Альдегиддер

Википедия дан

Альдегиддер [(лат. al (cohol) de hyd (rogenatum) – суутексиз спирт)] – карбонил тобундагы эки бош валенттүүлүктүн бири органикалык радикал, экинчиси суутек атому менен байланышкан бирикмелер. Жалпы формуласы: R-CH=O. А. изомерлери алардын радикалдары түзүлүшүнө жараша болот. 1-үч мүчөсүнүн бирден, 4-мүчөсүнүн-эки, 5-мүчөсүнүн – төрт изомери бар, башкача айтканда мол-да көмүртек саны көбөйгөн сайын алардын изомерлери саны да </nowiki>көбөйөт. А. аттары тривиалдык жана илимий номенклатуралар б-ча аталат. Тривиалдык номенклатура б-ча А. аттары алардын окистенишинен пайда болгон к-талар аттарынан алынат. Мис., кумурска к-тасына кумурска альдегиди (формальдегид), уксус к-тасына уксус альдегиди (ацетальдегид) жана башка туура келет. Илимий номенклатура б-ча алардын аттары чектүү углеводороддор аттарынан алынып, аягына «аль» мүчөсү уланат. Мис., H-CH=O кумурска альдегидди, метаналь (формальдегид); CH3-CH=O уксус альдегиди, этаналь (ацетальдегид); СН3-СН2-СН=О пропион альдегиди, пропаналь жана башка А. хим. реакцияларга эң жөндөмдүү бирикмелер. Аларга кошулуу, орун алмашуу, окистенүү-калыбына келүү жана конденсация реакциялары мүнөздүү. Мис., спирттер менен кошулуп ацеталдар, гидроксил аминдер менен кошулуп оксим, гидразин менен гидразон, биринчилик аминдер менен азометиндер (шифф негиздерин) пайда кылат. Ө. ж-ларда СН2О жана NH3 гексаметилентетраамин (уротропин) алынат. Альдольдук конденсация менен гидроксиальдегиддерди алуу орг. синтезде эң чоң мааниге ээ. А-ди спирттен R-CH2-OH R-CHO; метил тобу бар ароматтык углеводороддон:

С6Н5СН3 С6Н5СНО;

алкендер окистенүүсүнөн:

СН3-СН=СН2  СН2=СН-СНО;

ароматтык углеводородго СО жана НСl менен AlCl3 катышуусунда таасир кылуудан:

С6Н5СН3+СО+НСln-CH3C6H5CHO;

ацетиленден:

kat

СНСН+Н2О  CH3СНО

ж.б. ыкмалар менен алууга болот. А. спирттер, карбон к-таларын, полимерлер, антиоксиданттар, дары-дармектер, жыттуу заттар, синтездик боёктор жана башка алууда колдонулат. А. дем алуу жолдорун, көздү дүүлүктүрөт. Мол. м. кичине болгон өкүлдөрү нерв системасына терс таасирин тийгизет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]