Мителер: нускалардын айырмасы

Википедия дан
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
22-сап: 22-сап:
* [[Биттер]]
* [[Биттер]]
* [[Гельминтоздор]]
* [[Гельминтоздор]]
* [[Инфекция алып жүрүүчүлүк]]
* [[Инфекция алып жүрүүчүлүк]]
* [[Мите оорулары]]

== Колдонулган адабият ==
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8

3 август 2012, саат 06:42 учурдагы нуска

Ичегидеги мителер
Anopheles stephensi ургаачы чиркеи
Төшөк канталасы. Башынын астыңкы жагынан пилтумшугу кетет,аны менен кан иче алат
Буттагы сүлүк. Гематофагия — паразитизмдин кеңири жайылган түрү
Заразиха

Мителер(байыркы грек тилинен παράσιτος — «арам тамактануучу») — ээсинин (башка организмдин) эсебинен тамактануучу, көпчүлүк учурда аларга зыян келтирүүчү организмдер. Мында бири (мите) экинчисин (ээсин) жашоо чөйрөсү, азыгы катары пайдаланат. Мителер ээсинин каны, лимфасы, ткандары жана сиңүүгө даяр тамак-ашы менен азыктанып, ага зыян келтирет, начарлатат, кээде өлүмгө дуушар кылат. Аларга зоомителер (жөнөкөйлөр, гельминттер, курт-кумурскалар жана башкалар), фитомителер (бактериялар, козу карындар, айрым татаал түзүлүштөгү өсүмдүктөр) жана вирустар кирет. Көбүнчө мителер өзү жашаган ээсин ооруга чалдыктырат, кээде оорутпайт. Мындай учурда ээси — мите алып жүрүүчү, оору таратуучу булак болуп калат. Жашаган жерине карата мителер эктомителер жана эндомителерге айырмаланат.

Эктомителер

Эктомителер ээсинин дене сыртында жашайт. Ага бит, чиркей, кенелер кирет. Алар кан, лимфа суюктугу менен азыктанат.

Эндомителер

Эндомителер организмдин ичинде жашап, аны жабыркатат. Мисалы, теринин ичинде котур кенеси жана башкалар; ичегиде бодо малдын тасма курту, аскарида, чүчөк, власоглав курту, жазы тасма курт, ич өткөк амёбасы, лямблия жана башкалар; булчуң ткандарында (трихинелла, бодо малдын, чочконун тасма куртунун финнасы); кан клеткаларында безгек митеси жана башкалар жашайт.
Мителердин арасында туруктуу жана убактылуу мителер болот.

Туруктуу мителер

Туруктуу мителер өзүнүн жашоосун, тамактануусун, жашоо-тиричилигин бир гана организмде (ээсинде) өткөрөт. Ээсиз жашоосу мүмкүн эмес (мисалы, безгек митеси, лямблия, адамдын аскаридасы, котур кене жана башкалар). Убактылуу (күнүмдүк) мителер тамактануу учурунда гана ээси менен жашайт (безгек чиркейи, медициналык сүлүк, бүргө жана башкалар).

Стадиялары

Кээ бир мителердин өөрчүү цикли личинкалык, жыныстык жактан жетилүү стадиясынан турат. Бул учурда өөрчүүнүн бир формасы (личинкалык) бир организмде, ал эми экинчи формасы башка организмде өтөт. Ушуга жараша митенин ээси негизги (акыркы) жана аралык болуп бөлүнөт. Негизги ээсинин организминде жыныстык жактан жетилген жана жыныстык жол менен көбөйүүчү мителер, ал эми аралык ээсинде личинкалык формадагы мителер жашайт. Айрым мителер өөрчүү циклинде 2 — 3 ээсин алмаштырат. Мисалы, безгек митесинин өөрчүүсү адамдын организминде жана безгек чиркейинде; жазы тасма курту — циклопто, балыкта жана сүт эмүүчүлөрдө өтөт.

Каршы күрөшүлөр

Мителерге каршы күрөшүү алар пайда кылган жана тараткан ооруларды жок кылуу жана алдын алууда мааниси чоң.

Мите алып жүрүүчүлүк

Мите алып жүрүүчүлүк — киши, жаныбарлардын организминде табияты түрдүү мителер, оору козгогучтардын болушу. Мында оорунун белгилери көпкө чейин билинбегендиктен жугуштуу оорунун таралышында мааниси чоң. « Мите алып жүрүүчүлүк » термини көбүнчө тар мааниде — мите ооруларын козгогучтарга карата колдонулат. Мите алып жүрүүчүлүк узакка созулуп, көп учурда клиникасы даана байкалган ооруга өтөт. Мите дененин сыртына (эктомителер) жана ички органдар менен ткандарга (эндомителер) жайгашуусу мүмкүн. Эктомителердин (мисалы, биттин) кишинин денесинде болуусу тазалыкты сактабагандыктан келип чыгат. Аларды жөнөкөй көз менен оңой эле байкоого болот. Эндомителерди атайын медициналык мекемелер лабораториялык ыкманын жардамы менен изилдейт. Азыркы медицина организмди мителерден тазалоочу ишенимдүү каражаттарга ээ.

Мите козу карындарга каршы дарылар

Мите козу карындарга каршы дарылар — микозорду дарылоо жана алдын алууда колдонулуучу заттар. Аларга кээ бир антисептикалык каражаттар (йод, фенол), салицил кислотасы, күкүрттүн бирикмелери жана башкалар кирет. Мите козу карындарга кээ бир антибиотиктер да таасир этет.

Байланыштуу макалалар

Колдонулган адабият

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8