Абазин тили

Википедия дан

Абазин тили - Кавказ (иберий-кавказ) тилдеринин түндүк-батыш (абхаз-адигэ) тобуна кирет. Негизинен ал тилде сүйлөгөндөр (абазиндер) Карачай-Черкес Республикасынын аймагында жашашат. Абазин тили тапант жана ашхар диалектисине бөлүнөт. Абазин адабий тилинин негизин тапант диалектиси түзөт. Жазмасы 1932-33-ж. латын, 1938-ж. орус графикасына которулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1