Авторитаризм

Википедия дан

Авторитаризм (лат. autoritas – бийлик, таасир) – демократияга каршы бийлик жүргүзүү системасы. Тарыхый формалары: Азиялык тирания жана деспотия. Байыркы, орто кылымдык, жаңы жана соңку тарыхта согуштук-полициялык, фашисттик режимдер, «казармалык коммунизмдин» ар түрдүү варианттары. Авторитаризм – жеке башкаруучунун мыйзамсыз зордукчул, чексиз бийлик укугу.

Саясий бийлик жүргүзүүнүн демократияга каршы системасы; өлкөнүн ички жана тышкы саясатына тиешелүү маселелерди демократияга, эл массасына таянбай чечүүчү саясий режимдин бир формасы. Мындай бийлик эл тарабынан түзүлбөйт жана башкарылбайт (текшерилбейт), куралдуу күчкө, зордук зомбулукка таянган эзүүчү таптардын аз тобунун колунда болот. Авторитардык бийлик аскердик жазалоочу аппаратка таянып, террор жолу менен оппозициялык күчтөрдү басып турат.

20-кылымдын 30-40-жылдарында мурдагы СССР мамлекетинде авторитаризм жеке адамга сыйынуу, булар менен өзөктөш тоталитаризм (бийликтин бүткүл өлкөнү, ар адамды толук, бекем, катуу көзөмөлгө алышы) административдик буйрукчул система өкүм сүргөн. “Авторитаризм”. термини социологияга Франкфурт мектебинин теоретиктери тарабынан киргизилген (20-к. 30-ж.). Алардын концепциясы боюнча А. 20-кылымдагы бардык «фашисттик» жана «фашизоиддик» режимдердин бардыгына социалдык негиз жана азыктануучу чөйрө болду. 60-жылдарда Авторитаризм. түшүнүгү сол радикалдык социологияда жана публицистикада пайдаланылган. 70-жылдардын ортосунан тартып неоконсервативдик багыттагы социалогияда сынга алынат. Азыркы Батыш социологдору, авторитаризмге өзгөчө мамиле кылуу, айрыкча эмпириялык изилдөөлөрдө пайдаланууда сак болуу зарыл дешет. Акыркы жылдарда фашисттик тенденциялар пайда боло баштагандан бери авторитаризм. жана тоталитардык типтеги аң-сезимди айырмалоо жөнүндөгү көз-караштар басымдуулук кылууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8