Кудаян Cарысейит уулу: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
7-сап: 7-сап:
* [http://www.bizdin.kg/books/item/31-abramzon Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер.]

* [http://www.bizdin.kg/books/item/31-abramzon Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча таңдалма эмгектер.]

* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/kkt1/index.html Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993]

* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/kkt1/index.html Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Т. 1. Б., 1993]

Сыдыков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990;

* Сыдыков О. Кыргыз санжырасы. Ф., 1990;

[http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/osmonaaly/index.html ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ КЫРГЫЗ, ШАБДАН ТАРЫХЫ]
* [http://bizdin.kg/elib/kitepter/html/sanjyra/osmonaaly/index.html ОСМОНААЛЫ СЫДЫК УУЛУ КЫРГЫЗ, ШАБДАН ТАРЫХЫ]

9 октябрь 2011, саат 06:21 учурдагы нуска

Кудаян Сарысейит уулу, Кудаян хан (т. ж. б. – болжол м-н 1683–84-ж., Фергана өрөөнү) – 17-к-дын 70–80-жылдарында кыргыздарды башкарган хан. Сарыбагыш уруусунан чыккан Манап бийдин тукуму. Сарысейиттен Үчүкө, Түлкү, Кудаян, Эрдене деген 4 бала болгон. Адегенде кыргызды Үчүкө, Түлкү бийлеп, алар Жаңыл мырза колдуу болуп өлгөн.
Кээ бир санжырада Үчүкө, Түлкү өлгөндө Кудаяндын 10–12 жашар бала экени айтылат. К. башкарган мезгил оор заманга туш келген. Калмактардын кысымына туруштук бере албаган кыргыздар катуу кыргынга учурап, Ферганага сүрүлүшүнө (Жуңгар хандыгы) байланыштуу «казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө (Гиссар-Куляб) киргенде», «ак таман чуурунду (чор) болгондо» деген ылакап, уламыштар сакталган. Натыйжада элдин башынан өткөн азап-тозоктордун баары Кудаян хандын текебер, жөндөмсүздүгүнө байланышып калган. Мындай уламыштар кээ бир окуя, кубулуштарды бир-бирине айкалыштыруудан (Синкретизм) келип чыккан. Элдик уламышта К. төрөлгөндө алаканына кан уучтап түшкөн ж-а аны сынап, ачык айтканы үчүн Санчы сынчыны төбөгө чаап, каргышына калганы, кыргыздар калмактан качып, Сыр-Дарыядан өтүп баратканда өлгөнү ж-а анын тукуму азыркыга чейин Оро-Төбө, Хожентте турганы ж-дө санжыранын бир нече түрү айтылат. Кийинки изилдөөлөр б-ча да Кочкор, Кетмен-Төбө, Талас өрөөнүндөгү сарыбагыштын тоголок (томолок) уруусу өзүлөрүнүн түпкү атасын К. деп таанышат.

Койчиев Арслан Капай уулунун 1916 жылкы Үркүн тууралуу жазылган "Мисмилдирик" тарыхый романынын өзөгүн Кудаян (томолок) тукумунун тагдырына байланыштырып сүрөттөгөн.

Айрым шилтемелер