларында хрестоматия милдетин аткарып келет.

Kыргыз тилинде жарыяланган эмгектери

  • Жашоо кумары. – Ф.: Кыргызстан, 1965. – 172 б.
  • Каралдым, тоолор. – Ф.:Кыргызстан, 1967. – 96 б.
  • Микеланджело мекенинде. – Ф.: Мектеп, 1968. – 131 б.
  • Жүрөгүм менин тоолордо. – Ф.: Кыргызстан, 1972. – 317 б.
  • Ыр сабындагы өмүр. – Ф.: Мектеп, 1974. – 129 б.
  • Ата журт: Публицистикалык ой толгоо жана повесть. – Ф.: Мектеп, 1977. – 235 б.
  • Күлгүн курак: Повесть. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 240 б.
  • Ыр сабындагы өмүр: Акын А.Осмонов жөнүндө документалдуу баян. – Ф.: Мектеп, 1980. – 188 б.
  • Кан жолдогу ойлор: Жол очерктери. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 224 б.
  • Тоолуктар баяны: Аңгемелер, повесттер, эссе. – Ф.: Мектеп, 1984. – 353 б.
  • Тулпар: Ой толгоо. – Ф.: Кыргызстан, 1988. – 336 б.
  • Сапар китеп: Повесттер. – Б.: Адабият, 1991. – 512 б.
  • Манас: Балдар үчүн. – Б.: «Мээрим фонду », 1995. – 175 б.
  • Байыркынын издери: Б.: Кыргызстан, 2002. – 323 б.
  • Кыргыздардын байыркы маданияты: Публ. ил.-попул. ой толгоо. – Б.: Бийиктик, 2006. – 226 б.
  • Жан шерик. – Б.: Бийиктик, 2007. – 586 б.

К.Жусупов түзгөн жыйнактар (кыргыз тилинде)

  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Салт / Түзгөн К.Жусупов. — Бишкек: Кыpгызстан, 1991. — 2-том. — 576 б.
  • Кыpгыздаp: Санжыpа. Таpых. Муpас. Јнјp. / Түзгөн К. Жусупов. — Бишкек: «Соpос—Кыpгызстан» фонду, 1995. — 3-том. — 639 б.




Орус тилинде (Произведения в переводе на русском языке)

  • Лесорубы: Повести и рассказы. – М.: Сов. писатель, 1975. – 309 с.


  • Сабыр и дедушка: Повесть. – М.: Детская литература, 1980. – 95 с.
  • Манас: Для детей. – Б.: Фонд Мээрим, 1995. – 191 б.

Украин тилиндеги котормолор

  • Сабыр и дедушка: Повесть. – Киев: Вэсэлка, 1983. – 104 б;. – укр.


Орусча түзгөн жыйнактары (К.Джусупов как составитель сводов на русском языке)

  • Кыpгызы: Источники. Истоpия. Этногpафия / Сост.: Омуркул Каpаев, Кенеш Жусупов. — Бишкек: Шам, 1996. — 620 с. (Фонд «Соpос—Кыpгызстан»). ISBN 5-7499-0042-8.

Ал тууралуу чыгармалар жана китеп макалалары

  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеөештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. – (Мында: 216-бетте). - ISBN 5-89750-100-9.
  • Мамбеталиев, Сулайман. Баян: Тарыхый-адабий жыйнак / Жыйнакты түзгөн жана баш редактору Гүлмира Мамбеталиева. Китепти каржылаган Аскар Мааткабыл уулу Салымбеков. – Бишкек, 2008. – 282 бет, сүрөттөр. – (Мында: 138-бетте). – ISBN 978-9967-25-256-1.
  • Писатели Советского Киргизстана: Справочник / Авторы-составители К.Ботояров, Р.Момунбаева; сост. А.Макеева; Редколл.: Барпы Рыспаев (глав. ред.) и другие. - Фрунзе: "Адабият", 1989. - 656 стр. - (здесь: С. 246-247). - ISBN 5-660-00084-3.

Интернеттеги шилтемелер