Википедия: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.2) (робот кошту: as:ৱিকিপিডিয়া
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: mzn:ویکی‌پدیا
189-сап: 189-сап:
[[my:ဝီကီပီးဒီးယား]]
[[my:ဝီကီပီးဒီးယား]]
[[myv:Википедиясь]]
[[myv:Википедиясь]]
[[mzn:ویکیپدیا]]
[[mzn:ویکی‌پدیا]]
[[na:Wikipediya]]
[[na:Wikipediya]]
[[nah:Huiquipedia]]
[[nah:Huiquipedia]]

15 сентябрь 2011, саат 14:00 учурдагы нуска

Уикипедия - интернеттеги ачык, акысыз коомдук энциклопедия.

Кыскача баяны

Уикипедия (википедия - англисче Wikipedia, бул термин /ˌwɪkɪˈpiːdɪə/ деп окулат) — дүйнө калктары үчүн акысыз сунушталган интернеттик энциклопедия. Ал 2001-жылы 15-январда негизделген. Бул интернеттик энциклопедияны дүйнө жүзүндөгү миллиондогон ыктыярдуу авторлор биргелешип 270тен ашуун тилдерде жарыялап келишет.

Бул интернет баракты айына 400 миллиондон ашуун киши окуйт.

Уикипедия барагы 2001-жылы 15-январда Жимми Уэлс (Jimmy Wales) жана Ларри Сэнгер (Larry Sanger) аттуу ишкерлер тарабынан түзүлгөн.

Сэнгер мырза ойлоп тапкан бул термин гаваййа элинин wiki - "ыкчам" деген сөзүнөн жана "энциклопедия" сөзүнөн куралган.

Ушул тапта Уикипедиянын казынасында бардык тилдердин кампасын кошкондо 15 миллиондой макала бар.

Уикипедия интернет барагы атайын бир өлкө тарабынан эмес, дүйнө коомчулугунун колдоосу менен түзүлгөн “Викимедиа” кору (фонду) тарабынан каржыланат.

Он жылдык маараке

Дүйнө жүзүнө интернет аркылуу бекер маалымат таркаткан эл аралык энциклопедиялык интернет барагы болгон Уикипедияга (wikipedia.org) 2011-жылдын 15-январында он жыл толду.

Бул интернеттик кайрымдуулук долбоорунун негиздөөчүсү Жимми Уэлс (Jimmy Wales) он жылдык мааракеге карата мындайча ойу менен "Ройтерс" кабар агенттиги үчүн курган маегинде бөлүштү:

"Биз үчүн өтө жогорку артыкчылыкка ээ жагдай - бул Уикипедияга салым кошуп жаткандардын тамырын андан ары кеңири жайылтуу. Мында биз англис тилиндеги википедияны гана эмес, жалпы эле (дүйнөлүк) географиялык алкакты эске алып жатабыз. Биз бул сөздүккө салым кошкондорго ар түркүн коомдук катмарлардын өкүлдөрүн камтыгыбыз келет. Биздин (энциклопедиялык долбоор) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн тилдеринде да тездеп өнүгүп жатат. Менимче, Уикипедиянын гуманитардык максат-мүдөөлөрү, - бул жаатта азыноолак жемишибиз бар эмеспи, - жана биздин чыныгы гуманитардык таасирибиз алдыдагы он жылда жүзөгө ашырылмакчы. Бул убакытта биз калайыкка буга чейин алар ала элек болуп көрбөгөндөй мол маалыматты камсыз кыла алабыз. Бул укмуштай сонун иш-аракет болуп калмакчы".

Кыргызстанда да кыргызча Уикипедияны (http://ky.wikipedia.org/wiki/%D0%91%D0%B0%D1%88%D0%B1%D0%B0%D1%80%D0%B0%D0%BA) тез арада чогуу-чаран өнүктүрүү жолдору иликтенүүдө.

Кыргызстандын мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын жетекчиси Азимжан Ибраимов, Кыргызстан-Сорос корунун өкүлү Марат Жаанбаев, блогчу Айдар Мокенов мырзалар өлкөдөгү расмий жана бейөкмөт уюмдар, жергиликтүү жана чет өлкөлөрдөгү кыргыз тилдүү интернетчи интеллектуалдар бул жаатта биргелешкен долбоорлор түзүүгө киришкенин "Азаттыкка" тастыкташты.

Уикипедиянын кыргызча вариантын калыптандырууга Жаныбек Жанызак (1950-ж. туулган) жана башка адистер салым кошуп келет.

Интернеттеги шилтемелер



ak:Wikipedia