Анизотропия

Википедия дан

Анизотропия (грекче 6nisos - барабар эмес жана trypos - багыт) — чөйрөнүн физикалык (механикалык, оптикалык, магниттик, электрдик жана башка) касиеттеринин ар түрдүү багыттар боюнча бирдей эместиги. 1669-жылы ачылган. Бардык кристаллдар анизотропия касиетине ээ. Анизотропия чөйрөнүн ички түзүлүшүнө, кристаллдын структурасына байланышкан. Кристаллдын физикалык касиетинин анизотропиясы алардын симметриясына байланыштуу жана канчалык симметрия тартиби төмөн болсо, анизотропия ошончолук күчтүү болот. Мисалы, жарык куб торчолуу кристаллдан тышкары башка кристаллдар аркылуу өткөндө поляризацияланып, жарык нурунун экиге ажыроосу байкалат. Ар түрдүү багытта поляризация бирдей эмес болот. Гексогонал, тригонал жана тетрагонал симметриялуу кристаллда нурдун экиге ажыроосу симметриянын негизги огуна перпендикуляр багытта абдан жакшы байкалат; торчосу куб болгон жез кристаллынын кырларынын багыты боюнча чойсок, анын үзүлүүгө каршы бышыктыгынын чеги 1,5108 Н/м2; ал эми куб диагоналынын багыты боюнча чою аткарылса бышыктык чек - 3,5108 Н/ м2ка барабар. Анизотропия серпилгичтүүлүк кубулушунда, жылуулук жана электр өткөрүү, катуу нерсенин үн жана жарык таратуусунда, ошондой эле жутуусунда байкалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1