Кылычев, Акылбек Мукаевич: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "Акылбек Мукаевич Кылычев (1966) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, чыгыш таануучу, ирна та..."
 
мNo edit summary
1-сап: 1-сап:
Акылбек Мукаевич Кылычев (1966) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, чыгыш таануучу, ирна таануучу, дипломат.
Акылбек Мукаевич Кылычев (1966) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, чыгыш таануучу, иран таануучу, дипломат.


==Кыскача өмүр таржымакалы==
==Кыскача өмүр таржымакалы==

12 март 2012, саат 04:52 учурдагы нуска

Акылбек Мукаевич Кылычев (1966) – кыргыздын заманбап тарыхчыларынын бири, чыгыш таануучу, иран таануучу, дипломат.

Кыскача өмүр таржымакалы

1966-жылдын 25-декабрында Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.

1984-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындыгы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин 1-курсуна кабыл алынган. 1989-жылы аталган окуу жыйды ийгиликтүү аяктаган.

Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин, Кыргыз ССРинин билим берүү министирлигинин жолдомосу менен 1989-жылдын август айында Кыргыз Мамлекеттик Университетинин тарых факультетинин «Байыркы чыгыш жана орто кылымдар тарыхы» кафедрасына окутуучулук кызматка кабыл алынган.

1990-1992-жылдары Өзбек ССРинин, кийинчерээк Өзбек Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун «булактаануу жана каталогдоштуруу» бөлумундө илимий стажировкадан өткөн.

1992-жылы Өзбек Республикасынын Илимдер Академиясынын Абу Райхан Беруни атындагы Чыгыш таануу институтунун аспирантурасына кабыл алынган жана CCСРдин жоюлушуна байланыштуу аспирантураны сырттан окуп бутургон. 1992-1996-жылдары Кыргыз Улуттук Университетинин «Азия жана Африка өлкөлөрүнүн тарыхы» кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, доцент болуп эмгектенген.

1995-жылы «XIV-XY – кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы (айрым фарсы булактары боюнча)» деген темада кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты илимий даражасын алган.

1996-жылы Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигине кызматка чакырылган.

1998-жылы Египет Араб Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Дипломатиялык академиясынын курсунда окуган (Каир ш.).

1998-2003-жылдары Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинде 1-катчы болуп эмгектенген.

2004-2005-жылдары Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Чыгыш өлкөлөрү башкармачылыгынды Кеңешчи, башкармачылыктын башчысы кызматтарын аткарган.

2005-жылы Шараф ад-Дин Али Йездинин «Зафар-наме» асарынын XIV-XV кылымдардагы Теңир-Тоо жана ага чектеш аймактардын тарыхы боюнча маалыматтары аттуу темада докторлук диссертациясын ийгиликтуу жактап, тарых илимдеринин доктору илимий даражасын алган.

2005-2008-жылдары Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинде Кеңешчи болуп эмгектенген.

2009-жылдан азыркы учурга чейин Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинин Чыгыш өлкөлөрү башкармачылыгында Кеңешчи кызматында эмгектенет.

2009-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн (Азербайжан, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркменстан, Өзбекстан) тарых, адабият жана өнөр номинациясы боюнча атайын сыйлыгынын лауреаттыгына татыган. Бул сыйлык А.Кылычевге ЭКУ өлкөлөрүнүн Тегеран шаарында өткөн Саммитинде Түркия Президенти Абдуллах Гүл тарабынан 2009-жылы март айында тапшырылган.

2008-жылдан азыркы учурга чейин Кыргызстан Эл аралык Университетинин «Эл аралык мамилелер» кафедрасынын профессору.

Илимий жетекчилик жана редактордук иши

2011-жылы А.Кылычевдин жетекчилиги астында 1 кандидаттык иш ийгиликтүү жакталган (Рахимов Руслан Марадбекович. - "Трансформация кыргызского кочевничества в 20-30-е годы ХХ века в работах западных исследователей").

2012-жылы А.Кылычевдин илимий редакциялоосунун астында Абдул Эллах Абдул Кадер Хусаиндин «Ирактагы ал-Хусайни театрынын тарыхы” («История театра Ал-Хусайни в Ираке») аттуу монографиясы жарык көргөн.

Элчилик даражасы. Сыйлыктары

2008-жылы дипломатиялык кызматта жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын кичи Элчиси» деген дипломатиялык жогорку ранг ыйгарылган.

2009-жылы Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө өлкөлөрдүн (Азербайжан, Иран, Казахстан, Кыргызстан, Ооганстан, Пакистан, Тажикстан, Түркия, Түркменстан, Өзбекстан) тарых, адабият жана өнөр номинациясы боюнча сыйлыгынын лауреаты

Эмгектеринин тизмеси

Кыргыз элинин этностук жана этносаясий тарыхына байланыштуу 45ке жакын илимий макалалардын жана 2 монографиянын автору.

Интернеттеги шилтемелер