Антрацит

Википедия дан
Антрацит.

Антрацит (грекче anthrakitis - көмүрдүн бир түрү) - жогорку даражада метаморфизмделген гумустуу таш көмүр. Тыгыз, жалтырак, өңү бозомтук кара. Электр тогун жакшы өткөзөт. Күйгөн кезде 8100-8350 ккал/кг жылуулук чыгарат. Курамында 93,5-97% көмүртек бар, андан көп болсо суперантрацит деп аталат. Жаратылышта антpaцит ар кандай калыңдыктагы (40 мге чейин ) катмар түрүндө, девондон тартып юрага чейинки бардык геологиялык мезгилдерде кездешет. Көмүрдүн дүйнөлүк запасынын 3%на жакынын антpaцит түзөт. Aнтpaциттин кени Кыргызстанда Өзгөн бассейининде бар. Aнтpaцит негизинен жогорку сапаттуу энергетикалык отун катары, айрым сорттору домна процесстеринде, чоюн эритүү иштеринде колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1