Абдулла ибни Раваха

Википедия дан

Абдулла ибни Раваха (8/629-ж. өлг.) – Мухаммед пайгамбардын эң атактуу сахабаларынын бири. Мадинада төрөлгөн, хазраж уруусунан чыккан.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Исламды кабыл алган жана Акабада экинчи ирет Мухаммед пайгамбарга берилгендик антын (бай’а) берген мадиналыктардын катарында болгон.
Меккелик мусулмандардын Мадинага көчүшүнөн (хижрасынан) кийин, Абдулла ибни Раваха Мухаммед пайгамбардын жакын жүргөн адамы жана катиби (секретары) болгон. Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы жана Хайбардагы салгылаштарга катышкан. Мутадагы салгылашта курман болгон.

Акындык өнөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулла ибни Раваха акындык өнөргө ээ болчу жана Мухаммед пайгамбарды жактоочу ырларды, кээ бир акын-бутпарастардын анын дарегине чыгарган шылдыңдоочу ырларына жооп кылып жазчу. Куранда бул тууралуу эскерме камтылат:

« Акындарды [оң] жолдон адашкандар ээрчийт. Сен көрбөдүңбү, алар бүт өрөөндөрдө тентип жүрүшөт жана өздөрү кылып көрбөгөн нерселер тууралуу тантырашат, алар деген, ишеним көрсөтүшкөн, жакшы иштерди баштаган, Аллахды көпмаал эстеген жана динсиздердин кысымчыларынан сактангандардан башкалар. А кысымчылар жакында билишет, аларды кандай [тагдырий] бурулуш күткөнүн.
»


Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Калып:Сахабалар