Аббревиатура

Википедия дан

Аббревиатура (италиялык тилден алганда — кыскартылган сөздөр) жазуу жана оозеки речтеги кыскартылган сөздөр. Анын практикалык мааниси — үнөмдүүлүк. Ал аз болсо да көркөм чыгармаларда кездешет.

1.Сөздөрдүн башкы бөлүктөрүнөн кыскартылган сөздөр. Тийдиби эле, комсомол, Жалпы окууга жардамың? (Ж. Бөкөнбаев)

2.Башкы сөзү кыскартылып, калганы кыскартылбай алынган сөздөр. Отко күйбөс, ок өтпөгөн партбилет, Күнден бийик, баа жетпеген партбилет! (А. Токтомушев)

3.Башкы тыбыштарынан кыскартылган сөздөр. Ааламда күндөн артык даңкка конгон, Ал Чынар — СССР, кең Мекеним! (К. Акаев)

Булак: http://kyrgyzinfo.ru Archived 2021-09-22 at the Wayback Machine