Антихрист

Википедия дан

Антихрист — христиан мифологиясы боюнча «акыр заман» болоор алдында келе турган Иисус Христостун душманы. Библияда («Иоанндын аянында»): Антихрист Кудай тарабынан адамдарды сыноо үчүн жиберилет жана анын келиши согуш, ачарчылык, эпидемия жана башка сыяктуу чоң кыргындарды алып келет. Мунун баары кудайга болгон ишенимдин жоголушу, дин үгүтчүлөрүн куугунтуктоо жана адеп-ахлаксыздыктын таралышы менен коштолот. Бирок анын бийлиги узакка созулбайт, кайрадан кайтып келген Иисус Христос жеңишке жетишет, деп айтылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1