Арамейлер

Википедия дан

Арамейлер – батыш семит тилдеринде сүйлөгөн Алдыңкы Азиядагы байыркы семит эли. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын ортосунда Аравия жарым аралынын түндүк-чыгышын мекендешкен. Болжол менен биздин заманга чейинки 1360-жылы ассириялык-вавилондук жазма булактарды Дильмундун (Бахрейндин) коңшулары катарында эскерилет. 1350-жылдары Арамейлер түндүк-батышка журт которуп, жаңы ээлеген аймактарды эки жамаатты негиздешет. Алардын ахламейлер деп аталган бир бөлүгү Евфраттын ортоңку бөлүгүндө отурукташкан. Биздин заманга чейинки 14-кылымдын экинчи жарымы - 11-кылымдын башында ахламейлер бир нече жолу ассириялыктар менен согушушкан. «Арамейлер» деп аталган экинчи бөлүгү ахламейлердин түштүк бөлүгүнө жайгашып, Сирия, Палестинанын чегине чейин, биздин заманга чейинки 3-кылымдын аягында, египеттик булактарда «Арамейлер өлкөсү» деп аталган Дамаск оазисин жана ага чектеш Түштүк Сириянын аймактарын жердеп калышкан. Биздин заманга чейинки 11-кылымда мында Түштүк Сириялык: Арам-Дамаск, Арам-Цоба, Бет-Рехов жана башка арамей падышалыктары түзүлгөн. Биздин заманга чейинки 11-10-кылымдын чегинде Арамейлер тектеш ахламейлерди ассимиляциялоо менен бүткүл Чыгыш Месопотамияны ээлешкен. Биздин заманга чейинки 10-кылымдын башында Түндүк Сирияда Самаль жана Арпад аталган жаңы арамей падышачылыктары жана Жогорку Месопотамияда арамей бирикмеси түзүлгөн. Биздин заманга чейинки 920-855-жылы ассириялык падышалар Жогорку Месопатамиялык бардык арамейлерди багындырышкан, ал эми 732-жылы Арам-Дамаск падышалыгынын кулашы менен сириялык арамейлер Ассирия державасынын курамына кирген. 7-кылымдагы араб басып алууларынын башталышына чейин арамейлер Алдыңкы Азиядагы маанилүү роль ойногон этностордун бири болуп, арамей тили Жакынкы Чыгыштагы эл аралык жана маданий карым-катнаштардын тили катары пайдаланылган. Азыркы ассириялыктар өзүлөрүнүн түпкү тегин арамейлерден келип чыккан деп эсептешет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]