Анри Матисс

Википедия дан
Henri Matisse (1933)

Анри Эмиль Бенуа Матисс (1869, Пикардия, Ле-Като – 1954, Ниццага жакын, Симьез) – француз живописчиси, графиги жана скульптору. Парижде Жюлиана академиясында А. В. Бугродон (1891-жылдан), Жасалга өнөр мектебинде (1893) жана Асем өнөр мектебинде (1895–99) Г. Мородон таалим алган. Неоимпрессионизмден (негизинен П. Синьяк), П. Гогенден, эски араб жана япон сүрөт искусствосунан, байыркы орус иконаларынан таасирленген. 1905–07-ж. фовизмдин лидери. 1915-жылдардан кубизмдин таасиринде жүргөн. М-тин негизги эмгектери: “Бий”, “Музыка” (1910, Ленинград, Эрмитаж), “Сүрөтчүнүн өнөрканасы” (1911, Москва, А. С. Пушкин атындагы сүрөт искусство музейи), “Музыка сабагы” (1916–17, Нью-Йорк, азыркы искусство музейи). М. монументалист катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]