Өмүрбеков, Токторбек: нускалардын айырмасы
No edit summary |
Movses-bot (талкуу | салымы) м Робот: преобразование ISBN |
||
35-сап: | 35-сап: | ||
* Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. |
* Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. |
||
ISBN |
ISBN 5-89750-028-2<br> |
||
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.<br> |
* Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.<br> |
||
15 ноябрь 2011, саат 14:58 учурдагы нуска
Токторбек Наматбек уулу Өмүрбеков (Өмүрбектегин) - кыргыз тарыхчысы, профессор, тарых илимдеринин доктору. Кыргызстан тарыхчылар жамаатынын мүчөсү.
Кыскача өмүр таржымакалы
Токторбек Өмүрбеков 1955-жылы 27-мартта Кыргызстандын Нарын облусунда, тактап айтканда, Теңир-Тоонун Атбашы районундагы Карасуу кыштагында (айтылуу Кошой-Коргон шаар чалдыбары жайгашкан айылда) туулган. Аталган кыштактан орто мектепти аяктаган.
Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетин 1978-жылы ийгиликтүү аяктаган. КУУнун аспирантурасын сырттан окуган.
Жубайы - Жаңыл Бакасова. Эки уулу (Анварбек, Элзар), бир кызы (Асел) бар.
Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин тарых факультетинин деканы болуп 1997-2008-жылдары иштеп келди. Азыр аталган университеттин профессору.
Илимий чыгармачылыгы
Бир катар окуу китептердин, монографиялардын, макалалардын автору. Анын илимий эмгектери кыргыз, орус, казак, кытай жана башка тилдерде жарыяланган.
19-кылымдагы кыргыздын тарыхый инсандары, 20-кылымдын башындагы улуттук боштондук кыймыл, Кыргызстандагы саны аз улуттардын коомдогу ролу жана жалпы эле Кыргызстан тарыхын орто мектептерде окутуу маселелери боюнча адис.
Шилтемелер
- Маек - [1]
Чыгармалары
- Чоротегин Т.К., Өмүрбеков Т.Н. Кыргызстан тарыхы: Эзелки замандан VII к. башына чейин. Орто мектептердин 6-классынын окуучулары үчүн. - Бишкек, 2002.
- T. Chorotegin, T.Omurbekov: Kyrgyzdardyn jana Kyrgyzstandyn tarykhy: VII k. bashy - XVIII k. ayaghy: 7-klass, Bishkek, 1998; (2-chygarylyshy; 2002. – Bishkek. 2002. – 202 bet, ill., karta. ISBN 5-655-01416-5)
- T.Omurbekov, T. Chorotegin: Kyrgyzdardyn jana Kyrgyzstandyn tarykhy: (XIX k. bashy - 1917-jyl): 8-klass, Bishkek, 1998; (2-chygarylyshy - 2003. – Bishkek.)
Пайдаланылган адабияттар
- Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б.
- Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. - Том 1-6.