Психология: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
1-сап: 1-сап:
'''Психология''' - (гр. «психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим.
'''Психология''' ([[Грек тили|грек]]. ψυχήб/''псюхе'' — дил жана ''логос'' — илим) - бул [[Адамдар|адамдардын]] жана [[Жаныбарлар|жаныбарлардын]] жашоосунун субъективдүү [[Аспект|аспекттерин]] изилдеген илим; [[Психика|психиканын]] өнүгүшү жана иштөөсүүнүн мыйзам ченемдүүлүктөрү тууралуу илим.<br />

Психологиянын академиялык, [[Клиникалык|клиникалык]] жана колдонмо дисциплиналары өзүн өзү алып баруу, ойлонуу, [[Эмоция|эмоциялар]], [[Мотивация|мотивациялар]], карым катнаш, [[Потенциал|потенциал]] жана [[Патология|патологияларды]] баяндоо, түшүндүрүү жана алдын ала билүү максаттарын коёт.<br />
Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология [[Инсан|инсан]]дын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), [[Онтогенез|онтогенез]]дик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт.
Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот.
Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, [[Медициналык психология|медициналык психология]] , балдар психологиясы, [[Педагогикалык психология|педагогикалык психология]], курак психологиясы, [[Эмгек психологиясы|эмгек психологиясы]], [[Спорт психологиясы|спорт психологиясы]], [[Социалдык психология|социалдык психология]], [[Этнопсихология|этнопсихология]], аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология жана башкалар өсүп чыкты.

Психологияга иш-аракет түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе ([[Выготский, Лев Семенович|Л. С. Выготский]], [[Рубинштейн, С. Л. |С. Л. Рубинштейн]], [[ Леонтьев, А. Н|А. Н. Леонтьев]], [[Ананьев, Б Г|Б. Г. Ананьев]] жана башкалар), ал эми австриялык врач [[Фрейд Зигмунд|З. Фрейд]] психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.

* [[Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы]]
* [[Кыргыздарда психология түшүнүгүнүн жаралышы]]
* [[Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр]]
* [[Кесип тандоого таасир тийгизген көрүнүштөр]]
==Колдонулган адабияттар==

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

== Шилтемелер ==
<references/>


== external links ==
* [http://www.psychoworld.sk/ Psychoworld.sk - human psychology news]
* [http://www.psychoworld.sk/ Psychoworld.sk - human psychology news]
* [http://vocabulary.ru/ Psychological encyclopedia of Russia]
* [http://vocabulary.ru/ Psychological encyclopedia of Russia]
[[Категория: Педагогика]]

[[Категория:Билим берүү]]
[[Category:Илим]]
[[Category:Илим]]
[[Category:Психология]]
[[Category:Психология]]



[[af:Sielkunde]]
[[af:Sielkunde]]

11 июль 2012, саат 10:44 учурдагы нуска

Психология - (гр. «психе»-«жан», «логос»-«илим») – адамдардын, айбанаттардын обьективдүү дүйнөнү активдүү чагылдыруу процессин үйрөнүүчү илим.

Психологиянын башкы изилдөө предмети – психика, аң-сезим. Психология инсандын ички дүйнөсүндө өтүүчү психикалык процесстердин тегин, түзүлүшүн, өсүп - өнүгүшүн, абалын иликтейт.

Психологияда көңүл буруу, туюм, кабылдоо, эс, ойлом, кыялдануу сыяктуу таанып-билүү процесстери изилденет. Психологиянын башкы милдети ушул процесстердин закондорун, маңызын жана табиятын ачуу. Бул закондорду билүү психиканы максатка багыттап өзгөртүүгө, тарбиялоого, анын калыптанышына таасир тийгизүүчү факторлорду башкарууга өбөлгө түзөт.

Психология илими инсанга айрыкча көңүл буруп, аны изилдөөнү дифференциялдык (индивид өзгөчөлүктөрүн изилдөө), онтогенездик (жеке адамдын балалык, тестиер жана өспүрүм курагында калыптанышын изилдөө), адам психологиясы (жеке адамды бүтүндөй, толук бойдон мүнөздөө) боюнча - үч багытта жүргүзөт. Психология – эксперименталдык илим. Ал өзүнүн изилдөөлөрүндө эксперименттен тышкары байкоо, иш-аракеттин туундуларын талдоо, салыштырма генезис методу, психологиялык тесттер (сыноолор), анкета, маек жана башка методикалык ыкмаларды кеңири колдонот. Азыркы психология өз алдынча илим катарында өнүгүп отуруп, бир нече тарамдарга ажырап кетти. Андан зоологиялык психология, медициналык психология , балдар психологиясы, педагогикалык психология, курак психологиясы, эмгек психологиясы, спорт психологиясы, социалдык психология, этнопсихология, аскер психологиясы, инженердик психология, космос психология жана башкалар өсүп чыкты.

Психологияга иш-аракет түшүнүгүнүн кириши менен адам психикасынын өнүгүшүндөгү биологиялык жана социалдык фактордун өз ара катышы жөнүндөгү маселе калетсиз чечилди.

Психология илиминин өнүгүшүнө батыш өлкөлөрүнүн жана орус илимпоздорунун салымы чоң. XIX–XX кылымдарда Россияда психология илими болуп көрбөгөндөй өнүгүүгө жетишсе (Л. С. Выготский, С. Л. Рубинштейн, А. Н. Леонтьев, Б. Г. Ананьев жана башкалар), ал эми австриялык врач З. Фрейд психоанализ теориясын негиздеген, Америкада бихевиоризм, Батыш Европада Гештальт-Психология агымдары пайда болгон.

Колдонулган адабияттар

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,

Шилтемелер


ak:Saekɔlɔgyi