Википедия:Портал:Ислам: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "__NOTOC__ __NOEDITSECTION__ <!-- Сыртқы бөлімдер --> <div style="width:100%;" cellpadding="1" cellspacing="1"> {{Сыртқы бөлімдер |Onglet-1='''По..."
(Айырма жок)

9 июль 2012, саат 10:02 учурдагы нуска

Калып:Сыртқы бөлімдер

Ислам порталы
بوابة الإسلام

Ислам туралы Калып:Мақала саны бар.
оңдоо
 Icône Кіріспе
Ассаламу алейкум
Allâh
Allâh

Ислам (араб. الإسلامмоюн сунуу, (Аллахтын буйруктарына) багынуу) — дүйнө жүзүндөгү эң таасирлүү чоң диндердин бири. VII кылымда Арабиянын Хижаз аймагында пайда болгон жана бул диндин пайгамбары Мухаммед пайгамбар болуп саналат. Исламды тутунгандар «муслимун» деп, жекелик түрдө «муслим» деп аталат, ошондой эле «мусулман» делген варианты да бар.
Учурда алар 1.62 миллиард адамга жетет.

"Ислам" (араб. الإسلام‎) сөзү араб-семит тилиндеги "са-ла-ма" ("тынчтыкты жайылтуу") деген этиштик тамырдан келип чыгат. Исламда да Нух (Ной), Ибрахим пайгамбар (Авраам), Муса (Моисей), Дауд (Давид), Сулайман (Соломон), Иса (Иисус) ж.б. пайгамбарларга берилген аяндарга болгон ишенич бар, ал эми Мухаммед пайгамбар ﷺ алардын жолун уланткан акыркы пайгамбар катары каралат. Бирок мурунку пайгамбарларга түшкөн китептер жана барактар кийин өзгөрүүгө учураган деп эсептелинет.

Мусулмандардын ыйык китеби — бул Куран (араб.: القرآن‎ — окуу). Андан кийинки эле орунда Мухаммед пайгамбардын ﷺ аткарган иш-аракеттери жана айткан насаат сөздөрү тууралуу сахабалардан калган маалыматтар (Хадистер) турат.
Ислам беш түркүктөн турат: ыйман (келиме) келтирүү, намазды тургузуу, зекет берүү, орозо тутуу жана ажылыкка баруу.

толугураак...



оңдоо
 Icône Мыкты макала

Аллах (араб. الله Звук [ʔalˤːɑːh], Алла Таала ) - бардык бүтүндөй нерселердин жаратуучусу жана башкаруучусу, б.а. Кудай, Жараткан десе да болот. Андан башка эч ким мындай сапатка ээ эмес. Аллахтын тең келүүчүсү жок жана бул Анын абсолюттук жалгыз экендигин түшүндүрөт.

..."Аллах" ысмы "Аль" артиклинен жана "Илях" сөзүнөн түзүлүп, "бардыгы ага сыйынган зат", "сыйынууга татыктуу" деген маанини камтыйт. Белгилей кетүүчү нерсе; Аллах сөзүнүн көптүк сандагы формасы жок жана ар дайым жекелик санда гана айтылат. ..."Аллах" (Аль-Илях) сөзү азыркы арабдар менен еврейлердин түпкү теги болгон байыркы семиттерге эле белгилүү болгон.

...Бир жагынан жаратылышка жана жаралуунун маңызына байкоо салуу, башка жагынан болмуштун маңызына ой жүгүртүү байыркы философторго тиешелүү болгон. Буга мисал катары Фалес, Анаксимандр, Анаксимен ж.б. ойчулдарды келтирүүгө болот... ...Ибрахим философиялык кыйын системаларды түзгөн эмес, бирок, антсе да анын ааламдын башсебеби тууралуу суроосуна болгон ыкмасынын жөнөкөйлүгү, аны улуу ойго (идеяга) алып келди. Дал ушул көз карашка, бардык ой жортмолорду жана байыркы философтордун теорияларын ашып өтүп, дүйнөнүн көпчүлүк элдеринин эң кең массасынын энчиси болууга буюрулган эле...

...Кудайдан келген пайгамбарлардын жалпы саны бир топко чейин барат, бирок Куранда 25 гана пайгамбардын аты аталат.

...Аллахтын Өзү жараткан жарытылыштан айырмасы, Анын эч ким тарабанан жаратылган эместигинде. ...Бутпарастык, ырым-жырымдар, жаратылган табигый кубулуштар менен мифтик персонаждардан коркуу жана сыйынуу Аллах кечирбес эң оор күнөөлөр болуп саналат. Бирок адамдын чын ниеттен өкүнүүсү болгон кезде Аллах аны кечирет.

...Мухаммед пайгамбар: «Аллахтын токсон тогуз аты бар. Ким алардын баарын атап чыкса, Бейишке кирет».

(Толугураак окуу)

оңдоо
 Icône Ислам жаңалықтары
оңдоо
 Icône Мақала сапасы

Ислам Ислам *Портал:Ислам