Автономия

Википедия дан

Автономия (гр. аvtonomia – көз каранды эместик) – Конституцияда бекитилген мамлекеттин кайсы бир бөлүгүнүн өз алдынча башкаруу боюнча укугу. Иш жүзүндө А. тили, үрп-адаты жана экономикалык турмушунун өзгөчөлүктөрү менен айырмаланган элдердин топтолушуп жашаган аймактарында түзүлөт. А. дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө бар. Алсак: Россия Федерациясынын субъектилери: Калмык Республикасы ж. б.; АКШдагы штаттар; Германиядагы Баварияга окшогон жерлер ж. б. А-нын эки формасы белгилүү – саясий жана административдик. Саясий А. – укугунун көптүгү, өзгөчө Конституциясынын, мамлекеттик бийликтин жогорку уюмдарынын болушу менен мүнөздөлөт. Административдик А. – башкаруу сферасын гана камтыйт, анын укуктарын мамлекеттин борбордук уюмдары аныктайт.


Байланыштуу барактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Саясат Таануу: энциклопедиялык окуу куралы, Башкы ред. Ү.Асанов, Жооптуу ред. А.Акунов, Бишкек 2004. ISBN 9967-14-011-9