Аккароз

Википедия дан
Acarapis woodi.

Аккароз, акарапидоз - аарынын кене пайда кылуучу ылаңы. Acarapis Woodi Rennie кенеси пайда кылат. Ургаачы кене аарынын кекиртегине жумуртка таштап, 3-4 күндөн кийин андан личинка, 7-8 күндөн кийин чоң кене пайда болуп, кекиртеги бүтөлүп, дем алуусу бузулат. Ылаң биринен экинчисине жугат. Ал көбүнчө жаз, жай айларында пайда болот. Ылаңдуу аарынын канаты жайылып уча албайт. Алар өзүнчө бөлүнүп, карантин коюлат. Фольбек, эфирсульфонат, тедиондун аэрозоль түрүндөгү түтүяү, ошондой эле тез буулануучу уулуу суюктук (нитробензол, метилсалицилат, этилсалицилат) менен дарыланат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1