Антропология: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м r2.7.1) (робот кошту: mn:Хүн судлал
м r2.7.1) (робот өзгөрттү: sco:Antropologie
107-сап: 107-сап:
[[sc:Antropologia]]
[[sc:Antropologia]]
[[scn:Antropoluggìa]]
[[scn:Antropoluggìa]]
[[sco:Anthropology]]
[[sco:Antropologie]]
[[sh:Antropologija]]
[[sh:Antropologija]]
[[simple:Anthropology]]
[[simple:Anthropology]]

19 апрель 2012, саат 11:34 учурдагы нуска

Антропология (грек тилинен anthropos - адам, logos - илим) - кишинин табигый тарыхы, жаралышы, эволюцияланышы, кишинин морфологиясы жана адамзат расаларынын пайда болушу жөнүндөгү илим.

Колдонгон ыкмалары жагынан биологиялык илимдердин тармагына кирет. Бирок, адамдын социалдык өзгөчөлүгү антропологдорду тарыхый изилдөөлөрдүн жыйынтыктарына кайрылып, тарыхый маселелерди чечүүгө жардам кылат. А-нын тарых м-н байланышкан тармагын тарыхый А. деп аташат. Тарыхый А. айрым аймактардагы адамзаттын байыркы мезгилден азыркы учурга чейинки өнүгүү тарыхын, ба-йыркы миграциялар, расалык типтердин калыптанышын изилдейт. Адамдын баш сөөк-төрү (краниологиялык материал) аркылуу байыркы мезгилдеги калктардын миграциясы аныкталса, ошол маалымат тарыхый жазма булактар аркылуу такталышы мүмкүн. Мис., байыркы түрк доорундагы краниологиялык материалдар аркылуу Теңиртоодо жашаган калктардын Алтай, Түштүк Сибирь м-н генетикалык байланышта экендиги аныкталган. Мындан тышкары, А-нын маданий А., этностук А., пед. А., популяциялык А., мед. А., экологиялык А., палеоантропология, физиологиялык А. деген тармактары да бар.

Пайдаланылган адабияттар

Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003