Николай Гоголь: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Created page with "'''Н. В. Гоголдун өмүр чыгармачылыгы''' Н.В. Гоголдун чыгармачылыгы орус адабиятынын өнүгүшүндөг..."
 
(Айырма жок)

25 апрель 2012, саат 08:40 учурдагы нуска

Н. В. Гоголдун өмүр чыгармачылыгы Н.В. Гоголдун чыгармачылыгы орус адабиятынын өнүгүшүндөгү жаңы сапаттык баскычты белгиледи. Гоголь баардык чыгармасы менен элдин келечеги жакшы турмушу үчүн күрөшүүнү уланткан. Н.В.Гоголь 1809-жылы Полтава губерниясындагы Миргород уездинде чоң сарочниси деген жерде помешиктин үй-бүлөсүндө туулган, атасы өз мезгилинде билимдүү адабият менен театрды жакшы билген акылы тунук адам болгон.
Н.В. Гоголь бала кезден украинанын кыштактарындагы элдин оор турмушун жакшы билип , жөө жомок, ыр поэмаларды мыкты өздөштүргөн. 1818-жылы Полтава уездик5 окуу жайында окуп андан Нежин жогорку гимназиясына кабыл алынган 1821-1828-жылдары Нежин гимназиясында окуп жүргөндө инсан катары калыптанып, мыкты белгилүү профессор окутуучулардын таасири менен коомдук аң-сезимде өсө баштайт. Нежин декабристердин кыймылынын борборунан алыс турганына карабастан гимназистер А.С.Пушкиндин эркиндикти сүйгөн ырларын, Релеевдин ырларынын духунда чоңойгон, өзгөчө Нежин гимназиясынын Инспектору рим окуусунун профессору Беларусовдун китептери, идеалык көз караштары Н.В.Гогольду толкунданткан. 1828-жылы университетеке тапшыруу үчүн петербургга келет. Бирок жакычылыктын айынан окууга өтпөй турмуштан абдан кыйналат. 1829-жылы В.Алов деген псевдоним менен “ганс кьюха гантел” деген поэма жазат. Жазган чыгармасы катуу сынга учурап , кийинчерээк баарын өрттөп жиберет. Гогольдун жазуу манерасы абдан кызыктуу, стили жөнөкөй.
Чыгырмалары
1831-жылы “Кутодогу кечелер”
1848-жылы “Өлүү жандар”
1829-жылы “ Ганс кьюха гантел”
“Шинел”
“Тарас Бульба”
“Миргород”