Демократия: нускалардын айырмасы
Luckas-bot (талкуу | салымы) м r2.7.1) (робот кошту: hy:Դեմոկրատիա |
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: hy:Ժողովրդավարություն |
||
56-сап: | 56-сап: | ||
[[ht:Demokrasi]] |
[[ht:Demokrasi]] |
||
[[hu:Demokrácia]] |
[[hu:Demokrácia]] |
||
[[hy:Ժողովրդավարություն]] |
|||
[[hy:Դեմոկրատիա]] |
|||
[[ia:Democratia]] |
[[ia:Democratia]] |
||
[[id:Demokrasi]] |
[[id:Demokrasi]] |
1 февраль 2012, саат 06:01 учурдагы нуска
Демократия ( Гр. demos – эл, kratos – бийлик) – эл бийлигине негизделген саясий түзүлүштүн формасы. Д- да эл бийликтин негизги булагы, аныктоочусу катары таанылат, мамл. бийликтин негизги органдары шайланат, граждандардын тең укуктуулугу, чечимдерди кабыл алууда азчылыктын көпчүлүккө баш ийиши, азчылыктын укугунун корголушу ж. б. камсыз болот Д-нын тарыхы байыркы батыш цивилизациясынын (өзгөчө грек ж-а рим) мезгилинен башталат. Батышта Д. түшүнүгү Байыркы Грециядагы шаар-мамл-дин өнүгүшү м-н коштолот. Азыркы Д-нын калыптанышына ж-а бекемделишине адамдын табияттан берилүүчү жашоого, эркиндикке ж-а жеке менчикке болгон идеялары чоң түрткү болгон. Либералдуулукка негизделген азыркы Д. төмөнкүдөй принциптерди камтыйт: адам укугу ж-а аны мамл-тин укугунан жогору коюу; эркин атаандаштык ж-а базар мамилелериндеги эркиндик, азчылыктын үстүнөн көпчүлүктүн бийлигин конституциялык жол м-н чектөө; жеке ойго ээ болуу ж-а аны эркин айтуу б-ча азчылыктын укугун урматтоо ж. б. Либералдар жеке адамдын кызыкчылыгын жогору коюну көздөсө, Д-да тескерисинче эл бийлигин, атуулдардын саясий теңдигин, азчылыктын көпчүлүккө баш ийишин жогору коёт. Д-нын ар кандай формалары ж-а ин-тары болушу мүмкүн. Бирок Д-нын талаптарына жооп берүүчү жалпы нормалары, баалуулуктары, принциптери бар. Алар биринчи кезекте адам укуктарын жогору коёт. Тең салмактуулукту кармап турган өз алдынча, бирок бири-бири м-н байланыштуу болгон бийликтин 3 бутагы түзүлөт. Аларга мыйзам чыгаруучу, атка-руучу ж-а сот бийлиги ыйгарылат. Д-нын негизги принциптеринин бири – ар бир атуул мыйзам алдында бирдей жооптуу ж-а тең укуктуу. Маалымдуулук принциби – Д-нын алмаштыргыс шарты. Азырынча Д-нын принциптерин толугу м-н ишке ашырган бир да өлкө жок.