Апологетика

Википедия дан

(грек тилинде арol ogetilos –коргоочу) дегенди түшүндүрөт.
Тарса окуусунун негизги жоболорун ага каршы келген диндердин, ерестердин, философиянын жоболорунан коргоону максат кылган философиялык диний окуу. Өзүнүн манызына туура келбеген көз караштарды сындаган полемикалык илим катары Апологетика биринчиден, ар кандай тарыхый замандарда түрдүү максаттарды жана милдеттерди алдына койгон; экинчиден, каршы маанидеги окуулардан позитивдүү жактарын, ой-жүгүртүү, тил өзгөчөлүктөрүн пайдаланууга мажбур болгон. Апологетика философия менен тарса динин синтездөө аркылуу тарсалык философчулук кылууга, тарса дининин ишеним окууларынын таасирдүү болушуна шарттарды түзгөн. Мындай жагдай Апологетиканын тарса философиянын маанилүү бөлүгү болушун көрсөткөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]