Анаэробиоз

Википедия дан

Анаэробиоз - организмдин кычкылтексиз чөйрөдө жашоосу. Анаэробиоз - анаэробдордун кадимки жашоо шарты. Алар тиричилик үчүн энергияны органикалык эмес жана органикалык татаал заттарды ажыратуу менен алат. Анаэробдук организмдер аэробдор өнүгө албаган абасыз жердеги органикалык субтратты пайдалана алат (Аэробиоз).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1