Айыл чарба уу химикаттары: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
2-сап: 2-сап:
Уулануунун бир аз эле белгиси байкалса организмге уу химикаттын киришин дароо токтотуп, тез врачка кайрылуу зарыл. Дарыгер келгенче жабыркаган кишини таза абага чыгарып, булганган көзүн, терисин жууп тазалап, кийимин алмаштырып, суу же марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмесин ичирип, кайра кустуруп, карынды уудан тазалоо зарыл. Эгер ууланган киши акыл-эсин жоготуп койсо кустурууга болбойт. Кускандан кийин жарым стакан суу менен 2—3 чоң кашык активдештирилген көмүр берип, андан кийин ич алдыруучу туз (1/2 стакан сууга 20 г магний же натрий сульфатын) ичирүү керек. Дем алуу начарлаганда кебезди нашатырь спиртине салып жыттатуу, эгер такыр дем албай калса дароо жасалма дем алдыруу зарыл.
Уулануунун бир аз эле белгиси байкалса организмге уу химикаттын киришин дароо токтотуп, тез врачка кайрылуу зарыл. Дарыгер келгенче жабыркаган кишини таза абага чыгарып, булганган көзүн, терисин жууп тазалап, кийимин алмаштырып, суу же марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмесин ичирип, кайра кустуруп, карынды уудан тазалоо зарыл. Эгер ууланган киши акыл-эсин жоготуп койсо кустурууга болбойт. Кускандан кийин жарым стакан суу менен 2—3 чоң кашык активдештирилген көмүр берип, андан кийин ич алдыруучу туз (1/2 стакан сууга 20 г магний же натрий сульфатын) ичирүү керек. Дем алуу начарлаганда кебезди нашатырь спиртине салып жыттатуу, эгер такыр дем албай калса дароо жасалма дем алдыруу зарыл.
Тырышуу болгон учурда ууланган кишини тынч жаткыруу талап кылынат. Фосфор органикалык бирикмелерден ууланганда шилекей агып, көздүн кареги кичиреет, дем алуу кыйындайт, булчуңдар тартылат. Жапа чеккен кишиге дарыгер же фельдшер келгиче 3—4 таблетка бесалол берүү керек.
Тырышуу болгон учурда ууланган кишини тынч жаткыруу талап кылынат. Фосфор органикалык бирикмелерден ууланганда шилекей агып, көздүн кареги кичиреет, дем алуу кыйындайт, булчуңдар тартылат. Жапа чеккен кишиге дарыгер же фельдшер келгиче 3—4 таблетка бесалол берүү керек.

==Колдонулган адабияттар==
* Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8
[[Категория:Медицина]]
[[Категория:Ден-соолук]]
[[Категория:Дарыгерлик]]

27 июнь 2012, саат 08:43 учурдагы нуска

АЙЫЛ ЧАРБА УУ ХИМИКАТТАРЫ (пестициддер) — өсүмдүк зыянкечтерин, илдет козгоочу козу карындарды, микроорганизмдерди, отоо чөптөрдү, оору таратуучу мителерди жок кылуучу хим. заттар. Аларды колдонуу эрежелерин бузуу организм үчүн өтө коркунучтуу. Пестициддер атмосфераны, жер кыртышын, сууну булгайт, азык-түлүктүн составына сиңип калат. Киши организмине дем алуу органы, тери жана ичеги-карын жолу аркылуу кирет. Пестициддерди кампада сактоодо, ташууда, чачууга даярдоодо, чачуу убагында жана натыйжасын текшерүүдө, атайы эрежелер одоно бузулганда ууланууга дуушар кылат. Уулануунун клиникалык белгилери пестициддердин түрүнө, организмге киришине жана өлчөмүнө жараша болуп, кээде катуу башталып адамды оор абалга жеткирет; айрым учурда өлүмгө дуушар кылат, аз-аздан кирсе өнөкөт ууланууга алып келет. Пестициддер менен иштегендер атайын каражаттар жана кийим (респиратор, противогаз, чаңдан сактоочу көз айнек, халат, мээлей, бут кийим) менен камсыз болушу керек. Гранозан, меркантофос, тиофос сыяктуулар менен 4 саат, гексахлоран, гепталоран ж. б. менен 6 саат гана иштөө белгиленген. Ар бир жумушчу пестициддер менен иштер алдында жана иштеп жүргөндө мед. текшерүүдөн өтүп турат. Ден-соолугу начарлар, 18ге толо электер, аялдар 50дөн, эркектер 55 жаштан ашканда, боюнда бар жана бала эмизген аялдарга, атайы даярдоодон өтпөгөндөргө, алкоголь ичкиликтерин ичкендерге пестициддер менен иштөөгө тыюу салынат. Уу химикаттарды калк жашаган жерден, мал короолорунан, суудан 200 м алыстыкта атайы курулган же ылайыкталган кампаларда гана сактоо керек. Аларды ташуучу машиналардын кузовдору темир менен капталып, пайдаланылгандан кийин аны тазалап, жууп туруу зарыл. Желдин ылдамдыгы 4 ж/секдан ашса чаңдатуу, чачуу, үрөндү дарылоо жумуштары токтотулат. Бул жумуш эртең мененки же кечки салкында жүргүзүлсө адамга коркунучу азыраак болот. Дарыланган үрөн, урук салынган идиштердин капталына «Ууктурулган!», «Уу!» деген белгиде штамп басылышы талап кылынат. Урук сепкичтерди, машиналарды жумуштан кийин атайын жерде жууп тазалаш керек. Жараксыз болуп калган тараларды өрттөп, күлүн көөмп таштоо талапка ылайык. Металлдан жасалган таралар жууп тазалангандан кийин складга кайтарылып берилүүгө тийиш. Жумушта кийилүүчү атайын кийимди уу химикат сакталган имаратка коюуга же үйгө алып кетүүгө тыюу салынат. Аларды өзүнчө бөлүнгөн таза, кургак үкөктө же бөлмөдө сактоо талап кылынат. Уу химикаттарды айыл чарбасында кеңири колдонуу тамак продуктуларын булгап, аны менен тамактанганда ууланууга дуушар кылат. Алар өсүмдүктүн желүүчү бөлүгүнө да чогулат. Жаныбарларды жана үй канаттууларын эктопаразиттерден тазалоодо, мал булганган тоют жегенде, анын сүтү, эти жана жумурткасы да ууланат. Ошондуктан малды жана канаттууларды, тамакка колдонулуучу жана техникалык өсүмдүктөрдү, дары өсүмдүктөрүн, мөмө, козу карын тере турган токойду, ошондой эле тамак-аш кампаларын, тегирменди, мал сарайды ж. б. уу химикаттар менен иштетүүдө анын мөөнөтүн, керектелүүчү нормасын, агрегаттык абалын жана концентрациясын өтө так эске алуу зарыл. Пестициддер менен айыл чарба эмгекчилери гана эмес бакча өсүмдүктөрүн, огородду, короо-жайларды чычкан, таракан, кантала ж. б. чымын-чиркейлерден арылтууда пестициддерди кароосуз таштап коюу иштеп жаткан кишиге, айлана-чөйрөдөгүлөргө да коркунуч туудурат. Иш жүргүзгөн жайларда ар бир пестициддин түрүнө карата аптечкалар уюштурулуп, иштегендердин бардыгы аны пайдаланууну билүүсү талапка ылайык. Уулануунун бир аз эле белгиси байкалса организмге уу химикаттын киришин дароо токтотуп, тез врачка кайрылуу зарыл. Дарыгер келгенче жабыркаган кишини таза абага чыгарып, булганган көзүн, терисин жууп тазалап, кийимин алмаштырып, суу же марганец кычкыл калийдин мала кызыл эритмесин ичирип, кайра кустуруп, карынды уудан тазалоо зарыл. Эгер ууланган киши акыл-эсин жоготуп койсо кустурууга болбойт. Кускандан кийин жарым стакан суу менен 2—3 чоң кашык активдештирилген көмүр берип, андан кийин ич алдыруучу туз (1/2 стакан сууга 20 г магний же натрий сульфатын) ичирүү керек. Дем алуу начарлаганда кебезди нашатырь спиртине салып жыттатуу, эгер такыр дем албай калса дароо жасалма дем алдыруу зарыл. Тырышуу болгон учурда ууланган кишини тынч жаткыруу талап кылынат. Фосфор органикалык бирикмелерден ууланганда шилекей агып, көздүн кареги кичиреет, дем алуу кыйындайт, булчуңдар тартылат. Жапа чеккен кишиге дарыгер же фельдшер келгиче 3—4 таблетка бесалол берүү керек.

Колдонулган адабияттар

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8