Апейрон

Википедия дан

Апейрон (грекче apeiron – анык, чексиз, калыпталбаган алгач башаты, башталма) – Милет мектебинин өкүлү Анаксимандрдын пикири боюнча, нерселерди түзүүчү баштапкы субстанция, башкы себеп. Байыркы Грециядагы көпчүлүк натурфилософтор (Диоген, Анаксагор, Мелисс, Самосский ж. б.) Апейронду космологиялык праматериянын атрибуту, космостун (табияттын) башаты – архэси катары карашкан. Платон менен Пифагорчулардын окууларында А. материянын синоними ирээтинде элестетилет. Аристотель өзүнүн «Физика» аттуу эмгегинде Платондун ой корутундусундагы Апейронду чексиздикке, аныксыздыкка, формасыздыкка, агып туруучулукка өтө жакын мазмунга ээ түшүнүк катары, ага «материал, материя» деген маани берген.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (Энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,ISBN 9967-14020-8.