Текебаев, Өмүрбек Чиркешович: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
22-сап: 22-сап:
[[Category:Партия]]
[[Category:Партия]]
[[Category:Жалал Абад облусу]]
[[Category:Жалал Абад облусу]]
[[Category:Саясат]]



[[de:Omurbek Tekebajew]]
[[de:Omurbek Tekebajew]]

22 март 2012, саат 07:40 учурдагы нуска

Өмүрбек Чиркешович Текебаев — кыргыз саясатчысы, Жогорку Кеңештин 4 чакырылыштын депутаты, "Ата-Мекен" партиясынын жана «Реформа үчүн!» кыймылынын жетекчиси (лидери).

Саясый тажрыйбасы

1958-жылдын Бештин айынын 22 Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылында туулган. Улуту — кыргыз.

1981-жылында физика факультетин аяктаган. 1981-1991-жылдарында Жалал-Абад дубандын Базар-Коргон аймагынын Акман айылынын мектебинде физика боюнча мугалим болуп иштеген. 1986-1991-жылдарында университеттин физика факультетинде улуу лаборанты болгон.

1991-жылдын Бирдин айынында «Эркин Кыргызстан» улуттук-демократиялык партиянын негиздешкендердин бирөөсү болгон. Чын куран айынында Жалал-Абад дубандын монополияга каршы жана ишкердикти колдоо башкарманын башчысы, Жалал-Абад дубанынын дубандык элдик депутаттарынын Кеңешинин мүчөсү болуп калган.

1991-жылында КСРБнин Жогорку Кеңешини, юридикалык масалелер боюнча Улуттук Кеңештин Комитетин мүчөсү катары шайланган.

1992-жылында «Ата-Мекен» социалисттик партияны куруп, анын курамында Жогорку Кеңешке кирет.

1992-1994-жылдарында Жалал-Абад дубанын мамлекеттик акимчилигин жетекчисинин орун басары кызматында болгон. 1994-жылында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

1995-жылында Кыргыз Республикасынын президентке талапкер болгон.

2000-жылдын Тогуздун айынын 29 өткөн президенттик шайлоодо 13,89 % алып, Акаевтен кийин экинчи оорундун ээси болгон.