Альтамира үңкүрү

Википедия дан
Зубр (Альтамира үңкүрү).

Альтамира үңкүрү - жогорку палеолит дооруна (б. з. ч. 17-14-миң жылдык) таандык үңкүр. Испаниянын түндүгүндөгү Сантандер шаарына жакын жерде жайгашкан. 1876-79-ж. испан археологу Марселико Санс де Саутуолой ачкан жана изилдеген. Үңкүрдүн боорунда боёк менен тартылган жана ташка чегилген бизондун, аттын ж. б. айбанаттардын сүрөттөрү, ошондой эле таш куралдары табылган. Үңкүрдөгү тартылган сүрөттөрдө айбанаттардын түзүлүшү, кыймыл-аракеттери чебер келтирилип, алгачкы коомдук мадттан маалымат берет. Альтамира - бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесинине киргизилген археологиялык эстеликтердин бири.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]