Жугуштуу оорулар: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
37-сап: 37-сап:
[[Категория: Медицина ]]
[[Категория: Медицина ]]
[[Категория: Жугуштуу оорулар]]
[[Категория: Жугуштуу оорулар]]


[[ar:مرض معد]]
[[bg:Инфекциозна болест]]
[[bs:Zarazna bolest]]
[[ca:Malaltia infecciosa]]
[[cs:Infekční onemocnění]]
[[de:Infektionskrankheit]]
[[en:Infectious disease]]
[[eo:Infekta malsano]]
[[es:Enfermedad infecciosa]]
[[eu:Gaixotasun infekzioso]]
[[fi:Tartuntatauti]]
[[fr:Maladie infectieuse]]
[[fy:Ynfeksjesykte]]
[[hak:Chhòn-ngiam-phiang]]
[[he:מחלה זיהומית]]
[[hi:संक्रामक रोग]]
[[hr:Infektivne bolesti]]
[[ht:Maladi kontajye]]
[[id:Penyakit menular]]
[[it:Malattia infettiva]]
[[ja:感染症]]
[[ka:ინფექციური დაავადებები]]
[[kk:Жұқпалы аурулар]]
[[ko:감염병]]
[[lb:Infektiounskrankheet]]
[[lt:Infekcinė liga]]
[[mr:संसर्गजन्य रोग]]
[[my:ကူးစက်တတ်သည့် ရောဂါများ]]
[[ne:सरुवा रोग चिकित्सा]]
[[nl:Infectieziekte]]
[[nn:Infeksjonssjukdom]]
[[no:Infeksjonssykdom]]
[[pl:Choroby zakaźne]]
[[pt:Doença infecciosa]]
[[ro:Boală infecțioasă]]
[[ru:Инфекционные заболевания]]
[[sa:औपसर्गिकव्याधिः]]
[[sh:Infektivne bolesti]]
[[si:බෝවන රෝග]]
[[simple:Infectious disease]]
[[sk:Infekčná choroba]]
[[sl:Nalezljiva bolezen]]
[[sr:Инфективне болести]]
[[sv:Infektionssjukdom]]
[[ta:தொற்றுநோய்]]
[[te:అంటువ్యాధి]]
[[th:โรคติดเชื้อ]]
[[tk:Infeksion keseller]]
[[tr:Bulaşıcı hastalık]]
[[uk:Інфекційні захворювання]]
[[zh:傳染病]]
[[zh-min-nan:Thoân-jiám-pīⁿ]]
[[zh-yue:傳染病]]

20 июль 2012, саат 08:40 учурдагы нуска

Жугуштуу оорулар 1.Оору козгогуч микроорганизмдер (вирус, бактерия, мите козу карындар) пайда кылып, соо кишиге оорулуудан жана бактерия алып жүрүүчүлөрдөн жугуучу оорулар;
2. Жугуштуу оорулардын пайда болуу себептерин, өнүгүү механизмин, белгилерин изилдөөчү жана аларды диагноздоо, дарылоо, алдын алуу ыкмаларын иштеп чыгуучу медициналык дисциплина. Ал бактериология, вирусология, иммунология, эпидемиология жана башка менен тыгыз байланыштуу.

Жугуштуу оорулар ошондой пайда болуу үчүн оору козгогуч (микроорганизмдер), кабыл алгыч (адам, жаныбар) жана оорулуудан соо адамга инфекцияны таратуучу фактор болушу керек. Түрдүү микроорганизмдердин оору пайда кылуу жөндөмдүүлүгү анын вируленттүүлүгүнө, чыгарган уусунун (токсин) күчүнө, организмге кирген өлчөмүнө жараша болот. Кишинин Жугуштуу ооруларга туруктуулугу жашына, чымырлыгына, тамактануусуна, жашоо шартына жана башка байланыштуу. Жугуштуу ооорунун жугушуна, өтүшүнө микроорганизмдин туруктуулугу, кан жоготуу, түрдүү түйшүк, кош бойлуулук жана башка фактор зор мааниге ээ. Чарчоо, витамин, белок жетишсиздиги, туура эмес тамактануу, түрдүү операция, тамак-аштан, дары-дармектен, химиялык заттардан уулануу жана башка организмдин инфекцияга туруктуулугун төмөндөтүп, ооруга шарт түзөт. Мисалы,

Жугуштуу оорулар ошондой жаш балдарда (иммунитетсиз кезде) жана улгайган адамдарда кезигет. Оору козгогуч айлана-чөйрөдө түрдүү жолдор менен тарайт. Мисалы, ичеги-карын жугуштуу оорулары (ич келте, дизентерия жана башка) суу, тамакаш, идиш-аяк жана башка буюмдар;

  • аба аркылуу таралуучу жана ошондой (грипп, кызылча, ифтерия жана башка) адам жөтөлгөндө,
  • чүчкүргөндө;
  • тери жугуштуу оорулары (мите козу карын) оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо;
  • баш келте, кайталанма келте, кене жана чиркей энцефалити кан соргуч курт-кумурскалар (бит, чиркей, машаа) аркылуу таралат.

Кээде организмге 2—3 түрлүү козгогуч жугушу мүмкүн. Мындай убакта ара лашкан инфекция пайда болот же мурунку оорунун үстүнө экинчиси, үчүнчүсү кошулат. Мисалы, кызылчанын үстүнө грипп жукса же түрдүү кокктор кошулса (стафилококк, пневмококк) биринчи оорунун кабылдоосуна алып келет. Айрым учурда туура эмес дарылоодо, антибиотиктин куюу интервалын чаташтырганда организмдеги козгогуч акырындык менен дарыга көнүп, туруктуу боло баштайт. Мындай козгогуч оорунун агымын узартат. Жугуштуу оорулар ошондой жуккандан тартып инфекциялык процесс аяктаганга чейин инкубациялык (жашыруун), белги берүүчү мезгил, белги күчөгөн, кайтуу жана айыгуу мезгилдеринен өтөт. Жугуштуу оорулар көбүнчө капысынан катуу башталат.
Адам чыйрыгып, калтырайт, денеси ысып, баш катуу ооруйт. Алсызданып, дене бою салмактанат, көңүлү айнып, кусат. Оорунун башталышында аны аныктоо кыйын. Кээде оорулуунун денеси анча ысыбайт. Оору кийинки, башкача айтканда күчөгөн мезгилине өткөндө ошол дартка мүнөздүү белгилердин баары ачык көрүнүп, оорунун анык диагнозу аныкталат. Ал эми оорунун аяктоо мезгилине өткөндө белгилери акырындап жоголуп, оорулуунун абалы жакшырат. Андан кийин оорунун айыгуу мезгили башталат. Айыга баштаганда дарттын негизги белгилери жоголот: температура акырындап 1—3 күндүн ичинде же кескин түрдө 1 — 2 саатта төмөндөйт, кадимки абалга келет. Жалпы абалы оңолуп, көңүлү ачыла баштайт.


Айыгуу мезгили түрдүү жугуштуу ооруларда түрдүүчө (оорунун түрүнө, агымына, организмдин өзгөчөлүгүнө жана дарылоонун натыйжалуулугуна жараша) өтөт. Айрым дартта (келте, сарык) бул мезгил бир нече жумага, ал эми кээ биринде 2—3 күн эле созулат. Айыгуу мезгилинде оорулуу адам алсыз болгону менен тамакка табити ачылып өзүн жакшы сезет. Бирок клиникалык жактан айыккандай көрүнгөнү менен организмдеги өзгөрүштөр ордуна келиш үчүн дагы бир топко созулат. Кээ бир учурда ошондой кабылдап кетиши мүмкүн. Адам ооруп айыккандан кийин туруктуу иммунитет (ооруну кабыл албоочулук) пайда болот. Жана ошондой инфекциянын таралуу жолуна, козгогучтун организмде жайгашкан ордуна жараша ичеги-карын, дем алуу жолунун, кан жана тери аркылуу таралуучу оорулар болуп бөлүнөт. Ичегикарын Жугуштуу ооруларында (дизентерия, ич келте, холера, ботулизм жана башка) оору козгогуч оорулуу жана бактерия алып жүрүүчүдөн алардын заңы, кусундусу, заарасы менен сыртка чыгып, булганган тамакаш, суу аркылуу соо адамдын ичеги карынына түшөт. Анда көбөйүп, уу бөлүп чыгарып, тийиштүү ооруга чалдыктырат. Жайында ооруну көбүнчө чымындар таратат.

Дем алуу жолдорунун Жугуштуу ооруларында (грипп, көк жөтөл, паротит, кызылча жана башка) козгогуч дем алуу органдарынын былжыр челинде жайгашып, ал жерде көбөйүп, аны сезгендирип ооруну чакырат. Оорунун козгогучу оорулуу же бактерия алып жүрүүчү сүйлөгөндө, чүчкүргөндө, жөтөлгөндө шилекейдин, какырыктын чачырандылары менен сыртка бөлүнүп абаны булгайт. Кан инфекциясында (баш келте, кайталанма келте, безгек, чума жана башка), тиешелүү ташыгычтар (чиркей, бит, кене жана башка) чакканда козгогуч канга, лимфага өтүп ооруну козгойт. Адамдын кан айлануу системасы туюк болгондуктан организмдеги козгогуч кан соргуч ташыгычтар аркылуу гана таралат. Ошондуктан бул группадагы ооруларды трансмиссивдүү инфекциялар деп атайт.

Тери Жугуштуу ооруларында козгогуч оорулуу менен тыгыз байланышта болгондо теридеги жаралардан, көздүн, ооздун, жыныс органдарынын былжыр чели| нен жугат (мисалы, күйдүргү, кутурма, шарп, трахома, таз, чакалай жана башка). Негизинен Жугуштуу ооруларды атайын жугуштуу оорулардын ооруканасында дарылайт. Айрым учурда врачтын сунушу боюнча үйдө дарыланат. Кээде Ж. ошондой өз убагында ачылбай (табылбай) өтүшүп кетсе, ооруканага кеч жеткирилсе, диагнозу туура эмес же кечигип коюлса, оорулуу тамактануу режимин бузса, туура дарыланбаса жана башка түрдүү кабылдослорго дуушар кылуусу мүмкүн. Оорулууну үйдө кароо үчүн атайын эпидемиол. шарт түзүү керек. Оорулууну жакшылап туура багуу, жеткиликтүү тамактануу, врачтын сунушун так аткаруу оорунун тез сакайышына жардам берет. Жугуштуу оорулардын алдын алууда бизде эмдөө жүргүзүлөт. Өлкөдө Жугуштуу ооруларга каршы чаралардын натыйжасында кээ бир оорулар (кайталанма келте, чума, чечек) такыр жок болду. Алдын алуусун айрым жана ошондой жөнүндөгү макаладан караңыз.

Колдонулган адабияттар

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8