Ажылык

Википедия дан

Ажылык, хаджж, ал-хаджж (ар. сыйынуу, зыярат кылуу)- мусулмандардын беш парзынын бири - Мекеге зыярат кылуу. Ар бир мусулман баласы өз өмүрүндө бир жолу Мекеге тайынып кетүүсү парз, деп айтылат Куранда. Зыяратчылар зу-л-хижжа айынын 7синде Мекеге келишип, тазалануу каадасын (ихрам) аткарышат. Даарат, ошондой эле чач-тырмакты алышып, андан соң эки ак кездемеден турган атайын кийим (бирин белден ылдый оронот, экинчисин далысына жамынат) кийишет. Эркектер жылаңбаш, аялдары башын чүмкөшүп, бутуна сандали кийишет. Зыяратчы ихрам абалына жеткенден кийин Аллага кайрылып: «мына мен сенин алдыңдамын! Сага теңдеш эч ким жок! Сенин кудуретиңе, ырайымдуулугуңа даңк!» деп, ар бир зыярат кылуучу жайга кирип бара жатканда, сөзсүз айтып турат. Зыяратчылар Кааба ташка сыйынып, кийинки күнү батыштан чыгышка карай созулган анча чоң эмес Мина жана Муздалифа өрөөндөрү аркылуу Арафат өрөөнүнө жол тартышат. Алардын бир бөлүгү зу-л-хижжанын 8инен 9уна караган түндү Мина өрөөнүндө, калгандары Арафатта өткөрүшөт. 9унда түш ченде ажылыктын негизги каадасы - Арафат тоосунун этегинде туруп, күн батканга чейин хутб угушат, сыйынышат. Күн баткан соң, жүгүрүп отуруп Муздалифа өрөөнүнө жетип, мечитте кечки жана түнкү намаз окулат. Эртеси зыяратчылар Минага келишип, ар бири Муздалифадан терип алган жети майда таш менен үч мамынын акыркысын (Мухаммед пайгамбардын жолун тоскон Ибилис деп эсептелген) урушат. Андан кийин ошол эле жердеги соодагерлер жана бедуиндерден сатып алышкан жандыктарды курмандыкка чалуу башталат. Бул күн курман айт деп аталат жана жалпы мусулмандар үчүн улуу майрам катары саналып, бардык жерде белгиленет. Зыяратчылар ажылыктын акыркы каадасы - тавафты (Каабаны айланып сыйынуу) аткаруу үчүн Мекеге жөнөшөт. Зу л-хижжа айынын 11-13үндө Мина өрөөнүндө кайрадан курмандыкка чалуу улантылып, ал жердеги үч мамыны тең ташбараңга алышат. Зыярат кылуу мезгилинде соода кылууга, кан төгүүгө, жыныстык катнаш жасоого, чач, сакал-мурут алууга, парфюмерия пайдаланууга тыюу салынат. Ажылыкка барып, анын бардык расмисин аткарган адамды ажы деп аташып, жашыл селде чалынганга уруксат берилет. Мусулмандардын карым-катнашы жана идеологиялык биримдиктин бир көрүнүшү катары ажылыктын мусулман дүйнөсүндө тарыхый-маданий жана социалдык-саясий мааниси өтө зор. Бүгүнкү күндө да ажылык өзүнүн идеологиялык жана саясий маанисин сактап келүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1