Visual Basic

Википедия дан

Microsoft Visual Basic - программалоо тили, ошондой эле, Microsoft тарабынан иштелип чыккан программалык камсыздоонун ылайыкташтырылган чөйрөсү. Visual Basic тили көп диалектиге ээ болгон бабасы - BASIC'тин рухун, таризин жана бир аз синтаксисин энчилеген. Ошол эле учурда, Visual Basic объектиге багытталган жана компонентке багытталган программалоо тилдеринин жол-жоболорун жана элементтерин айкалыштырат. VB'нын ыңгайлаштырылган өнүктүрүү чөйрөсү колдонуучу интерфейсин көрмө проектилөөнүн шаймандарына, IntelliSense мүмкүнчүлүгүнө жана жарыктандырылган синтаксиске, колдонмону оңдоочу шаймандарга ээ.

Visual Basic Microsoft Windows бүлөсүнүн операциондук системдери үчүн маалыматтык базалардын колдонмолорун тез арада (RAD) иштеп чыгууга жакшы каражат болуп саналат. Чөйрө менен кошо тапшырылган көптөгөн курамдык бөлүктөр программистти программаны жүгүртүү кодун жазууга, окуяларга жазылууга жана башка механизмдерге алагды болбостон (буларды VB өзү аткарат) дароо колдонмонун бизнес-логикасын иштеп чыга баштоого ыңгайлаштырылган.

Олуттуу иштеп чыгуучулар Visual Basic'ти 3-версиясы чыккандан кийин биринчи жолу кабыл алышкан. 5-версиясы чыккандан кийин Windows үчүн толук кандуу программалоо каражаты катары биротоло таанылган. Microsoft Visual Studio 6.0'нын курамына кирген VB6 версиясы чындап бышкан жана функционалдык жактан бай продукт болгон.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]