Сох: нускалардын айырмасы

Википедия дан
No edit summary
м Thermokarst moved page Сох to Сох, суу
(Айырма жок)

22 апрель 2012, саат 01:43 учурдагы нуска

Сох–Сырдарыянын сол куймасы. Узундугу 124км, алабынын аянты 3510 км2. Алай кырка тоосунун Түркстан жана Заравшан тоолоруна тутумдашкан Матчатоо тоомунун түндүк капталынан башталат. Кожашандын чатынан Сох аталат. Жашылкөлдүн чатынан баштап салааланып, жай агып, улам төмөндөгөн сайын кууш капчыгай аркылуу (60 км аралыкка) шар агат. Андан соң кайрадан салааланып, Сарыкоргон кыштагынанан баштап , шиленди конусту пайда кылат. Ири куймалары: Түтөк суу, Туура суу, Жашылкөл, Кожашкан, Кыштут, Гараты, Калаймахмуд, Роут, Падал. Июнь– августа кирип, сентябрда тартылат. Мөңгү, кар жана булак сууларынан куралат. Жылдык орточо чыгымы 42 м3/сек, эң көбү 58,9 м3/сек (Сарыканды кыштагынан жакын). Сугатка пайдаланылат. Алабында жалпы аянты 258,7 км2 келген 276 мөңгү бар. Боюнда Кокон шаары, Зардалы, Сарыкоргон, Сарыканды, Сох жана башка кыштактар жайгашкан.

Адабият

*Кыргызстандын географиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. - Б.: 2004. ISBN 9967-14-006-2