Төңкөрүш: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''РЕВОЛЮЦИЯ''' (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын ..."
(Айырма жок)

7 апрель 2012, саат 08:12 учурдагы нуска

РЕВОЛЮЦИЯ (латын- revolutio – төңкөрүш) – жаратылыш, коом же таанымдын кайсы бир кубулуштарынын өсүшүндөгү терең сапаттык өзгөрүү (мис., геологиялык революция, өнөр жай, илимий-техникалык, маданий революция жана башкалар). Революция түшүнүгү көбүнчө коомдук өзгөрүүлөрдү мүнөздөө үчүн колдонулат. Бул түшүнүк – өнүгүүнүн диалектикалык концепциясынын ажырагыс бөлүгү. Ал сандан сапатка өтүү мыйзамынын ички механизмин ачат. Революция өнүгүүдөгү үзүлүү жана сапаттуу секирик дегенди билдирет. Революция эволюциядан жана реформадан айырмаланат, бирок алар менен өтмө катар байланышта болот.

Адабият

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.